Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 „Мамлекеттик жөлөк пул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 17-октябры № 722 "2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;
- 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик макулдашууга өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул Мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик макулдашууга өзгөртүү ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Кредиттик макулдашууга өзгөртүүнүн күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгына билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик макулдашууга өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик макулдашууга өзгөртүүнүн (мындан ары - Кредиттик макулдашууга өзгөртүү) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келүүсүнүн маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет.
1. Кредиттик макулдашууга өзгөрүү жалпысынан Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Мыйзамдарынын нормаларына ылайык келет. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин нормаларына карама-каршы келбейт.
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык Кредиттик макулдашууга өзгөртүү кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жана Эл аралык иштер боюнча комитети тарабынан жактырылган. Кредиттик макулдашууга өзгөртүүгө Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары М.К.Байгөнчөков жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нежат Акчал мырза кол койгон.
2. Кредиттик макулдашууга өзгөртүүнү ратификациялоонун мүмкүн болуучу финансылык-экономикалык жана башка кесепеттери жөнүндө маселе боюнча.
Ушул Кредиттик макулдашууга өзгөртүү финансылык-экономикалык жана башка кесепеттерге алып келбейт. Коомдук инфраструктураны жакшыртуу, экономикалык активдүүлүккө жана иш менен камсыз кылууга дем берүү боюнча долбоорлорго багытталган Түркия Республикасынын кредитинин каражаттарын натыйжалуу жана оперативдүү өздөштүрүү максатында, ошондой эле Түркия Республикасынын кредитин транш түрүндө төлөп берүү тууралуу түркия тарап менен жетишилген сүйлөшүүлөргө ылайык жогоруда аталган Кредиттик макулдашууга Өзгөртүү даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Н.Момуналиев
"2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы ортосунда Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик Макулдашууга карата өзгөртүүнү ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы ортосунда Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик Макулдашууга Бишкек шаарында 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган. Түркия Республикасынын коомдук инфраструктураны жакшыртууга, экономикалык активдүүлүктү жана иш менен камсыздоону стимулдоого багытталган кредиттик каражаттарын натыйжалуу жана ыкчам өздөштүрүү максатында, ошондой эле транштар түрүндө Түркия Республикасынын кредитин төлөөгө карата түрк тарап менен жетишилген келишимдерге ылайык, жогоруда аталган Кредиттик Макулдашууга карата өзгөртүүлөр даярдалды. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Финансы министрлиги тарабынан ыкчам тартипте кароого "2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Түркия Республикасынын Өкмөтүн көрсөткөн Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы ортосунда Түркия Республикасынын Өкмөтү тарабынан 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кредиттик Макулдашууга карата өзгөртүүнү ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору киргизилет.
Министр О.Лаврова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 1-ноябрынын № 2440-V "2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 01.11.2012 · № 2440-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2490-V "2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2012 · № 2490-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2489-V "2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2012 · № 2489-V
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О международных договорах Кыргызской РеспубликиЗакон · 21.07.1999 · № 89 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 23.01.2009 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өкүлчүлүк кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Казыналыгынын Катчылыгы өкүлчүлүк кылган Түркия…Закон · 12.07.2012 · № 103