# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрели № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрели № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 236
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.07.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93955>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15686/edition/662350/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93955.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.07.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-апрели № 236 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (09.07.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93955

---

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 476 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 9-апрели № 236 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы № 208 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын жайгаштырууну жана жүгүртүүнү тооруктардын лицензияланган уюштуруучусунун соода аянтына которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Борбордук депозитарий" жабык акционердик коомун деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- аталган токтомдун тиркемесинде:

- 2 жана 7-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;

- "Жооптуу аткаруучулар" деген графасындагы "БД" ЖАК" деген аббревиатура алып салынсын;

- "Жооптуу аткаруучулар" деген графасынын 6-пункту "КРУБ" деген аббревиатура менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
