# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабры № 87 "2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Токой өнөр жай комплекси жана токой чарба жаатындагы кызматташуу жөнүндө 1998-жылдын 11-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабры № 87 "2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Токой өнөр жай комплекси жана токой чарба жаатындагы кызматташуу жөнүндө 1998-жылдын 11-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 876
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93958>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15689/edition/470805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93958.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-декабры № 87 "2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Токой өнөр жай комплекси жана токой чарба жаатындагы кызматташуу жөнүндө 1998-жылдын 11-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө" токтому (31.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93958

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-декабры № 876 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Токой өнөр жай комплекси жана токой чарба жаатындагы кызматташуу жөнүндө 1998-жылдын 11-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 30-майында Ашхабад шаарында кол коюлган, Токой өнөр жай комплекси жана токой чарба жаатындагы кызматташуу жөнүндө 1998-жылдын 11-сентябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиркелген Протокол бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте билдирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев
