Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасында электр энергетикасын өнүктүрүүнүн 2012-2017-жылдарга карата орто мөөнөттүк стратегиясы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 июня 2018 года № 291 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-20.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-майы № 330 Кыргыз Республикасында электр энергетикасын өнүктүрүүнүн 2012-2017-жылдарга карата орто мөөнөттүк стратегиясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында электр энергетикасын өнүктүрүүнүн 2012-2017-жылдарга карата орто мөөнөттүк стратегиясы (мындан ары Стратегия), 1-тиркемеге ылайык;
- Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги:
- Стратегияны ишке ашыруу боюнча чара көрсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгында, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Стратегияны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берсин;
- Стратегияны ишке ашырууга жыл сайынкы мониторингдин жыйынтыгы боюнча, зарыл болсо Стратегияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 13-июлунда № 61 жарыяланды
Премьер-министр
Ө.Бабанов
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 330 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында электр энергетикасын өнүктүрүүнүн 2012-2017-жылдарга карата
ОРТО МӨӨНӨТТҮК СТРАТЕГИЯСЫ
I. Киришүү
II. Азыркы абалга анализ жүргүзүү III. Электр энергетикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегиясынын максаты, милдети, жана кандай болуш керектиги IV. Максаттарга жетүү стратегиясы
V. Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар
I. Киришүү
Кыргыз Республикасы жетишээрлик деңгээлдеги отун-энергетикалык запаска ээ. Бирок, отун-энергетикалык комплекстин (мындан ары - ОЭК) потенциалдуу мүмкүнчүлүгү жетишээрлик эмес өлчөмдө пайдаланылбай жана тармак айрым финансылык-экономикалык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Жалпы энергия керектөөдөн 50%га жакын үлүштү түзгөн энергия булактарынын импорттоосунан республиканын көз карандылыгы 50%ке жакын болгондуктан бул ОЭКтин абалына жана экономиканын башка тармактарына терс таасирин тийгизүүдө. Стратегия Кыргыз Республикасынын өлкөдө ТЭК ишин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана инновациялык технологияларды жайылтуунун, иштин натыйжасын орчундуу арттыруунун негизинде керектөөчүлөрдү энергия менен ишенимдүү жана толук камсыздоону көздөйт. 2012-2017-жылдарга карата Стратегияны максаттык багыттары төмөндөгүлөрдү карайт:
- рынок мамилелери түзүлгөн шартта ОЭК субъекттеринин, мамлекеттин жана керектөөчүлөрдүн өз ара мамилелеринин системасын түзүүнү;
- өлкөнүн экономикасын туруктуу өнүгүү жана коомдун социалдык туруктуулук жолуна алып чыгуу үчүн өбөлгөлөрдү түзүүдө энергетиканын ролун жана ордун аныктоону.
Стратегиянын башкы максаттарын ишке ашыруу мамлекеттик бийлик органдарынын, финансы жана чарбалык түзүмдөрдүн өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө таасир берүүчү макроэкономикалык жана геосаясий факторлордун жыйындысын, долбоорлорду ишке ашыруудан улам мүмкүн болуучу терс таасирлерди, өлкөнүн илимий-техникалык жана ресурстук мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, экономиканын бардык тармактарынын биргелешип иштөөсүндө ишке ашырылышы керек. Стратегиянын максаттарына жетүү жана артыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн башкы каражат болуп ченемдик укуктук базаны жакшыртуунун негизинде цивилизациялуу энергетикалык рынокту жана экономикалык мамилелерди түзүү эсептелет. Бул Стратегия электр энергетика секторундагы жаңы генерациялачу жана өткөрүүчү объекттерге олуттуу инвестицияларды талап кылган негизги стратегиялык көйгөйлөрдү чечүүнү жана артыкчылыктарды аныктоо менен негизги максаттарды жана милдеттерди чагылдырат. Бул көйгөйлөрдү чечүү, коррупцияны четке каккан жана акча каражаттарынын агымын жакшырта турган иштиктүү практиканы жана технологияларды, заманбап башкаруу системасын киргизүүнү талап кылат.
II. Азыркы абалга анализ жүргүзүү
1. Өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынын электр энергетикалык ишканалары иштин түрү боюнча бөлүнгөн. Электр энергиясын өндүрүү, негизинен ири компания "Электр станциялары" ачык акционердик коому тарабынан ишке ашырылат. Жогорку вольттуу тармактар боюнча электр энергия берүү "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому (мындан ары "Кыргызстандын УЭТ" ААК) тарабынан ишке ашырылат. 35 кВ жана акыркы керектөөчүгө чейинки төмөнкү тармактар боюнча электр энергияны бөлүштүрүү ишин региондук төрт электр бөлүштүрүүчү компаниялар аткарышат. Компаниялардын бардыгы тең монополисттер. Электр станциялардын жалпы кубаттуулугу 3786 МВт түзөт, анын ичинде жалпы кубаттуулугу 3071 МВт менен 18 ГЭС жана жалпы кубаттуулугу 716 МВт менен 2 ТЭЦ. Компанияларга берилүүчү мүлк комплексине 110-500 кВ 6642 км жогорку вольттуу электр берүү линиясы, 35 кВ - 4613 км жогорку вольттуу электр берүү линиясы, 110-500 кВ - 190 жогорку вольттуу подстанциялар, 35 кВ жогорку вольттуу 334 подстанциялар кирет. Бөлүштүрүүчү төрт компаниянын негизги мүлкүнө 0,4-6-10 кВ - 50700 км бөлүштүрүүчү тармактар, 6-10/0,4 кВ - 23689 даана подстанциялар кирет. Электр энергетикасында негизги каражаттардын (фонддордун) эскирүү коэффициенти 2010-жылы 35,7% түзгөн. Кыргыз Республикасында электр энергиясын өндүрүүнүн жалпы көлөмү 2011-жылы 14957,2 млн. кВт/саатты түзгөн, анын ичинен жеке ички керектөө өндүрүлгөн электр энергиясынан 87%ды түзгөн. Электр энергиясын керектөө түзүмүндө, 2008-2010-жылдары үлүшү орточо 70%ды түзгөн калк басымдуулук кылууда. Электр энергиясынын калган бөлүгү Казакстан Республикасына, Кытай Эл Республикасына, Тажикстан жана Өзбекстан Республикаларына экспорттолот. Электр энергиясын экспорттоо 2011-жылы 2797 млн. кВт. саатты түзгөн. Жетишилген макулдашууларга ылайык, 2011-жылы Казакстан Республикасына экспорттоо 2,3 млрд. кВт. саатты, Өзбекстан Республикасына - 340 млн. кВт. саатты түзгөн. 2011-жылы электр энергиясынын жалпы коромжулугу 2281,2 млн. кВт. саатты же ички тармакка түшүүдөн 22,3%ды түзгөн. Дайыма жана ырааттуу мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында коромжулар акырындап азайган: 2008-жылы - 31,6%, 2009-жылы - 25,4%, 2010-жылы - 26,7%. Электр энергиясын жоготуунун негизги себептери: тармакка күч келтирүү, эсептөө приборлорунун жоктугу же туура эмес иштеши, электр энергиясын керектөөчүлөрдү толук эмес каттоо, электр энергиясын уурдоо ж.б.у.с. Акыркы жылдары электр энергетика компанияларында авария болгон жана жабдуулар иштебей калган учурлар көбөйдү. 2011-жылы авариялардын жалпы саны 125 учурду түзгөн. Бузулуулардын көпчүлүк бөлүгү энергетикалык жабдууларды пайдаланууда өтө күч келгендигине жана абдан эскилиги жеткендигине байланыштуу. Жабдуулардын ишинде үзгүлтүккө учуроонун абдан көп саны бөлүштүрүү компанияларына туура келет - 13079 учур. Электр энергетика ишканаларынын финансылык абалы оор. Баланстык киреше (чыгаша) көрсөткүчү 2010-жылы 3660,1 млн. сомду түзгөн. Бирок мурдагы 3 жылы энергетиктер чыгашага учураган. Мындай абалдын негизги себеби ишканалардын чыгымынын өсүшүндө. Энергетикалык сектордогу ишканалардын финансылык ресурстарынын кыскарышы, алардын туруктуу иштөө, өндүрүштү өнүктүрүү жана негизги фонддорду заманбап модернизациялоо үчүн ресурстарды түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүн азайтууда. Акыркы жылдары төлөмдөрдү, анын ичинен калктан чогултуу көбөйүүдө. Товардык продукциядан төлөмдөрдү чогултуу көрсөткүчү 2008-жылы - 89,5% (калк боюнча - 82,1%), 2009-жылы - 95,1% (калк боюнча - 89,7%), 2010-жылы - 91,3% (калк боюнча - 86,0%) 2011-жылы - 94,2%ды (калк боюнча - 92,5%) түзгөн. Көрсөткүчтөрдү жакшыртууга ишканалардын ишин мамлекеттик жөнгө салууну күчөтүүнүн, бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан башкарууну жакшыртуунун, контролерлордун материалдык кызыгуусун жогорулатуунун эсебинен жетишилди. 2009-2011-жылдар мезгилинде курулган ири энергетикалык объектилер: 110 кВ жогорку вольттуу "Айгүлташ-Самат" линиясы, 110 кВ "Самат" подстанциясынын курулушу жана Камбарата ГЭС-2 биринчи гидроагрегатынын курулушу болду. "Кыргызстандын түштүгүнө электр берүү линияларын модернизациялоо" долбоорунун курулушун аяктоо келечекте республиканын түштүгүндө энергетикалык коопсуздукту камсыздоого мүмкүндүк берет. Учурда төмөндөгү долбоорлор иштелип жатат: 500 кВ "Датка-Кемин" электр берүү линиясын жана 500 кВ "Кемин" ПС, "CASA - 1000", "Кемин-Алматы" линияларынын курулушу жана "Камбарата ГЭС-1" электр берүү линиясынын курулушу, кубаттуулугу 120 МВт "Камбарата ГЭС-2" экинчи агрегатын пайдаланууга киргизүү, Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер, 4 кичи ГЭСти куруу, Кара-Кече ТЭСинин курулушу жана энергетика тармагындагы башка долбоорлор.
2. Тармактын түзүмү жана аны жөнгө салуу
Электр энергетикасы ишканаларындагы ар бири 80%дан ашыкты түзгөн мамлекеттик акциялардын пакети, башкаруу милдетин жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддун карамагында турат. Энергия компанияларынын башка ири акционери болуп Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду эсептелет. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги стратегиялык жактан пландоо, баалоо жана болжолдоо боюнча милдеттерди, ошондой эле өнүгүү Стратегиясын ишке ашырууга контролду ишке ашырат. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин курамында Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департамент бар, анын иш милдетине: энергия ресурстарды өндүрүүчүлөр жана керектөөчүлөрдүн балансын камсыздоо, энергетика секторунда иштөө укугуна лицензияларды берүү, энергия булактарына тарифтерди коюу, энергетика секторундагы субъекттердин талаш-тартыштарын сотко чейинки кароо кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы N 87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтому менен, 2012-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментти Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин курамына берүү тапшырылды.
3. Мамлекеттик демилгелер
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү электр энергетикалык компаниялардын ишин жакшыртуу боюнча бир катар чараларды көрдү. Бардык энергетикалык компаниялар менен 2011-жылга карата (жоготуунун мүмкүн болуучу деңгээли, берилген электр энергиясы үчүн акча каражаттарын жыйноо боюнча план, ай сайын дебитордук карызды төмөндөтүү ж.б.) ченемдер белгиленген иш жөнүндө макулдашууларга кол коюлган. Макулдашуунун алкагында электр энергиясын экспорттоодон алынган жана жылуулук мезгилинин өтүүсү үчүн отун сатып алууга аларды чыгымдоодо топтолгон каражаттар үчүн "Электр станциялары" ачык акционердик коомунда максаттуу депозиттик эсеп ачылган. Мындай депозиттик эсеп, жыштыкты жана кубаттуулукту жөнгө салууга карата алынган акча каражаттарын ачык көрсөтүү үчүн "Кыргызстан УЭТ" ААКда да ачылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы N 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" Жарлыгы менен Байкоочу кеңеш түзүлгөн. Байкоочу кеңештин курамы, милдети жана иш милдеттери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы N 77 токтому менен бекитилген. Байкоочу кеңештин ишинин негизги максаты болуп, коомдук контролду ишке ашыруу, ошондой эле энергетикалык компаниялардын ишинин ачыктыгы, мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын камсыздоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ачыктыктын индикаторлорун баалоо боюнча методикалык документтерди ж.б. иштеп чыгуу эсептелет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча энергетика тармагында башкаруу ишине анализ жүргүзүлгөн. Анализ алардын артыкчылык деңгээли боюнча абдан мүнөздүү көйгөйлөрдү табууга мүмкүнчүлүк берди. Башкаруу иштерин анализдөөнүн жыйынтыктары мындан ары бул компанияларды башкарууну жакшыртуу үчүн жана жаңы орто мөөнөттүү тариф саясатын жана тарифтердин өзүн түзүүдө колдонулат. Ири финансылык уюмдар (Дүйнөлүк банк, Азия Өнүгүү банкы, Ислам өнүгүү банкы ж.б.) менен жаңы инвестициялык долбоорлор маселеси жана колдонуудагыларды модернизациялоого жана реконструкциялоого жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттешүү боюнча дайыма иштер жүргүзүлүүдө. Тышкы булактардан тартылган каражаттардын жалпы суммасы 2008-2011-жылдары 468,3 млн. АКШ долларды түзгөн (төмөндөгү долбоорлорду ишке ашырууга карата: "Электр бөлүштүрүүчү тармактардын натыйжалуулугун жогорулатуу", "Бишкек шаарындагы локалдуу тармактарды жакшыртуу", "Энергия секторуна тез жардам", "Камбарата ГЭС-2нин курулушу", 110 кВ "Айгүлташ-Самат" жогорку вольттуу линиянын жана подстанциянын курулушу", "Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүүчү линияларды модернизациялоо", "Энергетика секторун өнүктүрүү", "Бишкек жана Ош шаарларында электр менен жабдууну жакшыртуу", "Өзгөчө жардам көрсөтүү", "Газ тармагына техникалык жардам").
4. Негизги көйгөйлөр
Учурда электр энергетикасы секторундагы негизги стратегиялык көйгөйлөр болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- электр энергиясын берүү системасындагы аялуу жерлер керектелчү энергиянын 50%га чейин коңшу өлкө аркылуу алып өтүүгө байланышкан;
- гидро-иштеп чыгууга абдан көз карандылыкка байланыштуу иштеп чыгуунун оптималдуу эмес структурасынын натыйжасында суу аз болгон жылдары жана кыш айларында электр энергиясын берүүнүн аздыгы;
- өлкөнүн киреше алуу үчүн пайдаланыла турган экспорттолуучу суу-энергетикалык потенциалы толук өнүккөн эмес.
Электр энергетикасы секторундагы иштин негизги операциялык көйгөйлөрү болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- ар кандай органдардын ортосунда функциялардын чачырандылыгынан, энергетика компанияларынын учурдагы ишин контролдоочу органга жана энергия секторунун ишин жөнгө салуучу органга, башка мамлекеттик структураларга көз карандылыктын кесепетинен, ошондой эле корпоративдик башкаруунун жетик эместигинин натыйжасында секторду натыйжасыз жана ачык эмес башкаруу;
- уурдоодон, алдамчылыктан жана эсеп боюнча төлөбөөдөн улам келип чыккан коммерциялык жогорку жоготуулар;
- станциялар, түзүлүштөр жана жабдуулар эскиргендиктен, акыркы 20 жылда бөлүштүрүүчү компанияларды реконструкциялоого жана жаңыртууга инвестицияларын жоктугунан жогорку техникалык жоготуулар жана керектөөчүлөрдү электр менен камсыздоонун начарлашы (электр энергияларын плансыз көп өчүрүү);
- иштин төмөнкү операциялык көрсөткүчү жана өз наркынан төмөн коюлган тарифтерден улам компаниялардын финансылык чектелүүсү.
III. Электр энергетикасын өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүк стратегиясынын максаты, милдети, жана кандай болуш керектиги
Бул Стратегиянын максаты - энергетикалык жана экономикалык коопсуздукту чыңдоо, финансылык-экономикалык жакшырууга жетишүү, ошондой эле техникалык жактан кайра жабдуу менен иштеп чыгуучу жана берүүчү кубаттуулукту көбөйтүүнүн эсебинен электр энергиясынын региондук экспорттук рыногунда Кыргыз Республикасынын атаандаштык артыкчылыгына жетишүү аркылуу Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын туруктуу экономикалык өсүшүн жана өнүгүүсүн камсыздоо. Стратегиянын башкы милдети болуп Кыргыз Республикасында энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу эсептелет. Стратегиянын натыйжасы - өлкөнүн инновациялык технологиялар киргизилген, ОЭКтин абалы натыйжалуу жана сапаттык жактан жаңы болгон туруктуу энергиялык системасы.
IV. Максаттарга жетүү стратегиясы
Стратегиянын артыкчылыктуу багыттары
1. Энергетикалык секторду мамлекеттик башкарууну жакшыртуу.
2. Энергетикалык компанияларда менеджментти жакшыртуу, алардын ишинин ачык-айкындыгын жогорулатуу.
3. Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү, энергия менен жабдуунун туруктуулугун жогорулатуу, ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана программаларды натыйжалуу аткаруу.
1-багыт. Энергетикалык секторду мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү
Тармакты жөнгө салуучунун функцияларын жана жөнгө салуучунун көз каранды эмес статусун сактап калуунун эсебинен ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук кызыкчылыкка көз карандылыгын азайтуу саясатты иштеп чыгуу, жөнгө салуу, отчет, тарифти түзүү, энергетикалык тармактын субъектилеринин ортосундагы өз ара мамиле жагындагы функцияларды так бөлүштүрүүгө шарт түзөт. ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын функцияларын ишке ашыруу энергетика секторунда өздүк наркты жана тарифтик ставкаларды эсептөөнүн жаңыртылган методологиясына таянат. Келечекте электр энергетикалык ишканалар үчүн электр энергиясынын рыногунда отчет жана эсептешүүлөр процесси үчүн жооп берүүчү көз карандысыз эсептөө борборун түзүү зарыл. Бул дүң операциялардын ачыктыгын жогорулатат жана эсептешүүлөрдүн натыйжалуулугун арттырат. Эсептөө борбору электр станциялары иштеп чыгарган энергияны, экспорт/импортту, электр энергиянын ар бир бөлүштүрүүчү компанияга жана Кыргызстандын электр берүү системасына жана/же электр станциялардын тармагына кошулган керектөөчүлөргө берилишин эсепке алуу үчүн жооп берет. Бул көз карандысыз эсептөөчү борбордун алкагында, электр энергиясынын рыногуна мониторинг жүргүзүү үчүн Электр энергиясын эсепке алуунун жана маалыматтарын топтоонун эрежесин иштеп чыгуу зарыл. Энергетикалык иштин коопсуздугун камсыздоо, лицензиаттардын энергия менен ишеничтүү камсыздоо жана тарифтерди туура колдонуу боюнча кардарлардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу милдеттүү лицензиялоону, энергетика ишинин субъекттеринде лицензияга чейинки жана лицензия алгандан кийинки милдеттенмелеринин болушун талап кылат. Лицензиялоо жөнгө салуу каражаттарынын бири жана рыноктун шартында тариф түзүү менен бирдикте милдеттүү сактоону талап кылат. Финансылык тартипти өркүндөтүү, электр энергиясын керектөөчүлөрдүн дебитордук карызын азайтуу үчүн төлөбөгөндөргө катаалыраак чара колдонууга мүмкүндүк берүүчү мыйзамдык нормалар кабыл алынат. Энергетика секторундагы ишканалардын ишинин туруктуулугун жогорулатуучу маанилүү компоненттердин бири, электр жана жылуулук энергиясына карата орто мөөнөттүү тариф саясатын түзүү болот. Келечекте тарифтер социалдык факторду, энергия секторундагы ишканалардын финансылык туруктуулугун камсыздоо максаттарын, чоң энерго-долбоорлор боюнча кредиттерди кайра өндүрүүнүн так аныкталган механизмин, экономиканын реалдуу секторунун өнүгүүсүнө шарт түзүүнү жана энергияны үнөмдөө саясатын эске алуу менен балансталууга тийиш. Тариф саясатындагы реформалар ички керектөөчүлөр үчүн социалдык схеманы тартипке салгандан кийин гана болушу мүмкүн. Бул үчүн энергияны үнөмдөө боюнча жеңилдиктерди акчалаштыруу жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына таянган социалдык коргоонун даректүү программасы иштелип чыгат. Республикалык бюджетте ошол эле убакта энергия менен жабдуу боюнча социалдык колдоого жумшалчу чыгымдарды толук көлөмдө каржылоо караштырылат. Ар бир жеңилдиктүү кардарга өзүнчө эсеп ачуу мүмкүндүгү каралат, ал эсептен энергиялык компанияга керектелген электр энергиясы үчүн ай сайын акы которулуп турат. Бул энергия компанияларына каражаттын туруктуу түшүшүнө мүмкүндүк берет жана жеңилдиктүү кардарларды энергияны үнөмдөөгө түртмөлөйт. Энергия үнөмдөө саясатын өнүктүрүү энергетика тармагындагы саясаттын артыкчылыгы болуп кала берет. Иш-чаралар экономиканын ар кандай секторлору жана өндүрүштүк эмес чөйрөлөр үчүн энергияны үнөмдөө боюнча милдеттүү талаптарды жана ченемдерди түзүүгө багытталат. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөөгө материалдык шыктандыруу программалары да өнүктүрүлөт. Электр энергиясын үнөмдөө саясаты боюнча калктын жана ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көп көңүл бурулат. Борбордук Азия регионунда суу чарба, энергетика жана жылуулук секторлорунда кызматташууну кеңейтүү боюнча иштер улантылат. Бул үчүн Борбор Азиядагы Бириккен энергетикалык системаны (мындан ары - БА БЭС) сактоо жана туруктуу иштешин камсыздоо боюнча күч-аракеттер улантылат. Токтогул суу сактагычында суунун запасынын кубаттуулугун жөнгө салуу жана натыйжалуу башкаруу жана кубаттуулукту жөнгө салуу боюнча БА БЭС үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга карата багытталган иш-аракеттер пакети иштелип чыкты. Кыргыз Республикасы "CASA-1000" долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу аркылуу электр энергиянын Борбордук-Түштүк-Азиялык региондук рыногун түзүүдө активдүү роль ойноосун улантат. Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү чакан суу энергетикасын өнүктүрүүнүн жана энергиянын кайра калыбына келтирилчү салттуу эмес булактарын пайдалануунун экономикалык кызыктуулугун арттырууга багытталган мыйзам ченемдерин кабыл алуу жолу менен шыктандырылат. Инструменттердин бири калыбына келтирилчү энергия булактарын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүдө тарифтерди компенсациялоо механизми болмокчу. Альтернативдүү энергия булактарын алуу боюнча, атап айтканда отун этанолун өндүрүү жана иштеп чыгуу боюнча сынамык долбоор ишке ашырылат.
1-маселе. "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун даярдоо
Бул мыйзам долбоору көз карандысыз жөнгө салгычты, отчеттуулуктун принциптерин, энергетика тармагындагы субъекттер ортосундагы тариф түзүү жана өз ара мамиле принциптерин камтуу менен мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы эрежелерин белгилейт. Мыйзамдын алкагында иштеп чыгуу, жөнгө салуу жана отчеттуулук саясатынын милдеттерин так бөлүштүрүү сунушталат. Буга төмөнкүлөрдүн эсебинен жетишилет:
- энергетикалык ишти милдеттүү түрдө лицензиялоо жана энергетикалык иштин субъектилеринин лицензиялоо алдындагы жана лицензиядан кийинки милдеттеринин болушу жана аларды аткарууну камсыздоо;
- ОЭКти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымат берүүгө милдеттүү болгон лицензиат катары электр энергетика ишканалары үчүн көз карандысыз эсептөө борборун түзүү. Мындай эсептөө борборунун иштеши электр энергиясынын берилишине объективдүү көз салууга жана тараптар ортосунда ачык жана ишенимдүү эсептөөнүн дүң операцияларын жүргүзүүгө алып келет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында электр энергиясынын рыногун электр энергиясын, кубаттуулугун жана системдик кызмат көрсөтүүнү Электр энергиясынын (кубаттуулугунун) дүң рыногунун белгиленген эрежелери жана/же Электр энергиясынын чекене рыногунун белгиленген эрежелери боюнча рыноктун субъекттеринин ортосунда сатууну-сатып алууну жөнгө салуу механизмдеринин жана тартибинин жыйындысы катары белгилөө.
2-маселе. Орто мөөнөттүк тариф саясатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Электр энергиясына карата орто мөөнөттүү тариф саясатынын негизги максаты болуп 2016-жылга карата тарифтерди электр энергиясын өндүрүүгө, берүүгө жана бөлүштүрүүгө кеткен чыгымдарды толук жабууну жана кредиттер боюнча карыздарды өндүрүүнү камсыздоочу деңгээлге жеткирүү саналат. Тарифтер акырындык менен такай көтөрүлүп жүрүп отурат да 2016-жылга карата толук калыптанып бүтөт. Баалардын жогорулашы экономиканын реалдуу секторунун өсүшүн стимулдаштыруу жана электр, жылуулук энергияларын керектөөчүлөрдү кайчылаш субсидиялоону токтотуу максатында жүргүзүлөт. Азыркы учурда Бишкек жана Ош шш. жылуулук энергиясын керектөөчүлөр электр энергиясынын эсебинен субсидияланышат. Тарифтердин жаңы структурасына өтүү тарифтердин ставкасы керектөөчү кошулган чыңалуу классы менен аныкталгыдай болуп жүзөгө ашырылат. Тарифтер өзгөргөн учурда автоматтык түрдө инфляциянын темпи, алмашуу курсу жана инвестициялар деңгээли эске алынат. Мында тариф саясаты жана методологиясы социалдык коргоонун адекваттуу механизмдери менен өз ара байланышта болуусу керек. Тарифтерди белгилөөнүн ачык-айкындыгын камсыздоо үчүн энергетика секторунда электр энергиясынын коромжулугун азайтуу боюнча чаралардын комплексине байлаштырылган тариф жаратуу методологиясын киргизүү зарыл. Ушуга байланыштуу 2012-жылдын III, IV кварталдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Электр энергиясына карата орточо мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоору каралат.
3-маселе. Электр энергиясын керектөөчүлөр жана энергетикалык компаниялар арасындагы финансылык тартипти өркүндөтүү программасын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу
Бул маселени ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- акы төлөбөгөндөрдү өчүрүү жана алар карызды толук төлөмөйүнчө керектөөчүлөрдү (бюджеттик ишканалар менен жеңилдикке ээ керектөөчүлөрдү кошкондо) кайрадан кошууга багытталган саясий кийлигишүүлөрдү жоюу;
- электр энергиясын үнөмдөөнү камсыздоо үчүн бюджеттик керектөөчүлөрдү материалдык стимулдаштыруу программасын иштеп чыгуу.
4-маселе. Энергия үнөмдөө боюнча социалдык коргоо схемасын тартипке салуу
Бул маселенин алкагында ички керектөөчүлөр үчүн тарифти жогорулатуу маселесин карап жаткан учурда социалдык коргоонун натыйжалуу, адекваттуу түрдө каржылануучу даректик программасын иштеп чыгуу зарыл. Бул төмөнкүлөрдү аткаруунун натыйжасында ишке ашат:
- Кыргыз Республикасынын энергия менен жабдуу боюнча жеңилдиктерди монеталаштыруу жана социалдык колдоо чыгымдарын толук көлөмдө республикалык бюджеттен каржылоо боюнча мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу;
- электр жана жылуулук энергиясына, газ түрүндөгү отунга тарифтер боюнча жарандардын социалдык жактан корголбогон категориясы үчүн компенсациянын натыйжалуу механизмдерин киргизүү;
- бийик тоолуу жана алыскы райондордун кардарлары үчүн даректүү социалдык коргоону киргизүү.
5-маселе. Региондук кызматташууну кеңейтүү
Борбордук Азия регионундагы суу чарбасы, отун жана энергетика секторлорундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иш эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн чегинде улантылмакчы. Бирок акыркы он жылдыктын тажрыйбасы көрсөткөндөй кызматташтык тараптардын бардыгынын кызыкчылыктарына Кыргыз Республикасы электр энергиясын өлкө ичинде берүү боюнча өз варианттарына жана электр энергиясын экспорттоо үчүн диверсификацияланган рынокторго ээ болгон шартта жооп берет. Ал үчүн Кыргыз Республикасы "CASA-1000" долбоорун ишке ашырууну улантат. Ушуга байланыштуу Түштүк Азияга электр энергиясын экспорттоону жолго коюу маселесин иштеп чыгуу зарыл, электр энергиясынын сезондук экспорту региондук энергетикалык рынокто электр энергиясын өндүрүүнүн өздүк наркынын тийиштүү эсепке алынышы менен жүзөгө ашырылат. Бул үчүн Токтогул суу сактагычындагы суунун запасын натыйжалуу башкаруу жана чыңалууларды жөнгө салуу менен БА БЭС үчүн кызмат сапатын жогорулатууга багытталган иш-аракеттердин пакетин иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу маанилүү. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы (КМШнын Электр энергетикалык кеңеши, ЕВРАЗЭСтин энергетикалык саясат боюнча кеңеши, Аралды сактоо боюнча эл аралык фонд, Энергетикалык сектор боюнча ЦАРЭС Координациялык комитети, ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасы, CASA) жана эки тараптуу мамлекеттик макулдашуулардагы позициясын чыңдоого багытталган иш-чаралардын кошумча пакетин иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу талап кылынат. Бул өлкөдө өндүрүлүп жаткан электр энергиясын сатуу үчүн жаңы рынокту табуу максатында жүргүзүлөт.
6-маселе. Кыргыз Республикасында чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки концепциясын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу
Бүгүнкү күнү чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды көрүү зарылчылыгы өзгөчө актуалдуу болууда. Ушуга байланыштуу аталган тармактагы соңку кырдаалды комплекстүү изилдөө, ошондой эле Стратегияны жүзөгө ашыруунун чегинде келечектеги багыттарды иштеп чыгуу максатында Кыргыз Республикасында чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки концепциясын иштеп чыгуу пландалууда. Аталган Концепциянын жүзөгө ашыруу процессинде төмөнкүлөр ишке ашат:
- энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүдө тарифтерди компенсациялоо механизмдерин пайдалануу;
- чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн экономикалык алгылыктуулугун жогорулатуу жана салттуу эмес энергия булактарын пайдалануу.
7-маселе. Энергия үнөмдөө саясатын өнүктүрүү
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- экономика тармактары, бюджеттик, коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар жана калк үчүн энергияны өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөөдө электр жана жылуулук энергиясынын коромжу болушун азайтууну стимулдаштыруу боюнча программаларды иштеп чыгуу;
- экономиканын ар кайсы секторлору жана өндүрүштүк эмес чөйрө үчүн энергия үнөмдөө боюнча ченемдерди түзүү жана милдеттүү талаптарды киргизүү;
- калк жана ишкерлер арасында энергия үнөмдөө саясатынын маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- энергия үнөмдөө саясатынын ишке ашырылышын мониторингдөөчү топ түзүү.
Күтүлүүчү жыйынтыктар:
- чакан кубаттуулуктагы гидроэнергетикалык объектилерде жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү;
- энергияны өндүрүү, бөлүштүрүү жана керектөөдө электр жана жылуулук энергиясындагы жоготууларды азайтууну жөнгө салуу боюнча шарттарды түзүү.
2-багыт. Энергетикалык компаниялардагы менеджментти жакшыртуу, иштин ачык-айкындыгын жогорулатуу
Компанияларды жетектөөгө жогорку профессионалдуу жана жооптуу менеджерлерди алып келүү үчүн тандоонун жана мотивациялар комплексин жаратуунун системасы өркүндөтүлөт. Энергия компанияларындагы жогорку жетекчи кызматтарга дайындоолор (деректирлер жана аткаруучу деректирлер кеңештерине) ачык конкурстук тандоонун максималдуу ачык-айкын процедураларын жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат. Энергетикалык ишканалардын кызматкерлеринин сапатын жакшыртуу боюнча талаптар иш жөнүндөгү макулдашууларга киргизилет. Энергокомпаниялардын ишиндеги ачыктыкты жана эсеп берүүчүлүктү жогорулатуу маселеси эл аралык стандарттар боюнча көз карандысыз аудиторлор тарабынан жыл сайын энергетикалык компаниялардын иштерин текшерүү, аудитордук отчетторду жана сунуштарды жарыялоо, такай маалымат берүү аркылуу чечилет. Ачыктыктын негизги фактору болуп, ОЭК жана энергетикалык компанияларды жөнгө салуу боюнча ыйгарымдуу орган болгон Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин интерактивдүү интернет-барагын түзүү жана ага мамлекеттик органдардын ОЭК тармагындагы негизги чечимдери, энергетикалык ишканалардагы чарбалык жана башкаруу иштеринин негизги натыйжалары жөнүндө маалыматтарды киргизүү саналат. Мындан сырткары, энергетикалык компаниялар тарабынан ички рынок жана экспорт үчүн өндүрүлгөн электр энергиясын эсепке алууну физикалык жана финансылык жактан бөлүү менен бирге энергетикалык тармактын экспортко карата аткарып жаткан ишинин максимум ачыктыгы камсыз кылынат. Энергетикалык ишканалардын жарандык коом жана керектөөчүлөр менен болгон өз ара аракеттенүү процедуралары жакшыртылат. Өндүрүлгөн жана бөлүштүрүлгөн энергия көлөмүн эсепке алуунун тууралыгын арттырууга электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташкан маалымат-өлчөөчү системасын иштеп чыгууга жана пайдаланууга киргизүүгө техникалык колдоо көрсөтүү жана анын Көз каранды эмес эсептөөчү борбор (ККЭЭБ) менен байланышы шарт түзмөкчү.
1-маселе. Энергетикалык компаниялардагы корпоративдик башкарууну жакшыртуу программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- энергетикалык компанияларды башкарууда жогорку жетекчилик кызматтарга жана орундарга максималдуу, ачык конкурстук тандоо процедураларын өткөрүү менен квалификациялуу жана компетенттүү адистерди тандап алуу жана дайындоо процессин киргизүү;
- 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен башкаруучу жеке менчик компаниянын ортосунда иштин натыйжасына жараша сыйлоо мүмкүнчүлүгү караштырылган башкаруу жөнүндө келишимдерди түзүүнү практикага киргизүү, ал иштин жыйынтыгына түздөн түз жараша болот жана компаниялардын натыйжалуураак иштешине шарт түзөт;
- бөлүштүрүүчү компанияларды бириктирүү маселесин караштыруу - иштеп чыгаруучу жана берүүчү компаниялар көз карандысыз бойдон калышат. Бул электр энергиясынын коромжулугун азайтуу жана эсептерди коюунун бирдей системасын иштеп чыгуу жагында бирдей ыкманы киргизүүнүн эсебинен каражатты үнөмдөөгө жана башкаруу процесстерин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Бөлүштүрүүчү компаниялардын ортосунда болуп жаткан кайчылаш субсидияларды жоюунун эсебинен бөлүштүрүүчү секторду жөнгө салуу процесси жакшыртылат жана компаниялардын арасында электр энергиясынын жана акчалардын айлантылышынын ачык-айкындыгы жогорулайт.
2-маселе. Ачыктыкты жана отчеттуулукту жогорулатуу программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөр керек болот:
- жыл сайын энергетикалык компаниялардын иштерин көз карандысыз аудиторлор эл аралык стандарттар боюнча текшерүүсүн камсыз кылуу жана аудиторлордун пикирлерин эске алуу менен тиешелүү чараларды көрүү;
- аудитордук отчеттор менен сунуштарды жарыялоо, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин жана ОЭК компанияларынын интерактивдүү интернет-баракчаларын түзүү;
- сатып алуулар, тендер жана алардын натыйжалары жөнүндө такай маалымат берүү.
Мындан сырткары, энергетикалык тармактын экспортко карата болгон ишинин ачыктыгы төмөнкүлөр менен бирге камсыз кылынат:
- энергетикалык компаниялар тарабынан ички рынок жана экспорт үчүн өндүрүлгөн электр энергиясынын эсебин физикалык жана финансылык жактан бөлүү;
- энергоресурстарды (айрыкча көмүрдү) сатып алуулар жөнүндө узак мөөнөттүү макулдашууларды түзүүгө эсептелген эл аралык конкурстук соодаларды өткөрүү жолу аркылуу сатып алуу;
- электр энергиясын экспорттоодон жана кубаттуулукту жөнгө салуудан алынган каражаттар үчүн атайын депозиттик эсептерди сактоо;
- ОЭК боюнча ишканалардын мамлекеттик маалымат ресурстарын (web-site) түзүү жана иштешин камсыз кылуу, жана ага мамлекеттик органдардын ОЭК боюнча негизги ченемдери жана энергетикалык ишканалардын чарбачылык жана башкаруучулук ишинин негизги жыйынтыктары жөнүндө маалыматты киргизүү (өнүгүү стратегиясы, бухгалтердик баланс, өткөрүлгөн тендерлер башкаруу органдарынын негизги чечимдери, негизги кадрдык чечимдер ж.б.).
3-маселе. Энергетикалык компанияларда жогорку квалификациялуу жана ак ниет персоналды калыптандыруу механизмин түзүү
Бул максатка жетүү үчүн энергетикалык компаниялардагы кызматкерлердин сапатын жакшыртуу боюнча энергетикалык компаниялар үчүн төмөнкү эрежелерди камтыган сунуштардын пакетин иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлөт:
- менеджерлик кызмат орундарга конкурстук негизде гана жалдоо менен алуу;
- энергетикалык компаниялар тарабынан өндүрүштү өнүктүрүүнүн белгиленген параметрлеринин (киреше, активдердин өсүшү, инвестициялар, ишкананын сатуу иштерин илгерилетүү, төлөмдөрдүн жыйналышын көбөйтүү жана жоготуулардын санын азайтуу ж.б.) аткарылгандыгы үчүн акы менен иштин жыйынтыгын байлаштыруу аркасында ар бир кызматкер менен жекече келишимдерди түзүү;
- такай аттестацияларды өткөрүү жана ишине баа берүү менен энергетикалык компаниялардагы кызматкерлердин вертикалдуу мобилдүүлүк механизмин түзүү.
4-маселе. Өндүрүлгөн жана бөлүштүрүлгөн энергиянын көлөмүн эсептөөнүн тууралыгын жогорулатуу
Бул Стратегияны жүзөгө ашыруунун чегинде бул багытта коммерциялык жана техникалык жоготууларды кыскартуу, ошондой эле электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташкан маалыматтык-өлчөөчү системасынын (ЭАМӨКЭС) программасын иштеп чыгууда жана киргизүүдө энергетикалык компанияларга техникалык жана финансылык колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт.
5-маселе. Электр энергиясы үчүн алдын ала төлөө эсептегичтерин киргизүү
Бүгүнкү күндө электр энергиясын керектөөчүлөргө коюлган электр эсептегичтердин бар болгону 18%ы гана учурдун талабына жооп берет. Ал эми калган бөлүгүн эсепти так жүргүзө албаган (метрологиялык жоготуулар) жана электр энергиясын уурдоодон сактай албаган эски система (индукциялык электр эсептегичтер паркы) түзөт. Алдын ала төлөмдүн заманбап электр эсептегичтерин орнотуу төмөнкү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт:
- берилген электр энергиясы үчүн акча каражатын алда канча көбүрөөк жыйноо;
- дебитордук карыздын азайышы;
- электр энергиясы үчүн эсепти коюу процедурасын жөнөкөйлөштүрүү;
- эсеп приборунун ишине карата адамдык фактордун таасирин болтурбоо;
- көзөмөлдүк кылуучу кызматкерлердин (контролер) санын азайтуу.
Алдын ала төлөө эсептегичтерин орнотуу үчүн алдын ала төлөө боюнча комплекстүү программаны киргизүүнүн этаптуу ыкмасын пайдалануу сунушталат. Ал үч этаптан турат:
- биринчи этапта электр энергиясын алдын ала төлөө шарттары менен бизнес-структураларга берүү пландалууда;
- экинчи этапта үч фазалык киришке ээ жана электр энергиясын электр менен жылытуу жана суу жылытуу максаттарына жумшап жатышкан тиричиликте керектөөчүлөрдү өткөрүү;
- үчүнчү этапта алдын ала төлөө шартына калган тиричиликтик керектөөчүлөрдү өткөрүү.
Мындан тышкары, натыйжасы жакшы болушу үчүн алдын ала төлөө картасы, бар эсептегичтерди орнотуу 0,4 кВ линияларды өзүнчө изоляцияланган проводдорго алмаштыруу менен коштолууга тийиштигин белгилеп кетүү зарыл. Баштапкы эсептөөлөр боюнча, алдын ала төлөө картасы бар эсептегичтерди орнотууга 6,71 млрд. сом керек болот. Алдын ала төлөөчү эсептегичтерди орнотуу боюнча маселени чечүү үчүн 5 жыл керек болот. Бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын дебитордук карызын болушунча азайткан шартта, буга бюджеттик абоненттер кирбейт, ошондой эле жалпы коромжулук (коммерциялык коромжулук) 5% азайтылса жана 2012-жылдын ичинде 6,71 млрд. сом бир жолу салынса, долбоордун өзүн актоо мөөнөтү баштапкы эсептер боюнча 5-7 жыл болот. Коромжулукту 5%ке азайтуу болжол менен 500 млн. кВтс түзөт, бул жыл сайын 400-500 млн. сом өлчөмдө кошумча киреше алууга жеткирет. Ошондой эле, алдын ала төлөө эсептегичтерин сатып алуу жана орнотуу үчүн бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларда финансылык каражаты жоктугун эске алуу менен, кыска жана орто мөөнөттөгү максаттарга жетүү үчүн алдын ала төлөө картасы бар эсептегичтерди киргизүүнүн этаптуу ыкмасын пайдалануу сунушталат. Күтүлгөн жыйынтыктар:
- энергетикалык компанияларды тийиштүү деңгээлде жана натыйжалуу башкаруу үчүн институттук негизди өнүктүрүү;
- тармактын ишинин ачык-айкындыгын арттыруу, коомдун ишенимин калыбына келтирүү жана коррупцияны жоюу максатында энергетикалык компанияларга корпоративдик башкаруунун натыйжалуу жана отчеттуулук системасын жана энергетикалык ишканалардын кызматкерлеринин сапатын жакшыртуу боюнча механизмдерди киргизүү.
3-багыт. Өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү, энергия менен жабдуунун туруктуулугун жогорулатуу, ишке ашырылып жаткан долбоор жана программаларды натыйжалуу аткаруу
1-маселе. Улуттук долбоорлорду ишке ашыруу
Бул маселе Кыргыз Республикасынын толук энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында төмөнкү улуттук долбоорлорду ишке ашырууга багытталган:
- "Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын жакшыртуу" долбоорун аяктоо (500 кВ "Датка" көмөкчү чордонунун жана түштүктөгү 220 кВ электр берүү линияларынын курулушу);
- "500 кВ "Датка-Кемин" электр линияларынын жана 500кВ "Кемин" Көмөкчү чордонунун курулушу" долбоорун ишке ашыра баштоо;
- "СASА-1000" долбоорун ишке ашыруу боюнча иштерди улантуу;
- кубаттуулугу 120 кВ Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаттык комплексин ишке киргизүү;
- Камбар-Ата 1-ГЭС жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын (4 ГЭС) техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну аяктоо;
- Кара-Кече көмүр кенинде кубаттуулугу 600 (1200) МВт жылуулук электр станциясынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;
- 4 чакан ГЭСти куруу.
2-маселе. Энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатуу
Бул маселени чечүү үчүн төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл:
- "Кыргызстандын УЭТ" ААК электр берүү линияларынын көмөкчү чордондорун жана бөлүштүрүүчү энергетикалык компанияларды реконструкциялоо;
- электр бөлүштүрүүчү тармактардын натыйжалуулугун арттыруу;
- Бишкек шаарынын локалдык тармагын жакшыртуу;
- Бишкек жана Ош шаарларынын электр менен камсыз болушун жакшыртуу;
- энергетика тармагын реабилитацияоо;
- шашылыш жардам көрсөтүү;
- Суусамыр-Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу;
- Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо;
- Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо;
- энергетикалык секторго шашылыш жардам көрсөтүү;
- Бишкек 1-ТЭЦин реконструкциялоо, кубаттуулугун 400 МВтга чейин көбөйтүү;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагы үчүн 10 кВ электр өткөрүү чубалгыларын куруу;
- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айылы үчүн 10 кВ электр өткөрүү чубалгыларын куруу;
- 110/35/6 кВ "Избаскент" КЧдан 35/6 кВ "Промпитьевая" КЧсына чейин узундугу 6,5 километр жогорку чыңалуудагы чубалгыларды куруу;
- "Ак-Ордо" жана "Ала-Тоо" жаңы конуштарын электр менен камсыз кылуу үчүн 110/10 кВ "Ак-Ордо" көмөкчү чордонун жана 110 кВ жогорку чыңалуудагы чубалгыларды куруу;
- энергетика секторун өнүктүрүү;
- 110 кВ Айгүлташ-Самат электр берүү чубалгыларын куруу.
Күтүлгөн натыйжалар:
- электр энергиясын өндүрүү жана берүү потенциалынын артышы, энергия менен камсыздоонун туруктуулугун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо үчүн болгон шарттарды түзүү, иштеп чыгуучу жаңы объектилерди ишке киргизүү, Кыргыз Республикасынын экспорттук кубатын жогорулатуу;
- республиканы электр энергиясы менен коңшу мамлекеттерден көз карандысыз камсыздоо, каскаддагы бардык ГЭСтерди бир энергетикалык түйүнгө бириктирүү.
V. Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар
Бул Стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Стратегияда коюлган маселелерди чечүүгө багытталган жана үч бөлүктөн турат:
1) инвестицияларды ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча саясий чаралар;
2) Стратегияны 2012-2017-жылдар аралыгында ишке ашыруу үчүн зарыл болгон инвестициялык чаралар;
3) региондук кызматташтык жана экспорттук-импорттук операциялар боюнча чаралар.
Саясий чаралар. Бул негизги операциялык көйгөйлөрдү чечүү, акча каражаттарынын агымын жакшыртып, коррупцияны азайтуучу заманбап башкаруу системасын, технологияны жана иштиктүү практиканы киргизүүнү талап кылат. Мындай болгондо акча каражаттары энергетикалык тармактын карамагында калуу менен эскирген жабдууларды оңдоого жана алмаштырууга, электр энергиясы менен туруктуу камсыздоону калыбына келтирүүгө жумшалат. Кыргыз Республикасынын энергетика системасындагы коррупциялык механизмдердин туруктуу болуусунун негизги себеби реформалар темпинин жайлашында. Бул болсо коррупциялык системаны турукташтырып, амалдуурак, ийкемдүүрөөк кылуу менен мамлекеттин энергетикадагы кырдаалды өзгөртүүгө болгон күч-аракетин солгундатууда.
2. Инвестициялык чаралар. 2012-2017-жылдар аралыгында инвестициялар негизинен төмөнкүлөргө багытталууга тийиш:
2012-жыл:
- энергосистеманы жакшыртуу боюнча 2012-жылы иш-чаралардын 8 планын аткаруу - 35, 110 жана 220 кВ көмөкчү чордондордогу трансформаторлорду жана Бишкек, Ош шаарларындагы 6-10, ошондой эле 35 кВ аба чубалгыларын, кабелдик линияларды алмаштыруу;
- "Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын жакшыртуу" 500 кВ "Датка" көмөкчү чордонун куруу долбоорун ишке ашыруу, жалпы узундугу 256,5 км 220 кВ электр берүү линияны куруу, 220 кВ "Узловая", "Алай", "Октябрь" жана "Кристалл" көмөкчү чордондорун реконструкциялоо, сактоочу жана автоматика системаларын реконструкциялоо;
- 500 кВ "Датка-Кемин электр берүү линиясын" жана 500 кВ "Кемин" ПС куруу долбоору боюнча ички мамлекеттик процедураларды аяктоо жана жаңы практикалык жүзөгө ашырууларды баштоо;
- Россия Федерациясы менен болгон сүйлөшүүлөрдү аяктоо жана Камбар-Ата 1-ГЭС жана Жогорку-Нарын ГЭСтер каскады боюнча келишимдерге кол коюу;
- Кара-Кече көмүр кенинде кубаттуулугу 600 (1200) МВт жылуулук электр станциясынын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу үчүн инвесторлорду издөө (келечектеги пландоолор жыйынтыктарга жараша болмокчу).
2012-2015-жылдар:
- 500 кВ "Датка-Кемин" электр берүү линиясын жана 500 кВ "Кемин" подстанциясын куруу;
- 500 кВ "Датка-Кемин" электр берүү линиясын жана 500 кВ "Кемин" көмөкчү чордонун ишке киргизүү менен кубаттуулугу 120 МВт "Камбар-Ата 2-ГЭСинин" экинчи агрегатын ишке киргизүү;
- Камбар-Ата 1-ГЭС жана Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадынын техникалык-экономикалык негиздемелери менен долбоорлорун иштеп чыгууну аяктоо.
2014-2017-жылдар:
- Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын куруу;
- Камбар-Ата 1-ГЭСинин курулушун баштоо.
3. Региондук кызматташтык жана экспорттук-импорттук операциялар
боюнча чаралар
2012-2014 жана андан кийинки жылдар
1. Жыл сайын Казакстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын энергосистемалары менен параллель иштөө жөнүндө келишимдерге кол коюу.
2. 500 кВ "Датка-Кемин" электр берүү линиясын жана 500 кВ "Кемин" көмөкчү чордонун курууну аяктоо.
3. "CASA-1000" долбоору боюнча ишти улантуу.
4. Казак тарап менен 500 кВ "Кемин-Алматы" жогорку чыңалуудагы линиянын курулушу боюнча кызматташтыкты улантуу.
2-тиркеме
Кыргыз Республикасында электр энергетикасын өнүктүрүүнүн 2012-2017-жылдарга карата орто мөөнөттүк стратегиясын ишке ашыруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
| Милдеттер | Иш-аракеттер | Индикаторлор | Мөөнөтү | Аткаруучулар |
|---|---|---|---|---|
| Энергетика секторун мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү | ||||
| 1. "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына өзгөртүүлөр- дү жана толуктоолор- ду киргизүү ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ тууралуу" Мыйзам долбоорун даярдоо ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ | 1.1. Мыйзамдагы пайда болгон өксүктөрдү толуктоочу жана тармактагы карым-катнашты жөнгө салуучу КР Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу 1.2. "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" КР Мыйзам долбоорун КР Жогорку Кеңешине киргизүү 1.3. Көз каранды эмес эсептөөчү борбор түзүү | Иштеп чыгарылган/ иштеп чыгарылган эмес Киргизилди/ киргизилген жок Кабыл алынды/кабыл алынган жок Түзүлдү/ түзүлгөн жок | 2012-ж. 1-сентябрь 2012-ж. 1-октябрь 2013-ж. 25-апрель | Энергетика, өнөр жай министрлиги, көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги Энергетика, өнөр жай министрлиги |
| 2. Орто мөөнөттөгү тарифтик саясатты (ОМТС) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ | 2.1. Колдонулуп жаткан тарифтик системага жана энергиялык компаниялардын ортосундагы контракттык мамиле системасына комплекстүү баа берүү жана тарифтерге изилдөө жүргүзүүнү демилгелөө 2.2. Тарифтик изилдөө: - Орто мөөнөттөгү тарифтик саясаттын (ОМТС) долбоорун, ошондой эле ОМТС долбоорунун жоболорун эске алуу менен социалдык коргоо системасын кайрадан карап чыгуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүү; - Тарифтик системаны жакшыртуу боюнча иш-аракеттердин планын, анын ичинде калктын аялуу катмарын даректүү колдоо схемасын иштеп чыгуу; - Тарифтик системаны өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашырууну баштоо; - Орто мөөнөттүк тарифтик саясаттын долбоорун кароо | Комплекстүү баа берүү жүргүзүлдү/ жүргүзүлгөн жок Түзүлдү/ түзүлгөн жок Иштелип чыкты/ иштелип чыккан жок Башталды/ башталган жок Каралды/ каралган жок | 2012-ж. 1-июнь 2012-ж. 1-июль 2012-ж. 1-сентябрь 2012-ж. 1-октябрь 2013-ж. 1-ноябрь | Энергетика, өнөр жай министрлиги көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, Соцфонд, Финмин, көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча) |
| 3. Финансы- лык жана төлөө тартибин күчөтүү үчүн программаны иштеп чыгуу | 3.1. Энергия үнөмдөө, акы төлөбөгөн керектөөчүлөрдү өчүрүү жана бюджеттик мекемелер үчүн стимулдарды түзүү боюнча чараларды колдонуу | Кабыл алынды/кабыл алынган жок | 2012-ж. 1-июль | Энергетика, өнөр жай министрлиги, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
| 4. Региондук кызматташуу- ну кеңейтүү | 4.1. Эл аралык уюмдарда республиканын позициясын бекемдөөгө багытталган иш-аракеттер планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | Иштелип чыкты/ иштелип чыккан жок | 2012-ж. | Энергетика, өнөр жай министрлиги ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
| 5. Кыргыз Республика- сында чакан гидроэнерге- тиканы өнүктүрүү | 5.1. Кыргыз Республикасында чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки концепциясын иштеп чыгуу | Иштелип чыкты/ иштелип чыккан жок | 2012-ж. 20-июль | Энергетика, өнөр жай министрлиги, Чакан ГЭСтер боюнча дирекция |
| 6. Энергияны үнөмдөө саясатын өнүктүрүү ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ | 6.1. Экономиканын тармактары үчүн, бюджеттик, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана калк үчүн энергияны иштеп чыгарууда, бөлүштүрүүдө жана керектөөдө электр жана жылуулук энергиянын коромжулугун азайтууга түрткү берүү боюнча программаны иштеп чыгуу 6.2. Энергияны үнөмдөө саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүчү топту түзүү | Иштелип чыкты/ иштелип чыккан жок Түзүлгөн/ түзүлгөн жок | 2012-ж. 2012-ж. боюнча) | Энергетика, өнөр жай министрлиги, КР Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, ОЭК ишканалары (макулдашуу |
| Энергетикалык компанияларда менеджментти жакшыртуу, иштин ачыктыгын жогорулатуу | ||||
| 1. Энергети- калык компаниялар- да корпоратив- дик башкарууну өркүндөтүү программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 1.1. Энергетикалык компанияларда корпоративдик башкарууну жакшыртуу программасын төмөндөгүлөрдү камтуу менен иштеп чыгуу: - ачык-айкын конкурстук жол-жоболор аркылуу мамлекеттик энергетикалык компанияларга топ-менеджерлерди тандоо жана дайындоо; - тиешелүү сыйлоо инструменттери менен башкаруу контракттарынын практикасын колдонуу (тандалган компания менен аны сыноо); - бөлүштүрүүчү төрт компанияны бир компанияга бириктирүү | Иштелип чыкты/ иштелип чыккан жок | 2012-ж. сентябрь | Энергетика, өнөр жай министрлиги, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
| 2. Ачыктыкты жана отчеттуулук- ту жогорулатуу программала- рын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2.1. Ачыктыкты жана отчеттуулукту жогорулатуу программаларын төмөндөгүлөрдү камтуу менен иштеп чыгуу жана ишке ашыруу: - эл аралык стандарттарга ылайык жыл сайын финансылык аудиттерди өткөрүү; - аудиторлордун отчетторун жана аудиторлордун сунуштарын коомчулук үчүн жарыялоо; - министрлик, регулятор жана энергокомпаниялар үчүн интерактивдик веб-сайттарды түзүү; - бардык сатып алуу пландарын жана тендерлердин жыйынтыктарын коомчулук үчүн өз убагында жарыялоо; - экспортко жана ички рынокко берүүлөрдүн физикалык жана финансылык эсептерин өз-өзүнчө жүргүзүү практикасын колдонуу; - отун ресурстарын ачык эл аралык конкурстар аркылуу сатып алуу; - экспорттон түшкөн каражаттар үчүн өзүнчө эсеп кармоо ("ЭС" ААК) жана ал каражаттарды кышкыга отун сатып алуу үчүн пайдалануу; - жыштыкты жөнгө салуудан акча каражаттын түшүүсү (НЭСК) | Иштеп чыгуу жана ишке ашыруу/Иштеп чыгарылган жок, ишке ашырылган жок | 2012-ж. 30-июнь | Энергетика, өнөр жай министрлиги, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
| 3. Энергети- калык ишканаларда жогору квалифика- циялуу жана ак ниет иштеген персоналды куроо механизмин түзүү | 3.1. Энергетика компанияларында корпоративдик башкарууну жакшыртуу программасын ишке ашыруу | Ишке ашырылды/ ишке ашырылган жок | Ар дайым | Энергетика, өнөр жай министрлиги, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча), Билим берүү жана илим министрлиги |
| 4. Өндүрүл- гөн жана бөлүштүрүл- гөн энергиянын көлөмүн эсепке алуунун тактыгын жогорулатуу | 4.1. Коммерциялык жана техникалык коромжуларды азайтуу программасын иштеп чыгуу жана жайылтуу | Иштелип чыкты/ иштелип чыккан жок | 2012-ж. | Энергетика, өнөр жай министрлиги, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
| 5. Электр энергиясынын керектелишин алдын ала төлөө эсептегичте- ри менен эсептөө системасын бардык жерде киргизүү | 5.1. Алдын ала төлөөнүн заманбап электрондук эсептегичтерин орнотуу | Ишке ашырылды/ ишке ашырылган жок | 2012-ж. | Энергетика, өнөр жай министрлиги, бөлүштүрүүчү компаниялар (макулдашуу боюнча) |
| 6. "Кыргыз жилкоммун- союз" МИ структуралык бөлүктөрүн жергиликтүү органдардын балансына этап менен өткөрүү | 6.1. КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 340-V Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжай- коммунбирлик" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомун жана КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 392-б буйругун ишке ашыруу | Ишке ашырылды/ ишке ашырылган жок | 2012- 2014-жж. | Энергетика, өнөр жай министрлиги, облустук мамлекеттик администра- циялар, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча), Финмин, Экономика министрлиги, Маммүлк фонду, "Кыргызжил- коммунсоюз" МИ |
| Өндүрүү көлөмүн көбөйтүү, энергия менен жабдуунун туруктуулугун арттыруу, ишке ашырылып жаткан долбоорлорду жана программаларды натыйжалуу аткаруу | ||||
| 1. Улуттук долбоорлорду ишке ашыруу ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ | 1.1. Кыргызстандын түштүгүндөгү электр берүү линияларын модернизациялоо 1.2. 500 кВ "Датка-Кемин" электр берүү линиясын жана 500 кВ "Кемин" подстанциясын куруу 1.3. CASA-1000 1.4. "Камбарата ГЭС-2нин" экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү 1.5. "Камбарата ГЭС-1" куруу 1.6. Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу 1.7. Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу 1.8. 4 чакан ГЭС куруу | Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок | 2012- 2013-жж. 2012- 2015-жж. 2013- 2017-жж. 2013- 2014-жж. 2013- 2017-жж. 2013- 2017-жж. 2014- 2017-жж. 2013- 2017-жж. | Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Кыргызстан УЭТ" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Кыргызстан УЭТ" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Кыргызстан УЭТ" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) |
| 2. Энергия менен жабдуунун туруктуулу- гун жогорулатуу ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ ├──────────────────┼────────────┼──────────┼─────────────┤ | 2.1. "Кыргызстан УЭТ" ААКнын, бөлүштүрүүчү энергетикалык компаниялардын электр өткөрүү линияларынын подстанцияларын, Бишкек жана Ош шаарларындагы магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо 2.2. Электр бөлүштүрүүчү тармактардын натыйжалуулугун жогорулатуу 2.3. "Бишкек шаарынын локалдуу тармагын жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу 2.4. "Бишкек жана Ош шаарларын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу 2.5. "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоорун ишке ашыруу 2.6. "Өзгөчө жардам берүү" долбоорун ишке ашыруу 2.7. Суусамыр- Көкөмерен ГЭСтер каскадын куруу 2.8. Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо 2.9. Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо 2.10. "Энергетика секторуна тез жардам" долбоорун ишке ашыруу 2.11. Бишкек ТЭЦин реконструкциялоо 2.12. Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагы үчүн 10 кВ электр өткөрүү линиясын куруу 2.13. Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Достук айыл аймагы үчүн 10 кВ электр өткөрүү линиясын куруу 2.14. ПС-110/35/6 кВ "Избаскенттен" ПС-35/6 кВ "Промпитьеваяга" чейин узундугу 6,5 км ВЛ-35 кВ куруу 2.15. Бишкек ш. "Ак-Ордо" жана "Ала-Тоо" жаңы конуштарын электр менен жабдуу үчүн 110/10 кВ "Ак-Ордо" подстанциясын жана 110 кВ жогорку вольттуу линия куруу 2.16. "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу | Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок Ишке ашкан\ ишке ашкан жок | 2012- 2013-жж. 2013- 2014-жж. 2013- 2014-жж. 2012- 2014-жж. 2012- 2013-жж. 2012-ж. 2013- 2017-жж. 2012- 2016-жж. 2015- 2017-жж. 2012-ж. 2012- 2013-жж. 2012- 2013-жж. 2012- 2013-жж. 2012- 2013-жж. 2012- 2013-жж. 2012- 2014-жж. | Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Кыргызстан УЭТ" ААК (макулдашуу боюнча), бөлүштүрүүчү компаниялар (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Түндүк электр" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Түндүк электр" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Кыргызстан УЭТ" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, энергокомпа- ниялар (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, Бишкек ш. мэриясы, "Электр станциялары" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Жалал-Абад электр" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Жалал-Абад электр" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Жалал-Абад электр" ААК (макулдашуу боюнча) Энергетика, өнөр жай министрлиги, "Кыргызстан УЭТ" ААК (макулдашуу боюнча) Бөлүштүрүүчү компаниялар (макулдашуу боюнча) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2015-жылга жана 2016-2017-жылдарга болжолу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014–жылдын 14-августундагы № 469 токтому…Проект · 14.08.2014 · № 469
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2014-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө" биргелешкен билдирүүсү" (Кыргыз…Заявление · 28.02.2014 · № 108/53/13 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2014-жылга жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.07.2013 · № 408 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2015 · № 354 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2017-жылга жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2016 · № 395 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 837 "2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 837 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-августундагы № 597 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-июнундагы № 354 "Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн…Постановление · 21.08.2015 · № 597 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы №77 " Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси боюнча байкоочу кеңеш…Постановление · 28.02.2011 · № 77
- Электр энергетикасы жөнүндөЗакон · 28.01.1997 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №87 "Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуПостановление · 10.02.2012 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 49 "Кыргыз Республикасынын отун-энергетикалык комплексинин ачыктык демилгеси жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.07.2010 · № 49 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын…Постановление · 25.01.2012 · № 55 · Күчүн жоготкон
- "План мероприятий на 2012 год по реализации Программы Правительства Кыргызской Республики "Стабильность и достойная жизнь" (Утвержден постановлением Правительства КР от 25 января…План · 25.01.2012 · № 55 · Күчүн жоготкон