# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 329
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93853>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15648/edition/816616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93853.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 329 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (23.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93853

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-майы № 329 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 100 күндүк иш-чаралардын планын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жолдо жүрүү эрежелеринде:

2.1.1-пункттагы төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"ушул транспорт каражатына IV топтогу мүлк үчүн салыкты төлөгөндүгүн ырастаган, же аны төлөөдөн бошотулгандыгын күбөлөндүргөн документти;".

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-сентябрындагы № 687 "Кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана автотранспорт каражаттарын башкарууга ишеним каттарды каттоонун бирдиктүү системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 664 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6. Бул токтом 2012-жылдын 11-июнунан баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
