# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 723
- Кабыл алынган күнү: 18.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93971>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15695/edition/887596/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93971.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-октябрындагы № 723 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө" токтому (29.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93971

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 18-октябры № 723 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык коргоо деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 60.2-пунктчасында:

экинчи абзацындагы "2000 (эки миң)" деген цифралар жана сөздөр "3000 (үч миң)" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзацындагы "1500 (бир миң беш жүз)" деген цифралар жана сөздөр "2500 (эки миң беш жүз)" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацындагы "1000 (бир миң)" деген цифралар жана сөздөр "2000 (эки миң)" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун суммасын алардын жаңы өлчөмүн эске алуу менен кайра эсептөөнү жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулду аларды жогорулатууну эске алуу менен төлөөгө республикалык бюджеттен зарыл финансылык каражаттарды өз убагында бөлүүнү камсыз кылсын.

4. Бул токтом 2012-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
