Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргызстандын Эл аралык университетин өзүн өзү каржылоого которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-июлу № 471 Кыргызстандын Эл аралык университетин өзүн өзү каржылоого которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планына ылайык, кесиптик билим берүү системасын реформалоо, аны жаңы экономикалык шарттарга ылайыкташтыруу, жогорку окуу жайлардын материалдык жана кадрлык потенциалын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдаланууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстандын Эл аралык университети өзүн өзү каржылоого которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2012-2013-окуу жылынан баштап Кыргызстандын Эл аралык университетин 1-курска кабыл алуу үчүн гранттык орундарды бөлүүнү токтотсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргызстандын Эл аралык университетине мурда гранттык негизде кабыл алынган экинчи жана жогорку курстардын студенттеринин окуусун алар окууну бүткөнгө чейин каржылоону улантсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ө. Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын…Постановление · 25.01.2012 · № 55 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.