# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 877 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январдагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 877 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январдагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 877
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93962>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15690/edition/411504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 877 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январдагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (31.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93962

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-декабры № 877 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январдагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, ошондой эле адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча коопсуздукту, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январдагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Кооптуу калдыктардын классификаторунда:

- 13-топтогу "курамында полихлорлонгон бензолдор же толуолдор бар изоляциялык термо- жана трансмиссиялык майлар" деген сап "майлар" деген сөздөн кийин ", ошондой эле полихлорлонгон дифенилдер" деген сөздөр менен толукталсын;

- 16-топтогу "курамында полихлорлонгон бензолдор же толуолдор бар трансформаторлор жана конденсаторлор" деген сап "конденсаторлор" деген сөздөн кийин ", ошондой эле полихлорлонгон дифенилдер" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
