# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынаТолуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынаТолуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 332
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93856>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15651/edition/1158443/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93856.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 332 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынаТолуктоолор киргизүү жөнүндө" токтому (28.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93856

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-майы № 332 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Толуктоолор киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору кайра сурап алынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 200 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

6. Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынынайрым мыйзам актыларына

Толуктоолор киргизүү жөнүндө

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы 2008-ж, № 8, 922-б) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 319-берененин 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы в) пункту менен толукталсын: "в) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн - 5,0 пайыз өлчөмүндө;".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 6-берене төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын: "6. Уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн - 5,0 пайыз өлчөмүндө сатуудан салык белгиленсин.".

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

4-берене.

Бул Мыйзам 2012-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду

киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМАТ

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасын ишке ашыруу боюнча 100 күндүк Иш чаралардын планынын алкагында жүргүзүлүп жаткан фискалдык саясатты өркүндөтүү максатында иштелип чыкты. Долбоор байланыш чөйрөсүнүн субъекттери үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкасын жогорулатууну карайт, анткени иштин бул түрү жогорку кирешелүү болуп саналат. Мындан тышкары, 2012-жылдын 19-мартында уюлдук операторлор үчүн пайдадан ашыкча кирешеден салык алууну киргизүү мүмкүндүгүнүн маселеси боюнча Мамлекеттик бюджетке келип түшүүлөрдүн кошумча булактары тууралуу маселени талкуулоонун жүрүшүндө, "уюлчулар" алар үчүн салык жүгүн жогорулатуунун эң эле оптималдуу варианты - бул сатуудан алынуучу салыктын ставкасын жогорулатуу деген жыйынтыкка келишти. Ошол эл учурда сатуудан алынуучу салыктын ставкасын 2% дан 5% га чейин жогорулаткан учурда уюлдук операторлордун ортосундагы атаандаштык өз клиенттерине кызыкдар болгон айрым операторлорго байланыш кызматынын наркын жогорулатууга (көрсөтүлгөн кызматтарга бааларды жогорулатуу тууралуу уюлдук операторлордун ортосунда картелдик макулдашып алуу кабыл алынган учурда, мамлекеттин аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча рычагдары бар) мүмкүндүк бербей тургандыгы билдирилген. Ошондой эле мобилдик интернетти колдонуучулардын саны, ошондой эле маалыматтарды мобилдик берүүдөн түшкөн киреше өткөн жылдарга салыштырганда жылдан-жылга өтө жогору темп менен өсүүдө жана жылына кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн көптөгөн миллиарддаган кирешеси бар уюлдук операторлор үчүн жылына 536,6 млн сом суммасында сатуудан алынуучу салыктын жүгүн жалпы жогорулатуу оор жүк болуп саналбайт. Бул мыйзам долбоорун колдонуу социалдык, экономикалык, укук коргоо, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, бул экспертизанын атайын түрлөрүн жүргүзүү милдеттүү эместигин билдирет. Коомдук талкуулоону камсыз кылуу жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу үчүн бул мыйзам долбоору Министрликтин расмий сайтында (www.mert.kg) жайгаштырылган, Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин сайтында жайгаштырылган күндөн тартып коомдук талкуунун алкагында долбоорго киргизүү үчүн сын-пикирлер жана сунуштар келип түшкөн жок. Жогоруда белгиленгендердин негизинде "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору киргизилет.

Министр

Т.Сариев

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду

киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

|  | Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин колдонуудагы редакциясы | Кыргыз Республикасынын Салык кодексин сунушталган редакциясы |
| --- | --- | --- |
|  | 319-берене. Салыктын ставкасы Сатуудан салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет: 1) КНС салынуучу жана КНС бошотулуучу товарларды, иштерди кызматтарды сатууда: а) соодалык иш үчүн - 1,5 пайыз өлчөмдө; б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган ишмердик үчүн - 2,5 пайыз өлчөмүндө; 2) ушул берененин 1-пунктунда каралбаган товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатууда: в) жок | 319-берене. Салыктын ставкасы Сатуудан салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет: 1) КНС салынуучу жана КНС бошотулуучу товарларды, иштерди кызматтарды сатууда: а) соодалык иш үчүн - 1,5 пайыз өлчөмдө; б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган ишмердик үчүн - 2,5 пайыз өлчөмүндө; 2) ушул берененин 1-пунктунда каралбаган товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатууда: В) УЮЛДУК БАЙЛАНЫШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ ҮЧҮН 5,0 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ. |
|  | "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына колдонуудагы редакциясы | "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган редакциясы |
|  | 6-берене. 6. жок | 6-берене. "6. УЮЛДУК БАЙЛАНЫШ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ ИШ ҮЧҮН - 5,0 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ САТУУДАН САЛЫК БЕЛГИЛЕНСИН. |
