# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт тармагындагы ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт тармагындагы ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 466
- Кабыл алынган күнү: 04.07.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93944>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15678/edition/1143956/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93944.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт тармагындагы ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтому (03.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93944

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 4-июлу № 466 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт тармагындагы ишин оптималдаштыруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жана суу транспортунун иштерин жөнгө салуучу ведомстволук бөлүктөрүнүн башкарууну оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 41-главасынын 2-пункту "тийиштүү ведомстволук бөлүктөр" деген сөздөр менен толукталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;

- өзгөртүп уюштурууга байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча комиссия түзсүн;

- өткөрүп берүү актысын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик транспорт инспекциясынын маселелери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу департаментинин маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-сентябрындагы № 498 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин "Кыргызинтранс" эл аралык автомобилдик ташуу башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-майындагы № 204 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

Ө. Бабанов
