Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-05-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-майы№ 319 "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.К.Гусаров тарабынан демилгеленген "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Тиркеме
"Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.К.Гусаров тарабынан демилгеленген "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет. Мыйзам долбоору "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 1-бөлүгүнө карама-каршы келгендигине байланыштуу, анткени ага ылайык адамдын органдарын жана (же) ткандарын алууга жана даярдоого мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелеринде гана уруксат берилет, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин эске алуу менен, каралып жаткан Мыйзамдын 5-статьясын төмөнкү редакцияда берүүнү сунуштайбыз: "5-статья. Адамдын органдарын жана (же) ткандарын алууну, даярдоону жана трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо мекемелери
Адамдын органдарын жана (же) ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого мамлекеттик адистештирилген саламаттык сактоо мекемелеринде уруксат берилет. Жакын туугандарынын органдарын жана (же) ткандарын алууга, даярдоого жана трансплантациялоого (туугандык трансплантациялоо) тийиштүү документтери бар болгондо гана менчик адистештирилген саламаттык сактоо мекемелеринде да уруксат берилет. Адамдын органдарын жана (же) ткандарын алууну, даярдоону жана трансплантациялоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо мекемелеринин тизмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилет, ал эми алардын ишинин эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.". Ошондой эле, мыйзамсыз трансплантациялоону болтурбоо максатында органдарды алуу, даярдоо жана трансплантациялоо укуктарын менчик адистештирилген медициналык мекемелерге өткөрүп берүү бөлүгүндө тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан контролдоону жана көзөмөлдөөнү белгилөөнү сунуштайбыз. Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо боюнча операцияларды жакын туугандарынын ортосунда гана жүргүзүү шартында сунушталган "Адамдын органдарын жана (же) ткандарын трансплантациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун колдоо максатка ылайыктуу деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О трансплантации органов и (или) тканей человекаЗакон · 13.01.2000 · № 2 · Күчүн жоготкон