Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 августа 2012 года № 596 "Об утверждении Программы и Плана мероприятий Правительства Кыргызской Республики по противодействию коррупции на 2012-2014 годы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-30.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2012-жылдын 28-майы № 327 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Планды белгиленген мөөнөттө сөзсүз түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин ушул Планды жана коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарын аткаруу жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына берип турушсун;
- Планды ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүшсүн.
3. Планды ишке ашыруунун жүрүшү ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Биринчи вице-премьер-министр
А.Карашев
Тиркеме
2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
| № | Иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлүүчү натыйжалар |
|---|---|---|---|---|
| 1 2 3 4 5 | ||||
| 1. Коррупция менен күрөшүүнүн чаралары | ||||
| Максаты: кызмат адамдарын сатып алууну, мамлекеттик мүлктү уурдоону, кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдала- нууну, мыйзамсыз баюуну, кандайдыр бир мыйзамсыз артыкчылык берүүнү жана убада кылууну же сунуштоону, ошондой эле опузалап пара талап кы- лууну коррупция катарында таануу жана кылмыш-жаза жоопкерчилигин кол- донуу. Баалоонун ченелүүчү индикаторлору: мамлекеттик мүлктү уурдоо, корруп- циянын натыйжасында алынган акчаларды адалдоо үчүн, коррупциялык ак- тынын натыйжасында билип туруп алынган мүлктү жашыруу үчүн, коррупция жөнүндөгү иштер боюнча сот адилеттигине тоскоолдук кылуу, опузалап пара талап кылуу, кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыя- наттык менен пайдалануу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинин натыйжалуу чараларынын болушу | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 1 | Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан ачык жана жашырын оперативдүү маалыматтар болгон учурда коррупциялык ишке тиешеси бар адамдардын жана уюмдардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча биргелешкен максатка ылайыктуу оперативдүү-издөө иш-чараларын өткөрүү | МУКК ККК, ИИМ, МБК ЭККМК | Дайыма | Коррупциялык кылмыштарды профилактикалоодо жана ачууда натыйжалуулук. Келип түшкөн маалыматты функциялык жоопкерчилигине жараша конкреттүү укук коргоо органдары тарабынан текшерүү процессинин оперативдүүлүгү жана ачыктыгы |
| 2 | Экономика, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө, ошондой эле мамлекеттин үлүшү бар ишканаларда жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана фискалдык органдарынын ортосунда оперативдүү маалыматты алмашуунун тартибин иштеп чыгуу | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ИИМ, МСК, МБК, ЭККМК | Дайыма | Козголгон кылмыш иштери боюнча далилдөөчү базаны камсыз кылуу, териштирүүнүн процессин жана мөөнөттөрүн контролдоо |
| 3 | Укук коргоо органдары тарабынан коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча чараларды ишке ашырууда жарандардын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын контролдоо боюнча чараларды көрүү. Ушул максаттарда укук коргоо органдары менен жарандык сектордун натыйжалуу өз ара аракеттерин аныктоо | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ИИМ, МСК, МБК, ЭККМК, КИК (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Укук коргоо органдарынын ишинин ачыктыгы, коррупцияга каршы аракеттенүү жана аларды аткарылуусун контролдоо чараларына жарандык сектордун көмөктөшүүсүнүн механизмин жайылтуу |
| 4 | Бул категориянын кылмыштары жөнүндө кылмыш-жаза иштери боюнча тергөөнүн сапатына жана толуктугуна, алар боюнча кабыл алынган процесстик чечимдердин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп, коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын аткарылышын дайыма көзөмөлдөө | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Негизсиз кармоолордун, текшерүүлөрдүн жана башка көрүнүштөрдүн санын азайтуу жана кызматтык ыйгарым укуктардан кыянаттык менен пайдалануу |
| 5 | "Күбөлөрдү, жабырлануучуларды, жана сот арачыларын жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча чараларды камсыз кылуу | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), ИИМ МУКК, МБК, ЭККМК | 2012-жыл- дын 3-кварталы | Кылмыш-жаза иштери боюнча далилдерди камсыз кылуу, токтотулган иштердин жана актоочу өкүмдөрдүн санын азайтуу |
| 6 | "Сот адилеттиги" автоматташтырылган системасын бардык жерде жайылтууну улантуу жана камсыз кылуу | Жогорку Соттун алдындагы Сот департаменти (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 3-кварталы | Соттук текшерүүнүн ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу. Кабыл алынган чечимдердин жана соттордун деңгээлинин сапатын коомчулук тарабынан баалоо |
| 2. Коррупциянын алдын алуу боюнча чаралар | ||||
| Максаты: коррупция менен күрөшүү - мамлекеттин милдети, аны натыйжа- луу аткаруу үчүн баарынан мурда коррупцияны профилактикалоого жазык- тык куугунтуктоо чараларына гана алып келбөөсү керек болгон, баарын ичине камтыган жана дисциплина аралык мамиле зарыл. Баалоонун ченелүүчү индикаторлору: мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жана айкындыгын, мамлекеттик органдарга кадрларды тандап алуунун ачыктыгын, мамлекеттик кызматчылар жана башка кызмат адамдары үчүн жүрүм-турум кодекстерин кабыл алууну камсыз кылууга, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда ачыктыкты жана атаандаштыкты камсыз кылууга, коррупцияга каршы аракеттенүүдө негизги өнөктөш катары жа- рандык коомдун катышуусун камсыз кылууга, мамлекеттик органдардын иши жөнүндө маалыматтардын толуктугун жана маалыматтарга кирүүнү камсыз кылууга багытталган коррупциянын алдын алуу боюнча натыйжалуу чара- лардын болушу | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 2.1. Мыйзам чыгаруучулук база | ||||
| 7 | Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун Конвенциясына улуттук мыйзамды ылайык келтирүү максатында "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешине киргизүү | МУКК ККК, ЮМ, ТИМ, ИИМ, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 2-кварталы | Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө БУУнун Конвенциясына ылайык коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин күчөтүү. Коррупция менен күрөшүүнүн укуктук жана институциялык базасын күчөтүү |
| 8 | Мыйзам чыгаруучулук базанын жоболорун күчөтүү жана коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мыйзам чыгаруучулук негиздерин түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | Башпрюкура- тура (макулдашуу боюнча), ЮМ, МУКК ККК | 2012-жыл- дын 2-кварталы жана андан ары дайыма | Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мыйзам чыгаруучулук негиздерин түзүү. Ченемдик укуктук актылардагы, чечимдерди кабыл алууда чиновниктерге вариациялык мүмкүнчүлүктү, башкача айтканда ашыкча администрациялык тоскоолдуктарды берген шилтеме жасалган, альтернативдүү ченемдерди жоюу |
| 9 | Азыркы иштеп жаткан мыйзамдардагы жана мыйзам актыларындагы, ошондой эле мамлекеттик органдардын жоболорундагы коррупциялык факторлорду табуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жүргүзүү. Талдоонун жыйынтыгы боюнча ЧУАнын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн жана Президенттин кароосуна киргизүү | ЮМ, МУКК ККК, Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 3-кварталы жана андан ары дайыма | Инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө тоскоол болгон коррупциялык факторлорду жоюу |
| 10 | Талапкерлерди мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга дайындаганга чейин (соттолгондугу, дискредиттөө жана башка жаман себептер боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан кетүүсү жөнүндө) аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан милдеттүү текшерүүнүн механизмин жайылтуу максатында "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү | ЮМ, Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча), МУКК ККК | 2012-жыл- дын 2-кварта- лынын аягына чейин | Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн мыйзам чыгаруучулук негиздерин түзүү |
| 11 | "Электрондук мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" жана "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү | ФМ, ЭМСМ | 2012-жыл- дын 2-кварта- лынын аягына чейин | Чечимдерди мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкын системасын түзүү |
| 12 | Республиканын билим берүү жана илим мекемелеринде акча каражаттарын негизсиз жыйноого мүмкүндүк берген шарттарды жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүн жөнгө салган азыркы иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү | БИМ | 2012-жыл- дын ичинде | Билим берүү чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин жакшыртуу |
| 13 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук байкоочу кеңештеринин ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу | КРӨМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын ичинде | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин жакшыртуу |
| 2.2. Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча чаралар | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 14 | Учурдагы пландын жоболорун эске алуу менен коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ички ведомстволук планды иштеп чыгуу жана бекитүү. Коррупция менен күрөшүү боюнча иш-чараларды уюштуруу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчиликтүү боло тургандыгын белгилөө Курамына жарандык сектордун жана КБКнын өкүлдөрүн тартуу менен ыктыярдуу жана кайтарымсыз негизде коррупциянын алдын алуу боюнча дайыма иштөөчү комиссияны (жарандык контролдоо комитетин) түзүү Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ички ведомстволук пландарды ишке ашырууну коомдук пикирдин негизинде иштелип чыккан КБКнын сунуштарын эске алуу менен жүргүзүү | Өкмөттүн Аппаратынын координация- лоосунун алдындагы мамлекеттик органдар | 2012-жыл- дын 2-кварталы 2012-жыл- дын 2-кварталы Дайыма | Пландын иш-чараларын аткарууну камсыз кылуу. Башка министрликтердин жана ведомстволордун укуктук колдонуу практикасын пайдалануу, коррупцияга каршы моделдерди иштеп чыгуу, ошондой эле жакшы тажрыйбаларды таратуу жана табылган проблемаларды жоюу Мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын алга жылдыруу үчүн жоопкерчиликти министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине жүктөө |
| 15 | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жана жарандык сектордун жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен төмөнкү маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрүү: - коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупциялык жана башка укук бузууларды профилактикалоо боюнча өткөрүлүүчү иштин натыйжалуулугу; - Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу; - Планды ишке ашыруу; - коррупция боюнча башка маселелер | Өкмөттүн Аппаратынын координация- лоосунун алдындагы мамлекеттик органдар | Дайыма | Коррупция менен күрөшүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугу үчүн контролду камсыз кылуу. Бул камсыздоо бардык мамлекеттик түзүмдөргө жайылтуу үчүн өзүнчө алынган ведомстводо коррупция менен күрөшүү боюнча мүнөздүү каталарды табууга жана натыйжалуу методдорду жабдууга алууга мүмкүндүк берет |
| 16 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында төмөнкү маселелерди кароону уюштуруу: - Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарын БУУнун Коррупция боюнча конвенциясына ылайык келтирүү боюнча чаралар жөнүндө; - коомдо коррупцияга карата жек көрүүчүлүк мамилени түзүү боюнча жана жарандар көп туш болгон (турмуш-тиричилик коррупциясы) коррупциялык кылмыштарды жасоого мүмкүндүк берген шарттарды жоюу боюнча иштер жөнүндө; - эл аралык коррупцияга каршы демилгелерге Кыргыз Республикасынын катышуусу жөнүндө; - сот коомунун органдарына жана Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча кеңешине консультациялык жардам көрсөтүү жөнүндө | Өкмөттүн Аппараты, МУКК ККК, ИИМ, ЮМ, ЭМСМ, ТИМ, БИМ, МТМ, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Мамлекеттин коррупцияга каршы саясатын конкреттүү этапта ишке ашыруу |
| 17 | Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин социалдык жактан корголуусун жакшыртуу, коррупцияга каршы жүрүм-турумунун мотивациясын жогорулатуу жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн материалдык стимулдаштыруунун (айлык акыны көтөрүү) кошумча чараларын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу | Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча), ФМ, СӨМ, ЖЭКИМ | 2012-жыл- дын 2-кварта- лынын аягына чейин | Коррупциянын пайда болуу коркунучтарын азайтуучу шарттарды түзүү |
| 2.3. Коррупциялык схемаларды жоюу боюнча чаралар | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 18 | Энергетикадагы, кен байлыктарды пайдалануудагы, трансформациялоодогу жана жер бөлүштүрүүдөгү, жер тилкелерин сатуудагы, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана алдын алуу боюнча иш-чаралардын өкмөттүк планын иштеп чыгуу | Өкмөттүн Аппараты, ЭӨМ, МКК, КРӨМА, СӨМ, ИИМ, ЭККМК, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК | 2012-жыл- дын 15-авгус- туна чейин | Коррупциялык схемаларды табуу жана жоюу. Мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу. Мамлекеттик органдардын ири долбоорлору боюнча иш-чараларды КБК менен макулдашуу жана өз ара аракеттенүү. Конкреттүү чөйрөдөгү коррупциялык укук бузуулар менен күрөшүүгө жана азыркы болуп жаткан коррупциялык механизмдерди жоюуга багытталган системалык жана уюштуруучулук мүнөздөгү сунуштарды иштеп чыгуу |
| 19 | Билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, бажы жана салык чөйрөсүндөгү, миграция жана жумуш менен камсыздоо, энергетика системасында, калкты, кыймылсыз мүлктү, транспорттук каражаттарды, ЖАСты, ЖККББны паспорттоштуруу/каттоо, шаар куруу жана башка чөйрөлөрдөгү коррупциялык коркунучтарды аныктоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы моделдерин түзүү жана администрациялык процедураларын талдоо максатында жумушчу топ түзүү | Өкмөттүн Аппараты, ЭМСМ, ЮМ, ФМ, ЖЭИКМ, ССМ, КРӨМА, ЖАМК, МКК, ИИМ, МУКК ККК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 2-кварта- лынын аягына чейин | Коррупциялык коркунучтарды аныктоо. Мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн иш-чаралардын ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу. Жумушчу топтордун отчетторун жарыялоо. Мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын өтө коррупциялашкан иш чөйрөлөрүн табуу |
| 20 | Кийинки сунуштарды киргизүү менен мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды табуу максатында, мамлекеттик органдардын КБКлары менен бирдикте мамлекеттик органдардын ведомстволук актыларын талдоо боюнча иш-чараларын өткөрүү. Алардын иш процессинде табылган коррупциялык көрүнүштөрдү, мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн документтерден башкасын, ЖМКда чагылдыруу | Өкмөттүн Аппараты, мамлекеттик органдар | Квартал сайын Дайыма | Мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди коомдук жана коррупцияга каршы контролдоо |
| 21 | Ыктыярдуу жана кайтарымсыз негизде курамына жарандык сектордун жана КБКнын өкүлдөрүн тартуу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу дайыма иштөөчү коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиясын (жарандык контролдоо комитеттерин) түзүү | КРӨМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 2-кварта- лынын аягына чейин | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюуда жарандык коомдун катышуусун камсыз кылуу |
| 22 | Милдеттүү лицензиялоого тийиштүү болгон иш түрлөрүнүн конкреттүү тизмесин бир мыйзам менен аныктоо, бир эле иштин түрүн эки ирет лицензиялоодон алыс болуу, лицензиялоо критерийлеринин так эмес формулировкаларын жоюу, так лицензиялоо талаптарын аныктоо жана лицензиялоо органдарынын функцияларынын бир бөлүгүн өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга берүү максатында "Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү | ЭМСМ кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте эл аралык эксперттер- ди, бизнес-ассо- циациялардын өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча) тартуу менен | 2012-жыл- дын 4-кварталы | Лицензиялоо ишинин түрлөрүнүн тизмесин азайтуу, документтерди кароонун жана лицензияларды берүүнүн ачыктыгы, ашыкча милдеттүү талаптардан баш тартуу, мамлекеттик органдардын ишкердик ишке кийлигишүүсүн азайтуу |
| 23 | Чечимдерди кабыл алууда жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө видео жазууну пайдалануу жана жайылтуу менен жана тийиштүү комиссиялардын курамына коррупциялык коркунучтарды азайтууга мүмкүнчүлүк берген КБКнын мүчөлөрүн кошуп, ачыктык жана айкындык шарттарды уюштуруу үчүн мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуу жана ачык-айкын системасын иштеп чыгуу. Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча бир органды аныктоо. Сатып алуулар процедурасынын ачык-айкындыгын жогорулатуу үчүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн электрондук системасын жайылтуу. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө бардык маалыматтар, мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтардан башкасы, коомчулук үчүн ыңгайлуу болуусу зарыл | ФМ, ЭМСМ ФМ, ЭМСМ | 2012-жыл- дын 2-кварта- лынын аягына чейин 2012-жыл- дын ичинде | Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууда бюджеттик каражаттардын ачыктыгын камсыз кылуу Кабыл алынган чечимдерди жана шарттарды коомдук чагылдыруу менен, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча бир орган аныкталат. Функцияларды бир кызматкерге (сатып алуулар алуулар боюнча сертификат берилген адис) жүктөө же сактоо менен мамлекеттик органдарда болгон мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүкчөлөр жоюлат |
| 24 | Кесипкөйлүктүн жана компетенттүүлүктүн объективдүү текшерилген критерийлеринин маанисин жогорулатуу жолу менен мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин кызматтык өсүүсүн камсыз кылуу жана жалдоо системасын жакшыртуу | Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын ичинде | Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин аппаратын түзүүдө атаандаштык шарттарды камсыз кылуу |
| 25 | Мамлекеттик администрациялык кызмат орундарга кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоонун тартибин жөнгө салуу, аларга карата квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу | Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 3-кварталы | "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү |
| 26 | Коррупциялык коркунучтарды жоюу максатында, ишкердик ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу процессин жакшыртуу. Ишкердик ишин жөнгө салуучу ЧУА РТА Жаңы методикасын иштеп чыгуу жана жайылтуу | ЭМСМ, ЮМ | Дайыма | Ишкердиктин өнүгүүсүнө терс таасир берүүчү ЧУАнын кабыл алынуусун алдын алуу |
| 27 | БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын жоболорун эске алуу менен конфискациялоого тийиштүү болгон кылмыштуу иштин кирешелерин аныктоого байланышкан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), ФЧМК, ЭККМК, ИИМ, МУКК ККК | 2012-жыл- дын ичинде | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү |
| 28 | Мамлекеттик кызматчылардын декларацияларын текшерүүнүн жана верификациялоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу. Туура эмес маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчиликтин конкреттүү чараларын өркүндөтүү жана аныктоо | Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча), Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ЭККМК | 2012-жыл- дын ичинде | Мамлекеттик кызматчылардын кирешелерин жана чыгашаларын контролдоонун иштиктүү механизмин түзүү |
| 29 | Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды автоматтык түрдө сүрөткө алуу жана видео аркылуу белгилөөнү иштеп чыгуу жана жайылтуу. "Коопсуз шаар" пилоттук программасын ишке ашырууну улантуу | ИИМ, ФМ | 2012-жыл- дын ичинде этап боюнча | Кыргыз Республикасынын ЖККББ системасында коррупция деңгээлин төмөндөтүү. Төлөмдөрдүн бюджетке натыйжалуу администрациялык практикалануусу жана түшүүсү |
| 30 | Кылмыштарды жана укук бузууларды эсепке алуунун китептерин колдонуудан эсепке алуунун электрондук системасына өтүү жолу менен тергөө иш-чараларын жашыруу жана сапатсыз аткаруу фактыларына каршы аракеттенүү | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК, БКМК, ЭККМК, ЖАМК, МБК, ФМ | 2012-жыл- дын ичинде этап боюнча | Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө жарандардын берген арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын эсепке алуу процессин оптималдаштыруу |
| 31 | Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун сунуштарын эске алуу менен, башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап көрүп, коррупцияга каршы ведомстволордун кийинки консолидациясынын жана чыңдалышынын мүмкүнчүлүгүн орточо тездиктеги перспективада кароо | Өкмөттүн Аппараты, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), ИИМ, МУКК ККК | 2012-2013- жылдар | Коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жүргүзүү жана координациялоо үчүн институциялык колдоону өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу органды түзүү |
| 32 | Аларды кийин адистештирүү жана консолидациялоо максатында, коррупция менен күрөшүүгө тартылган укук коргоо органдарынын азыркы функцияларын инвентарлоо жана талдоо | Өкмөттүн Аппараты, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ИИМ, ЭККМК | 2012-жыл- дын 3-кварталы | Укук коргоо органдарынын функцияларын оптималдаштыруу |
| 33 | Коррупция менен күрөшүү жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук инструменттерде каралган чекте, коррупциялык кылмыштык укук бузуулар үчүн юридикалык тараптардын натыйжалуу жана таасирдүү жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын укук системасына киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо | ЮМ, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), ФЧМК, МУКК ККК, ЭККМК | 2012-жыл- дын ичинде | Юридикалык тараптардын жоопкерчилигинин концепциясын колдонгон өлкөлөрдүн укук колдонуу практикасын тажрыйбасын пайдалануу |
| 34 | Эгер мындай маалыматтар тергөөгө чейинки текшерүүнү жана мүмкүн болгон кылмышты алдын ала териштирүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болсо, ошондой эле мындай маалыматтарга кайрылуу мыйзамга ылайык санкцияланган болсо, укук коргоо органдары тарабынан банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарга кирүүнү камсыз кылуу боюнча жана салык, бажы органдарында конкреттүү жеке жана юридикалык тараптарга карата эл аралык тажрыйбаны талдоо жана эл аралык мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен укуктук ченемдердин жайылтуунун мүмкүнчүлүгүн кароо | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), ФЧМК, УБ (макулдашуу боюнча) эл аралык донорлор жана институттар менен бирдикте | 2012-жыл- дын ичинде | Коррупциялык иштер боюнча тергөөгө текшерүүнүн чегинде кылмыш-жаза иши козголгонго чейин банктык маалыматтарга кирүүнү камсыз кылуу. Коррупциялык кылмыштарды териштирүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу |
| 35 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иммунитетке ээ коррупциялык укук бузууларга катышкан адамдарга карата кароонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин жана териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн укуктук механизмдерин иштеп чыгуу | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК | 2012-жыл- дын ичинде | Коррупциялык укук бузуулар үчүн териштирүүнү жүргүзүү жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тоскоолдуктарды жоюу |
| 36 | Өзүнчө партияларга жана талапкерлерге карата дискриминациялоо мүмкүнчүлүктөрү пайда болбоосу үчүн саясий партиялардын, талапкерлердин жана шайлоо кампанияларынын каржылануусунун коомдук отчеттуулугун камсыз кылуу, шайлоо фонддорун түзүүдө жана пайдаланууда ачык-айкындуулукка кепилдик берүү. Өзүлөрүнүн шайлоо алдындагы кампанияларын каржылоо үчүн ошол талапкерлер тарабынан пайдаланылуучу "администрациялык ресурс" түшүнүгүнө аныктама берүү жана бул "администрациялык ресурстарды" пайдаланууга тыюу салуу | БШК (макулдашуу боюнча), ЮМ, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ФЧМК | Дайыма | Саясий партиялардын жана талапкерлердин каржылануусуна мониторинг жүргүзүү. Саясий партиялардын отчеттуулугу жыл сайын тийиштүү уюмдарга берилүү менен гана чектелбестен, жарыялануусу да керек. Шайлоо фонддорун пайдалануу жөнүндө отчетторду түзүү жана жарыялоо да зарыл |
| 37 | Экономикалык жана социалдык маанидеги маалыматтык массивдерди түзүү процесстерин автоматташтыруу, экономикалык иш субъекттеринин каржылык көрсөткүчтөрүн талдоо жана мониторинг жасоо үчүн маалыматтык банкты түзүү маселесин иштеп чыгуу | ЭМС МСК, СИУИ, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын ичинде | Маалыматтык банктын иштөөсү экономиканын бардык секторлорунда жана тармактарында товарларды өндүрүүнүн жана тейлөөлөрдүн жашырын жана мыйзамсыз көлөмдөрүн табуу жана баалоо боюнча уюштуруучулук жана методологиялык чаралардын комплексин иштеп чыгуу боюнча ишти жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча ишти уюштурууда предметтүүлүктү киргизет |
| 2.4. Калктын укуктук жактан жетилүүсү | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 38 | Өкмөттүн коррупцияга каршы сайтына төмөнкүлөрдү жайгаштырууну камсыз кылуу: - "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, саясий жана башка атайын мамлекеттик кызмат орундарды ээлеген адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө жыйналган маалыматтарды; - коррупцияга каршы тематика боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын | Өкмөттүн Аппараты Мамлекеттик кадр кызматы менен бирдикте (макулдашуу боюнча) Өкмөттүн Аппараты | 2012-жыл- дын 2-кварталы Дайыма | Мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын ишинин коррупцияга каршы багыты жөнүндө маалыматтарды калктын калың катмарына киргизүүнү камсыз кылуу |
| 39 | Мамлекеттик органдардын өткөрүлгөн коррупцияга каршы иш-чаралар жөнүндө, ошондой эле коррупциялык жана экономикалык кылмыштарга байланыштуу жана кызмат адамдарына карата козголгон кылмыш-жаза иштерин териштирүүнүн натыйжалары жөнүндө ЖМК аркылуу коомчулукка маалымат берүү. Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында "Таза сессия" акциясын өткөрүү жана ЖМКда жарыялоо. Коррупцияга каршы тематика боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирүү, ошондой эле жыйындарды, "тегерек столдорду", конференцияларды, лекцияларды, семинарларды, брифингдерди өткөрүү практикасын улантуу, аны менен бирге тренингдик окуулардын жаңы методдорун жана формаларын пайдалануу | МУКК ККК, ИИМ, ЭККМК, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар, ЖМК (макулдашуу боюнча) БИМ | Квартал сайын отчет менен дайыма Квартал сайын отчет менен дайыма | Мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө өз укуктары жөнүндө билимдерди тереңдетүү мүмкүндүгү жана коррупциялык элементтерди азайтуу |
| 40 | Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу жана укуктук пропагандалоо боюнча иштин чегинде, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө алардын укуктарын, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизги жоболорун коомчулукка түшүндүрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу. Кыргыз Республикасынын аймагында, окуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн наркын көрсөтүү менен окутуу тейлөөлөрүн көрсөтүүчү билим берүү мекемелеринин маалымат базасын түзүү. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү тейлөөлөр жана аларга белгиленген тарифтер жөнүндө ЖМК аркылуу коомчулукка маалымат берүү. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн тизмесин жалпыга ыңгайлуу болгон жерлерге жайгаштыруу | ЮМ мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), өкмөттүк эмес уюмдар менен бирдикте БИМ ЭМСМ | Дайыма 2012-жыл- дын 3-кварталы 2012-жыл- дын 2-кварталы | Билим берүүнүн жана тарбиялоонун ар түрдүү проблемалары боюнча коомчулукка маалымат берүү |
| 41 | Мамлекеттик органдардын веб-сайттарына жана ЖМКга мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтардан башка, бардык деңгээлдеги бюджеттердин жана инвестициялардын долбоорлорунун аткарылышы жөнүндө отчетторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитордук отчеттору боюнча материалдарды жарыялоо. Бухгалтердик эсепке алуунун системасын жана мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтардан башка, бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча мамлекеттик органдардын борбордук аппараттарынын чыгашаларынын сметасын аткарууну комплекстүү автоматташтыруу | Эсеп палатасы (макулдашуу боюнча), ФМ, мамлекеттик органдар ФМ Мамфинкөзө- мөл менен бирдикте | Дайыма 2012-жыл- дын аягына чейин | Эсепке алуу жана отчеттуулук боюнча сапатын жогорулатуу. Эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык каржылык эсепке алуу жана отчеттуулук системасын модернизациялоо |
| 42 | Даректүү тасмаларды жана башка медиапродукцияларды даярдоо менен агартуучулук иштер аркылуу коррупцияга карата коомдун терс мамилесин жаратуу. Калк үчүн коррупциялык коркунучтар, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жолдору жана коррупцияга каршы жүрүм-турум жөнүндө атайын окутуучу программаларды ишке ашыруу. Орто, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайларда окугандар үчүн коррупция жана аны менен күрөшүүнүн формалары тууралуу окуу курстарын/атайын программаларды иштеп чыгуу. Мектепке чейинки балдар мекемелеринин ата-энелер комитеттери (кеңештери) менен бирдикте коррупциянын жагымсыз таасири жөнүндө тааныштыруу (таанып билүү) иш-чарларын дайыма өткөрүү | Өкмөттүн Аппараты эл аралык донорлор, өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча) менен бирдикте БИМ, Кесиптик- техникалык билим берүү боюнча агенттик | Дайыма 2012-жыл- дын 3-кварталы | Коррупцияга каршы жүрүм-турум жөнүндө коомчулукка маалымат берүү |
| 2.5. Социалдык изилдөөлөр, талдоо жана мониторинг | ||||
| Максаты: 1. Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууга карата өкмөттүк эмес уюмдарды, эл аралык жана эксперттик коомчулукту милдеттүү түрдө тартуу менен үзгүлтүксүз мониторинг жасоо жана баа- лоо; 2. Коррупциянын деңгээли жана коррупциялык коркунучтар жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле коррупциянын чыныгы масштабдары жана бул көрүнүштүн полиция, сот, мамлекеттик сатып алуулар боюнча органдар, салык жана бажы кызматтары, билим берүү жана саламаттык сактоо ж.б. системалар сыяктуу белгилүү институттарга таасир этүүсүнүн чыныгы деңгээлин аныктоо жөнүндө так маалыматтарды алуу үчүн эл аралык стан- дарттарга ылайык келген ачык-айкын методиканын негизинде кароолорду жана тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүү; 3. Коррупцияны, коррупциянын курмандыгы болгон фокус-топтордун жана адамдардын катышуусу менен сурамжылоону, ошондой эле ченемдик укуктук базаны жана мамлекеттик органдардын ички жоболорун баалоону изилдөөлөрдө жарандык коомдун институттарынын кеңири катышуусун кам- сыз кылуу. Баалоонун ченелүүчү индикаторлору: көз карандысыз изилдөөлөрдү жүргүзүү; коррупциянын деңгээли жана мамлекеттик органдарда коррупци- янын таасир этүүсүнүн деңгээли жөнүндө көз карандысыз отчетторду элге жарыялоо; коррупция менен күрөшүү боюнча мыйзамдын укук колдонуу практикасы жөнүндө, ошондой эле Коррупцияга каршы саясаттын мамлекет- тик стратегиясынын бүтүндөй жоболорун жана ошону менен катар аны ишке ашыруу боюнча аракеттердин пландарын элге жарыялоо | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 43 | Калктын ар түрдүү топторун, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын сурамжылоо жолу менен Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын жетишкендиктеринин (ийгиликсиздигинин) себептерин талдоо | КИК жана консалтинг компаниялар (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, СИУИ, Улутстатком (макулдашуу боюнча) | Бир кварталда бир жолу изилдөө | Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо |
| 44 | Аймактарда коррупция менен күрөшүү проблемаларын жеринде изилдөө максатында, ӨЭУнун, ЖМКнын активисттери менен, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен төмөнкүдөй максаттарда жолугушууларды өткөрүү: - коррупция менен натыйжалуу күрөшүүнү жүргүзүүгө тоскоол болгон себептерди жана шарттарды табуу; - аларды классификациялоо жана алар менен күрөшүүнүн методун аныктоо; - жыйынтыгы боюнча мыйзам чыгаруучулук жана уюштуруучулук мүнөздөгү конкреттүү сунуштарды даярдоо жана Өкмөткө киргизүү; - жеринде коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү борборун даярдоо | КИК (макулдашуу боюнча) эксперттер- ден мобилдик топторду түзүү менен, КРӨАМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Бир жыл ичинде | Алардын укуктары менен эркиндиктерин бузууга каршы күрөшүү боюнча чечкиндүү аракеттерге коомчулукту активдештирүү |
| 45 | "Коррупциянын деңгээлинин барометри" он-лайн режиминде мамлекеттик органдардагы, жеке сектордогу жана эл аралык компаниялардагы коррупциянын деңгээлин көз карандысыз баалоо | КИК (макулдашуу боюнча), консалтинг компанияла- ры, бизнес коомчулук (макулдашуу боюнча), КБК (макулдашуу боюнча), МУКК ККК | Бир жылда эки жолу изилдөө | Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо |
| 46 | Ички иштер органдары, соттор, мамлекеттик сатып алуулар боюнча органдар, салык жана бажы кызматтары, билим берүү жана саламаттык сактоо ж.б. системалар сыяктуу мамлекеттик органдарга коррупциянын таасир этүүсүнүн деңгээлин жана кесепеттерин талдоо | КИК (макулдашуу боюнча), консалтинг компанияла- ры, бизнес коомчулук- тар, КБКнын биргелешкен тобу (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ИИМ, ЭККМК, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), Жогорку сот (макулдашуу боюнча) | Коррупция- нын деңгээли жогору болгон мамлекет- тик органдарда бир жыл ичинде бир изилдөө | Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо |
| 47 | "Мамлекеттик органдардын ишине карата калктын ишеним индексине" ылайык мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына калктын ишеним деңгээлин баалоо | КБК (макулдашуу боюнча), жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча), КРӨМА, Улутстатком (макулдашуу боюнча), СИУИ | Жылдын башында жана аягында | Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо |
| 48 | Саясий коррупцияны азайтуу үчүн мамлекеттик чиновниктердин 2011-жылдагы декларацияларына мониторинг жасоо жана талдоо | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), "Жарандар коррупцияга каршы" УБ (макулдашуу боюнча), Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 2-кварталы | Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо |
| 49 | Коррупциянын рейтинги жогору болгон мамлекеттик органдардын түз байланыштарынын, коомдук кабылдамаларынын жана "ишеним телефондорунун" ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо | КИК (макулдашуу боюнча), КБК, СИУИ (макулдашуу боюнча) | Жылына бир жолу | Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо |
| 50 | Бизнестин коррупцияга дуушар болуусун талдоо жана мониторинг жүргүзүү аркылуу өлкөнүн инвестиция тартуу деңгээлин баалоо | КИК (макулдашуу боюнча), бизнес коомчулук (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо |
| 51 | Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик сатып алуулардын системасынын ачык-айкындыгын баалоо жана мониторинг жүргүзүү | КИК (макулдашуу боюнча), КБК (макулдашуу боюнча), жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча) | Дайыма | Мамлекеттик бюджетти натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сатып алуу системасынын ачык-айкындыгына, жеке жоопкерчилигине жана отчеттуулугуна жетишүү |
| 52 | Мамлекеттик органдардын материалдарын, отчетторун жана эксперттик коом тарабынан өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжаларын мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоо | КИК (макулдашуу боюнча), КБК (макулдашуу боюнча), жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча), СИУИ | Дайыма | Коомчулукка маалымат берүү |
| 2.6. Окутуу жана кадрлар | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 53 | Коррупцияга каршы турууга катышуу кызматтык милдеттерине кирген мамлекеттик кызматкерлерди, укук коргоо органдарынын, фискалдык органдардын жана атайын кызматтардын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программасын иштеп чыгуу | Кыргыз Республика- сынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ИИМ, ЭККМК | 2012-жыл- дын 3-кварталы | Коррупцияга каршы туруу боюнча укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу |
| 54 | Коррупциянын абалын изилдөө боюнча "Трансперенси Интернешнл" методологиясынын негизинде коррупциянын деңгээлине баалоо барометрин эске алуу менен иштеп чыгуу жана Өкмөттүн бекитүүсүнө киргизүү Методикалык сунуштардын даярдалышын (Европа союзун сунуштарын колдонуу менен) камсыз кылуу | КИК (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республика- сынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), ЭМСМ, МУКК ККК, Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча), СИУИ | 2012-жыл- дын 2-кварталы | Өкмөт тарабынан жактырылган методология |
| 55 | Коррупциялык байланыштардын пайда болуусун алдын алуу максатында кадрдык орун алмаштырууну жүргүзүүнү колдонуу - кадрлардын орун алмаштыруусунун ички ведомстволук планын иштеп чыгуу аркылуу коррупцияны алдын алуу боюнча ишти: - орун алма жол-жоболорунун мыйзамдуулукка жана ачыктыкка; - мамлекеттик органдын кадрдык курамын талдоого; - коррупциялык укук бузуулар пайда боло турган мамлекеттик кызматчылардын ишинин участкаларын изилдөөгө; - мамлекеттик кызматчыларга карата түшкөн жарандардын айыптарын жана даттанууларын талдоого негиздеп күчөтүү | Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) кадрдык маселелерди тейлеген мамлекеттик органдардын статс-катчы- лары жана/же жетекчилер- дин орун басарлары менен бирдикте | Дайыма | Орун алмаштыруу боюнча ички ведомстволук пландар |
| 56 | Коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдарынан бошотулган адамдар жөнүндө маалыматтарды топтоо үчүн маалымат базасын түзүү жана колдонуудагы мыйзамдарга тийиштүү толуктоолорду киргизүү | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ИИМ, ЖАМК, БКМК, МБК, ЭККМК, ЮМ | 2014-жылга чейин | - өзүн каралаган адамдарды табуу жана кайра жетектөөчү кызмат орундарга дайындалышына жол бербөө; - кадрдык потенциалды жогорулатуу; - маалымат-аналити- калык кызматтарды ыкчам көрсөтүү |
| 57 | Түздөн-түз коррупцияга каршы туруу боюнча иштей турган укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызматкерлеринин тандоосунун так милдеттүү талаптарын жана критерийлерин, ошондой эле психометрикалык тестирлөөнү иштеп чыгуу | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ИИМ, ЭККМК | 2012-жыл- дын 2-кварта- лынын аягына чейин | Кадрдык маселелерди чечүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу, жеке берилгендик, бир биринин айыбын жашыруучулук принциби боюнча адамдарды кызматка алууну жокко чыгаруу |
| 2.7. Электрондук өкмөт | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 58 | Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун өз ара аракеттеринин натыйжалуулугун арттыруу максатында документ жүгүртүүнүн электрондук системасын киргизүү | Өкмөттүн Аппараты, ИКТ Кеңеши, ФМ | 2014-жылга чейин | - Коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү; - маморгандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк, жеке сектор жана ӨЭУ үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн маалыматтык- коммуникациялар технология (МКТ) каражаттары аркылуу камсыздоо; - мамлекеттик сатып алуу системасынын ачык-айкындыгы; - маморгандардын өз ара аракеттенүүсүнүн ыкчамдуулугу жана натыйжалуулугун жогорулатуу; - бюджеттик каражаттарды экономдоо; - башкарууну реформалоо |
| 59 | Кабыл алынып жаткан мыйзам жана ченемдик укуктук актыларды колдонуу жана объективдүүлүгү менен ачыктыгын жогорулатуу үчүн (маморгандардын, бизнес коомчулуктун, ӨАБ органдарынын жана жарандардын) ыкчам, электрондук өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган маалыматтык-коммуника- циялык технологияларды (МКТ-долбоорлорду) каржылоо боюнча сунуштарды киргизүү | Өкмөттүн Аппараты, ФМ | 2014-жылга чейин | - калктын кабардар болуусу; - мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү; - ченемдик укуктук актыларды интерактивдүү талкуулоодо маалымат- коммуникациялык системаларды колдонуу |
| 2.8. Коррупциянын алдын алуу боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүү | ||||
| Максаты: 1. Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын жана корруп- цияга каршы туруу боюнча чараларды ишке ашырууда жарандык коомдун жи- гердүү катышуусун камсыз кылуу; 2. ӨЭУ менен кеңири коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын орто- сунда регулярдуу кызматташууну (формалдуу кеңештерди ж.б.) кеңейтүү; 3. Коомдук консультацияларды жана угууларды өткөрүү аркылуу коррупци- яга каршы чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашыруунун мониторингине кеңири коомчулуктун тартылуусун камсыз кылган жол-жоболорду иштеп чы- гуу. Баа берүүнүн ченелүүчү индикатору: коомдук консультацияларды жана угууларды өткөрүү; маморгандардын коомдук кеңештери жөнүндө мыйзамды кабыл алуу; коррупциянын жогорку деңгээли бар маморгандарды реформа- лоонун альтернативдүү концепцияларын иштеп чыгуу, талкуулоо жана ка- был алуу; он-лайн режиминде мыйзамдарды жарыялоо жана талкуулоо; улуттук платформаны түзүү жана илгерилетүү. | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 60 | Бардык кызыктар болгон тараптар: маморгандар, жарандык коомдун институттары, бизнес-коомчулук, эл аралык донор уюмдар, коомдук байкоочу кеңештер, изилдөө институттары, илимий жана билим берүү мекемелери менен коомдук угуу форматында Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу планын талкуулоо | МУКК ККК, СИУИ, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), КИК (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар | Ай сайын | Коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга кеңири коомчулукту тартуу жана Планга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу |
| 61 | Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча "тегерек столдорду" жана коомдук угууларды өткөрүү менен жарандык коомго мамлекеттик башкаруу органдарынын отчеттуулугунун форматын түзүү | КИК (макулдашуу боюнча), КБК (макулдашуу боюнча), жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар | Графикке ылайык | Жарандык коомго мамлекеттик органдардын отчеттуулугунун механизми |
| 62 | Кызыкдар тараптар менен бирге Ички иштер органдарын реформалоонун альтернативдүү концепциясын талкуулоо | ИИМ, ИИМдин алдындагы КБК (макулдашуу боюнча), жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын II кварта- лы | Ички иштер органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү |
| 63 | ЖККББны реформалоонун концепциясынын долбоорун, аны ишке ашыруу тийиштүү планы менен бирге талкуулоо жана анын жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн кароосуна киргизүү | ИИМ, КИК (макулдашуу боюнча), ИИМдин алдындагы КБК (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын биринчи декадасы | Ички иштер органдарында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү |
| 64 | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн жана диалогдун чегинде Коррупцияга дуушар болууну кыскартуу боюнча концепцияны талкуулоо жана аны ишке ашыруу боюнча сунуштарды Өкмөткө киргизүү | Инвестиция- лык "тегерек стол", КИК (макулдашуу боюнча), бизнес- коомчулук (макулдашуу боюнча), ЭМСМ | 2012-жыл- дын 3-кварталы | Бизнесте ак ниеттүүлүк принциптерин жайылтуу |
| 65 | Маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын өткөрүүнүн комплекстүү методологиясын иштеп чыгуу | СИУИ, жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 3-кварталы | Универсалдуу иштелип чыккан методология |
| 66 | Мындай тренингдерди жана маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын өткөрүүгө ЖКИни тартуу менен, кийинки 3 жылга мамлекеттик мекемелердин, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчулары жана жеке сектордун өкүлдөрү үчүн коррупция менен күрөшүү боюнча окутуучу иш-чаралардын (сарасity buildi№g trai№i№gs) планын иштеп чыгуу жана талкуулоо | СИУИ, жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), Жогорку Сот (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 2-кварталы жана андан ары 2014-жылга чейин | Мамкызматчылардын жана жарандардын потенциалын жогорулатуу |
| 67 | Коррупциянын булактарына жана кесепеттерине, коррупция жана аны менен күрөшүүнүн алдын алуунун инструменттерине тиешелүү, ошондой эле мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө жарандардын укуктары жөнүндө коомчулукка маалымат берүүнү жогорулатуу боюнча кампаниянын стратегиясын жана планын иштеп чыгуу жана талкуулоо | СИУИ, жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), МУКК ККК, ИИМ, ЭККМК, Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын 2-кварталы | Маалыматтык-билим берүү стандарты |
| 68 | "Кыргызстандын ачык-айкындыгы жана өнүгүүсү үчүн" коррупция менен күрөшүү боюнча эл аралык конференцияны уюштуруу жана өткөрүү | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), "Жарандар коррупцияга каршы" БП (макулдашуу боюнча), КИК (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар жана донорлор (макулдашуу боюнча) | 2012-жыл- дын июлу | 2012-2015-жылдар- да Кыргызстандын ачык-айкындуулу- гунун жана өнүгүүсүнүн стратегиясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу |
| 69 | Мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун катышуусу менен коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин талкуулоону жана дискуссиялоону өткөрүү үчүн аянт катары "Мыйзамдуулук, саясий транспаренттүүлүк, коомдук коопсуздук жана адам укуктары үчүн" жалпы улуттук платформа | Кызматташтык жөнүндө меморандум- дун негизинде мамлекеттик органдар жана жарандык коомчулуктун институттары | Дайыма | Коррупция менен күрөшүүнү алга жылдыруу жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн дайыма аракетте болгон коммуникациялуу аянт |
| 3. Эл аралык коммерциялык мамилелерде чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдарын сатып алуу менен күрөшүү | ||||
| Максаты: өзүнүн практикасында коррупциялык жосундарды пайдалангандыгы үчүн чет мамлекеттердин, ошондой эле эл аралык коммерциялык компания- лардын кызмат адамдарынын кылмыш-жаза жоопкерчилигин күчөтүү макса- тында трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана коррупция боюнча чаралар- ды мыйзамдуу түрдө бекитүү. Баалоонун ченелүүчү индикаторлору: пара берүү жана алуу, пара берүүнү убада кылуу жана сунуштоо, бардык мыйзамсыз ыраазылык түрүндө пара берүүнү талап кылуу үчүн чет мамлекеттин кызмат адамдарына кылмыш-жа- за жоопкерчилигин колдонуу; трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы аракеттенүү, кылмыштуу жолдор менен алынган кара- жаттарды адалдоо боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу жана пайдала- нуу жөнүндө өзүнө милдеттенмелерди алуу. | ||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
| 70 | Пара берүүнү "убада кылуу жана сунуштоо" (the promise a№d offeri№g), ошондой эле бардык "мыйзамсыз ыраазылык" (a№y u№due adva№tage) түрүндө пара берүүнү көшөрүп талап кылуу үчүн чет мамлекеттин кызмат адамдарына кылмыш-жаза жоопкерчилигин колдонуу | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), МУКК ККК башка укук коргоо органдары менен бирдикте | 2012-жыл- дын 2-кварталы | Чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдарын сатып алууга тыюу салууну жана чет өлкөлүк коомдук кызмат адамдарын сатып алгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин мыйзамдуу түрдө бекитүү |
| 71 | Кыргыз Республикасынын саясий жактан кадыр-барктуу адамдарына (СКБА) карата мониторинг жүргүзүү. Чет өлкөлүк СКБА сыяктуу эле, улуттук саясий ишмерлерге жана эл аралык уюмдарга карата, ошондой эле СКБАнын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын байланыштарына карата - кылмыштуу кирешелерди адалдоо үчүн коррупциялашкан чиновниктер тарабынан пайдаланылган методдорду чагылдыруу менен текшерүүгө тийиштүү болгон күчөтүлгөн чараларды колдонуу | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), ККК, ФЧМК | 2012-жыл- дын 4-кварталы | Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү. Ээлеген кызмат постторунун күчү менен жогорку коррупциялык коркунучтарды көрсөтө алган СКБАга карата талаптарды күчөтүү |
| 72 | Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукту териштирүүдө бири бирине көмөк көрсөткөн өлкөлөрдүн- катышуучулардын ортосундагы милдеттенмелерди БУУнун Конвенциясынын чегинде мыйзамдуу түрдө бекитүү | ИИМдин көмөгү менен Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча) | Аткарууга жараша | БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясынын 4-главасына ылайык, өлкөлөрдүн- катышуучулардын ортосунда эки тараптуу макулдашууларды бекитүү |
| 73 | БУУнун Конвенциясынын чегинде, кылмышкерлерди өткөрүп берүүнү жана аларды жарандыктын күчү менен башка өлкөгө өткөрүп бере албаса, анда башка өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы бирөөнүн аймагында жасаган жосундары үчүн аларды өз өлкөсүндө соттоо зарылдыгын мыйзамдуу түрдө бекитүү | ИИМдин көмөгү менен Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча) | Аткарууга жараша | Укук бузуу үчүн милдеттүү жазалоо принциптерин киргизүү |
| 74 | Коррупциялык ишке катышкан менчиктин ар кандай формаларындагы уюмдарга (ишкердиктин субъекттерине) санкцияларды колдонуу каралган мыйзамдуу чаралардын пакетин иштеп чыгуу | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), ЭККМК | 2012-жыл- дын ичинде | Коррупциялык иш үчүн - компанияны мамлекеттик насыя берүүдөн, лицензиялардан, мамлекеттик жеткирүүлөр боюнча контракттарды бекитүүгө мораторийлерден ажыратуу үчүн санкцияны мыйзамдуу түрдө бекитүү |
| 75 | "Инсайдерлик бүтүмдөр" үчүн мыйзамдуу түрдө бекитүү жана жоопкерчиликке тартуу | Башпрокура- тура (макулдашуу боюнча), ФЧМК | 2012-жыл- дын ичинде | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү |
Кыскартуулардын тизмеси
| МУКК ККК | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы |
|---|---|
| Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясы | Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы |
| ИИМ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
| МБК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
| ЭККМК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы |
| Башпрокуратура | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
| МСК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
| КИК | Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши |
| ӨЭУ | Өкмөттүк эмес уюмдар |
| ЖМК | Жалпыга маалымдоо каражаттары |
| ЧУА | Ченемдик укуктук актылар |
| СМА | Саясий маанилүү адамдар |
| Жогорку Соттун алдындагы Сот департаменти | Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Сот департаменти |
| Өкмөт | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү |
| Президент | Кыргыз Республикасынын Президенти |
| Өкмөттүн Аппараты | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
| ЮМ | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
| ТИМ | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
| Мамлекеттик кадр кызматы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кадр кызматы |
| ФМ | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
| ЭМСМ | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги |
| БИМ | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
| КРӨМА | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик |
| ЖӨБО | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
| КБК | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын алдындагы Коомдук байкоочу кеңештер |
| МТМ | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги |
| СӨМ | Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги |
| ЖЭИКМ | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги |
| ЭӨМ | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги |
| ССМ | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
| МКК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
| Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттик | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттик |
| ГМРМА | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик |
| ЖАМК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
| ФЧМК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
| БКМК | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат |
| УБ | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
| БШК | Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы |
| СИУИ | Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту |
| Улутстатком | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
| Эсептөө палата | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы |
| Мамфинкөзөмөл | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
| Жогорку Кеңеш | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши |
| ЖККББ | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгы |
| ЖОЖ | Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары |
| "Жарандар коррупцияга каршы" УБ | "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борбору |
| ЖАС | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасы |
| Президентке караштуу Башкаруу академиясы | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын бекитүү…Постановление · 30.08.2012 · № 596 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 713 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө"…Постановление · 12.10.2012 · № 713 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө"…Указ · 02.02.2012 · № 26 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 596 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын бекитүү…Постановление · 30.08.2012 · № 596 · Күчүн жоготкон