КР Өкмөтүнүн «2012-2013-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде окугандарды кабыл алуунун багыттарынын, адистиктердин жана көлөмүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-04.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-июлу № 469 2012-2013-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде окугандарды кабыл алуунун багыттарынын, адистиктердин жана көлөмүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-2013-окуу жылына карата мамлекеттик органдар аркылуу каржылануучу 5705 сандагы мамлекеттик билим берүү гранты 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. 2012-2013-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде окугандарды кабыл алуунун багыттарынын, адистиктердин жана көлөмүнүн тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайга өткөн жана мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде кесиптик жогорку билим алган жарандары профилдик министрликтин же ведомствонун бөлүштүрүүсү боюнча үч жыл мөөнөт менен ишке жиберилүүгө тийиштиги белгиленсин.
4. Мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде адистерди даярдоого типтүү келишимдин формасы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- 2012-2013-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттары боюнча жождорго кабыл алуу планын ушул токтомдун 1 жана 2-пункттары менен бекитилген 2012-2013-окуу жылына карата мамлекеттик органдар аркылуу каржылануучу мамлекеттик билим берүү грантынын санына жана 2012-2013-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде окугандарды кабыл алуунун багыттарынын, адистиктердин жана көлөмүнүн тизмесине жараша бекитсин;
- 2012-жылдын 10-октябрына чейинки мөөнөттө республиканын жождоруна мамлекеттик заказды жайгаштыруунун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жыйынды отчет берсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ө. Бабанов
1-тиркеме
2012-2013-окуу жылына карата
мамлекеттик органдар аркылуу каржылануучу
мамлекеттик билим берүү гранттарынын
САНЫ
| № | Министрликтердин аталышы | Саны |
|---|---|---|
| 1 | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги: | 4900 |
| 1.1 | Билим берүү | 1892 |
| 1.2 | Айыл чарба | 400 |
| 1.3 | Курулуш | 280 |
| 1.4 | Компьютердик технологиялар | 260 |
| 1.5 | Кен казуу өнөр жайы | 260 |
| 1.6 | Гуманитардык адистиктер | 265 |
| 1.7 | Технология жана өндүрүш | 230 |
| 1.8 | Энергетика | 245 |
| 1.9 | Башкаруу | 135 |
| 1.10 | Коопсуздук жана жаратылышты жайгаштыруу | 140 |
| 1.11 | Транспорт | 105 |
| 1.12 | Маданият жана искусство | 60 |
| 1.13 | Саламаттык сактоо | 100 |
| 1.14 | Байланыш | 45 |
| 1.15 | Туризм | 40 |
| 2012-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алышкан абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн бөлүнгөн гранттардын саны | 50 | |
| I, II группадагы майып жарандардын, жеңилдиктери жана гарантиялары боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңдештирилген адамдардын, бала кезинен майыптардын, майып балдардын, жетим балдардын жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдардын ичинен окууга кабыл алуу үчүн бөлүнгөн гранттардын саны. | 115 | |
| Чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны | 75 | |
| 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында жабыр тарткандар жана кайрылман статусу бар адамдар үчүн гранттардын саны | 70 | |
| Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны | 133 | |
| 2 | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | 280 |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | 230 |
| 4 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги | 120 |
| 5 | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги | 175 |
| 5705 |
2-тиркеме
2012-2013-окуу жылына мамлекеттик
билим берүү гранттарынын негизинде окугандарды кабыл
алуунун багыттарынын, адистиктердин жана көлөмүнүн
ТИЗМЕСИ
| Тармагы | Коду | Бакалаврларды даярдоо багыттарынын/адистиктердин аталышы | Гранттар- дын саны |
|---|---|---|---|
| Коопсуздук, жаратылышты ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ жайгаштыруу ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 760001 760100 760300 520800 | Өрт коопсуздугу Жаратылышты жайгаштыруу жана суу пайдалануу Техносфералык коопсуздук Жаратылышты пайдалануу жана экология | 20 25 25 70 |
| Бардыгы: | 140 | ||
| Кен казуу өнөр жайы ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 630300 620100 650200 620101 630001 650400 630200 630003 | Кен иштери Геодезия жана аралыктык байкаштыруу Металлургия Колдонмо геодезия Колдонмо геодезия Технологиялык машиналар жана жабдуулар Геологиялык чалгындоонун технологиясы Кен ишиндеги жана нефтигаз өндүрүшүндөгү физикалык процесстер | 65 25 15 15 80 15 30 15 |
| Бардыгы: | 260 | ||
| Гуманитардык багыттар ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 570600 530900 570800 530400 531300 540300 531400 540200 530100 | Китепкана таануу жана документ жүргүзүү Чыгыш таануу, африка таануу Басып чыгаруу иштери Тарых (тарых-архив иши) Маданият таануу Жаштар менен иштөөнү уюштуруу Диндерди таануу Социалдык иштер Философия | 20 15 20 20 10 10 30 120 20 |
| Бардыгы: | 265 | ||
| Саламаттык сактоо ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 560001 560003 560002 560006 | Дарылоо иши Медициналык-профилактикалык иш Педиатрия Мээрман айым иши | 240 30 100 10 |
| Бардыгы: | 380 | ||
| Компьютердик технологиялар ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 710100 590100 590001 710200 710300 510200 710400 690100 | Информатика жана эсептөө техникасы Информациялык коопсуздук Информациялык системалар жана технологиялар Колдонмо информатика Колдонмо математика жана информатика Программалык инженерия Электроника жана наноэлектроника | 75 25 10 25 80 20 25 |
| Бардыгы: | 260 | ||
| Маданият, искусство ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 570014 570009 570025 570022 570010 570024 570013 570008 570021 570006 570011 570012 570004 570015 570018 570026 570029 570016 | Актердук өнөр Вокалдык искусство (вокалдык искусствонун түрлөрү боюнча) Графика Декоративдик-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк Дирижерлук кылуу (аткаруучу коллективдердин түрлөрү боюнча) Живопись Үн режиссура Аспаптык аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча) Интерьер жана жабдуулар Кинооператорлук Композиция Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча) Музыка таануу Режиссура (колдонулуучу багыттары боюнча) Хореографиялык режиссура Скульптура Социалдык-маданий иш Театрдык-декорациялык искусство | 12 8 10 10 4 10 5 52 10 5 4 8 2 10 2 10 55 10 |
| Бардыгы: | 227 | ||
| Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин даярдоо багыттары | 770000 | Аскердик коопсуздук | 120 |
| Кыргыз Республикасынын ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ Ички иштер министрлигинин даярдоо багыттары | 530500 532200 | Юриспруденция Укук коргоо иши | 90 140 |
| Бардыгы: | 230 | ||
| Билим берүү: ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 520200 520400 550100 530400 531100 510100 550700 550800 530300 550400 510400 550200 532000 550300 531000 520100 550600 | Биология География Табигый-илимий билим берүү Тарых Лингвистика Математика Педагогика Кесиптик билим берүү Психология Социалдык-экономикалык билим берүү Физика Физика-математикалык билим берүү Дене тарбия Филологиялык билим берүү Филология Химия Көркөмдүк билим берүү | 15 20 180 20 45 35 250 50 20 102 40 345 195 410 80 20 73 |
| Бардыгы: | 1900 | ||
| Байланыш ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 690600 690300 | Телематика Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары | 25 20 |
| Бардыгы: | 45 | ||
| Айыл чарба ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 610300 610200 720200 610001 620200 610400 730100 | Агроинженерия Агрономия Биотехнология Ветеринария Жерге жайгаштыруу жана кадастрлар Зоотехния Токой чарба жана ландшафттык курулуш | 105 50 45 100 25 25 50 |
| Бардыгы: | 400 | ||
| Курулуш ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 750100 750300 750500 750002 | Архитектура Архитектуралык мурасты реставрациялоо жана реконструкциялоо Курулуш Темир жолдорду, көпүрөлөрдү жана транспорттук тоннелдерди куруу | 25 15 225 15 |
| Бардыгы: | 280 | ||
| Технология жана өндүрүш ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 700300 570700 650100 650300 700500 650500 740200 740100 740700 740600 740300 720200 700100 | Технологиялык процесстерди жана өндүрүштү автоматташтыруу Текстиль жана костюм искусствосу Материал таануу жана материалдардын технологиясы Машина куруу Мехатроника жана робототехника Колдонмо механика Жаныбарлардан алынчу азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү Өсүмдүктөрдөн алынчу азык-түлүктөрдүн технологиясы жана өндүрүшү Жеңил өнөр-жай буюмдарынын технологиясы Полиграфиялык жана таңгактоо өндүрүшүнүн технологиясы Коомдук тамактануу продукциясынын технологиясы жана аны уюштуруу Техникалык системалардагы башкаруу Химиялык технология | 15 40 10 15 15 15 10 35 15 10 15 15 20 |
| Бардыгы: | 230 | ||
| Транспорт ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 670100 750001 670200 | Жер үстүндөгү транспорттук-технологиялык машиналар жана комплекстер Темир жолдун кыймылдуу бөлүгү Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо | 25 15 65 |
| Бардыгы: | 105 | ||
| Туризм | 600100 | Сервис | 40 |
| Башкаруу ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ ├──────┼──────────────────────────────────┼──────────┤ | 580900 580600 580200 700600 | Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу Логистика Менеджмент Стандартташтыруу, сапатты башкаруу жана метрология | 80 15 15 25 |
| Бардыгы: | 135 | ||
| Энергетика | 640100 | Жылуулук энергетикасы жана жылуулук техникасы | 20 |
| 640200 | Электр энергетика жана электр техника | 225 | |
| Бардыгы: | 245 | ||
| Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алышкан абитуриенттерди конкурстан сырткары кабыл алуу үчүн бөлүнгөн гранттардын саны(*) | 50 | ||
| I, II группадагы майып жарандарды, жеңилдиктери жана гарантиялары боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңештирилген адамдарды, бала кезинен майыптарды, майып балдарды, жетим балдарды жана ата-энесинин кароосунан ажыраган балдарды окууга кабыл алуу үчүн бөлүнгөн гранттардын саны.(*) Айылдык жаштардын катарына кирген адамдар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) гранттык орундарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жобонун тиркемесине ылайык аныкталчу квотанын чегинде кабыл алынышат | 115 | ||
| Чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздар үчүн гранттардын саны(*) | 75 | ||
| 2010-жылдагы апрель, май жана июнь окуяларында жабыр тарткандар жана кайрылман статусу бар адамдар үчүн гранттардын саны(*) | 70 | ||
| Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн гранттардын саны(*) | 133 | ||
| Жыйынтыгы: | 5705 |
Эскертүү:
1. Өтүп жаткан жылдагы кабыл алуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен адистиктер/багыттар жана тармактар боюнча гранттардын санын 5-10 проценттин чегинде өзгөртүүгө мүмкүндүк берилет.
(*) Жогоруда аталган категориялар үчүн арналган гранттык орундар толбой калса аларды Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги конкурска катышкан башка абитуриенттердин арасында бөлүштүрүшү мүмкүн.
3-тиркеме
Мамлекеттик билим берүү гранттарынын
негизинде адистерди даярдоого
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
Бул Келишим бир тараптан _________________________________________ ________________________________________________________________ атынан (жогорку окуу жайдын аталышы) Уставдын негизинде иштөөчү анын ректору _______________________________ _________________________________________________________________ менен (аты-жөнү) экинчи тараптан жогорку окуу жайдын (мындан ары - жож) гранттык комиссиясы окууга кабыл алууга белгиленген тартипте сунуш кылган жана ыктыярдуу аракеттенчү ___________________________________________ ортосунда (аты-жөнү) паспортунун сериясы ___________________________________ жашаган дареги: _______________________________________________________________________ (район, калктуу конуш, көчө, үйдүн номери) _________________________________________ багыты/адистиги боюнча окууга тапшырып жатат, төмөнкүлөр жөнүндө түзүлдү.
1. Келишимдин предмети
Жождун гранттык комиссиясы жожго мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде кабыл алууга сунуштаган адамга мамлекеттик билим берүү грантын берүүнүн шарттарын түзүү жана аны окууну аяктагандан кийин бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун өзгөчөлүктөрү.
2. Тараптардын милдеттенмелери
2.1. Жогорку окуу жай буларга милдеттенет:
- гранттык комиссия сунуштаган адамды тандалган багыт ___________ _______________________________________ (адистик) боюнча студенттердин катарына кошууга жана республикалык бюджеттин каражатынан эсебинен окутууга;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген билим берүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- окуган адам кесиптик жогорку билим берүүнүн багыты (адистиги) боюнча окутуучу программаларды өздөштүрүшүнүн жана мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча ага тийиштүү квалификация (академиялык даража) ыйгарууга жана кесиптик жогорку билим жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү диплом берүүгө;
- бүтүрөөрүнө 4 ай калганда бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу үчүн бош орундар жөнүндө маалыматтарды берүүгө;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин атынан жаш адистерди бөлүштүрүүгө жана ишке тийишүү жолдомо берүүгө.
2.2. Гранттык комиссия жожго алууга сунуштаган адам төмөнкүлөргө милдеттенет:
- жождун Уставынын талаптарын жана ички тартиптин эрежелерин аткарууга;
- кесипке окутуучу программаны толук көлөмдө өздөштүрүүгө;
- башка багыт (адистик) боюнча окууга которулбоого;
- жождогу окуусун бүтөөрдөн 3 ай мурда иш берүүчү менен тийиштүү контрактка кол коюуга жана жаш адистерди бөлүштүрүү жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комиссиянын жолдомосу боюнча үч жыл бою иштеп берүүгө;
- мамлекеттик комиссиянын жолдомосу боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда жожго аны даярдоого кеткен чыгымдарын мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө төлөп берүүгө;
- ушул келишимди түзүүнүн шарттарына тиешелүү абал өзгөргөн учурда мыйзамга ылайык чара көрүшү үчүн жождун жетекчилигине бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен жазуу жүзүндө билдирүүгө;
- бул келишим студенттин демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда аны даярдоого кеткен чыгымдарды ал окуудан баш тарткан күнгө карата төлөп берүүгө.
3. Өзгөчө шарттар
3.1. Жаш адистерди бөлүштүрүү жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комиссиянын жолдомосу боюнча иштөөдөн баш тартканга байланыштуу адисти даярдоого кеткен чыгымды төлөөдөн бошотулчулар:
- медициналык-социалдык экспертизанын корутундусу боюнча келечектеги кесип боюнча иштөө медициналык жактан ылайык болбогон адамдар, анын ичинде республиканын конкреттүү аймактарында иштөөгө байланыштуулар;
- ата-энесинин бирөө же жубайы биринчи же экинчи топтогу майып болсо, жана эгер иш ушул аталган майып туугандары туруктуу жашаган жерден бөлөк жактан берилип жатса;
- офицердик жана жетекчи курамдагы аскер кызматчылардын, прапорщиктердин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин органдарында жана аларга теңештирилген башка кызматтарда контракт боюнча иштеген башка аскер кызматчылардын аялдары (күйөөлөрү), эгер иш күйөөсү (аялы) иштегенден башка жерден берилсе;
- окуу жайды бүтүп жаткан мезгилде кош бойлуу жана 1 жашка чейинки баласы бар аялдар, эгер иш бүтүрүүчүнүн үй-бүлөсү туруктуу жашагандан башка жерден берилип жатса;
- жетим балдар (тоголок) жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
- радиациялык авариялардан жана башка кырсыктардан жабыркаган балдар.
3.2. Бул келишим кыргыз же орус тилиндеги үч нускада түзүлдү, бардык нускалары бирдей юридикалык күчкө ээ.
3.3. Келишим ага кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет, студент окуган бүткүл мөөнөт бою жарактуу болот жана Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдашуусу боюнча гана өзгөртүлүшү мүмкүн.
3.4. Тараптардын ортосунда болгон талаш жагдайлар мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.
Жождун ректору _________________________________ (аты-жөнү, колу).
Окууга алуу сунушталган адам же анын мыйзамдуу өкүлү ___________ _____________________________________________________ (аты-жөнү, колу).
Эскертүү: келишимдин формасы болжолдуу жана тараптардын макулдашуусу боюнча кошумча пункттар жана бөлүмдөр менен толукталышы мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 555 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 08.08.2012 · № 555 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон