Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Басма иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-06-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-июну № 352 "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Биринчи вице-премьер-министри
А. Карашев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2011-жылдын 28-октябры, № 91) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 13-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"13-берене. Милдеттүү нускалар
Басылмалардын бардык түрүнүн милдеттүү нускаларын берүүнүн тартиби жана саны документтердин милдеттүү нускаларын түзүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.". 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын "Басма иштери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү
киргизүү тууралуу" Мыйзам долборуна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын "Басма иштери жөнүндө" Мыйзамынын кабыл алынышы башка укуктук ченемдик актыларды ага ылайык келтирүү зарылдыгы келип чыккан. Ушул себептен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Басылмалардын акысыз жана акылуу милдеттүү нускалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө, ал Кыргыз Республикасынын "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Мыйзамына карама-каршы келээри маалым болгон. Мындан сырткары "Басма иштери жөнүндө" Мыйзамына ылайык милдеттүү акысыз үч нусканын каралышы, "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Мыйзамында көрсөтүлгөн милдеттүү акысыз нусканын санын азайтат. Ал эми белгилей кетүүчү нерсе милдеттүү нуска системасы улуттук маалыматтык китеп фондун комплекттөөнүн негизги ресурстук базасы болуп саналат. Милдеттүү акысыз үч нусканын болушу Кыргыз Республикасынын "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Мыйзамында көрсөтүлгөн максат жана милдеттерин толугу менен аткарууга мүмкүн эместигин көрсөтүүдө. Жогоруда айтылгандардын жана карама-каршылыктарды жоюу максатында "Кыргыз Республикасынын "Басма иштери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбору иштелип чыккан. Аталган мыйзам долбоорунун 13-беренесинде милдеттүү акысыз үч нусканын болушу деген норманы "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирилген. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин экспертизасынан өтүп, анда бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экендиги тууралуу корутунду берилген. Ошондой эле белгилей кетүүчү нерсе киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор кошумча акча каражатын талап кылбайт. Коомдук талкуудан өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын "Басма иштери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн www.gov.kg расмий сайтына 2012-жыддын 23-апрелинде "Мыйзам долбоорлору" бөлүмүнө жайгаштырылган. "Кыргыз Республикасынын "Басма иштери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзам долбооруна сунуш жана пикирлер түшкөн эмес.
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министри
И. Жунусов
Кыргыз Республикасынын "Басма иштери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү
киргизүү тууралуу" Мыйзам долборуна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын "Басма иштери жөнүндө" Мыйзамы 25-октябрь 2011-жыл № 184 | Киргизилген өзгөртүү | Кыргыз Республикасынын "Басма иштери жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзам долбору |
|---|---|---|
| 13-берене. Милдеттүү нускалар 1. Полиграфиялык ишканалар тарабынан чыгарылган басма сөздүн мамлекеттик архивин түзүү, эсебин жана статистикасын алуу, басылмаларды библиографиялык сыпаттоо максатында жана басып чыгаруучунун тапшырмасы боюнча жана анын эсебинен басма сөз продукцияларын тираждоо көбөйтүүчү техникасы бар участкаларда чыгарылган тираждын биринчи партиясы чыккан күнү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасына басылмалардын бардык түрүнөн акысыз милдеттүү нускалары (үч нускада жөнөтүлүүгө жаткан) жөнөтүлөт, ошондой эле маданият жана маалымат боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тизмеге ылайык, кызыкдар мекемелерге жана уюмдарга арналган акы төлөнүүчү милдеттүү нускалар тираж басылып чыкканга чейин макулдашылган санда жөнөтүлөт. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзамдардын негизинде милдеттүү нускалар жөнөтүлүүчү мекемелердин тизмегин белгилейт. 3. Китептер, брошюралар, альманахтар, альбомдор, окуу китептери жана окуу куралдары, географиялык атластар, стандарттардын жыйнактары, катар номуру менен чыгуучу мезгилдүү эмес басылмалар, илимий эмгектер, илимий жазмалар жөнөтүлүүгө жатат. 4. Мезгилдүү басылмалар, буклеттер, открыткалар, карталар жана пландар, плакаттар, портреттер, көрсөтмө окуу куралдары, календарлар, афишалар, этикеткалар жана барак түрүндөгү башка басылмалар, кызмат документтери жана акысыз нускасы жеткирилүүчү басылмалардын тизмесинен чыгарылган басылмалар жөнөтүлүүгө жатпайт. | 13-берене төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "Басылмалардын бардык түрүнүн милдеттүү нускаларын берүүнүн тартиби жана саны документтердин милдеттүү нускалары түзүү тармагындагы мыйзамдар менен жөнгө салынат." | 13-берене. Милдеттүү нускалар Басылмалардын бардык түрүнүн милдеттүү нускаларын берүүнүн тартиби жана саны документтердин милдеттүү нускалары түзүү тармагындагы мыйзамдар менен жөнгө салынат." |
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министри
И. Жунусов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-сентябрындагы №2302-V "Басма иши жɵнүндɵ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 27.09.2012 · № 2302-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 15-ноябрындагы № 2488-V "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 15.11.2012 · № 2488-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 19-январындагы №2702-V "Басма иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл…Постановление · 19.01.2013 · № 2702-V
Шилтеме берет (4)
- Об обязательном экземпляре документовЗакон · 22.11.1997 · № 83
- Басма иши жөнүндөЗакон · 25.10.2011 · № 184
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 7 декабря 1998 года N 804 " Об обязательных бесплатных и платных экземплярах изданий"Постановление · 07.12.1998 · № 804