# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 311
- Кабыл алынган күнү: 24.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.01.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93836>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15631/edition/924879/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93836.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.01.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 24-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (09.01.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93836

---

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 7 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 24-майы № 311 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү объекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш поселкасынын тиричиликти камсыздоо ишканасынын кызматкерлеринин материалдык абалын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 13-июнундагы № 265 "Миң-Куш" акционердик коомунун социалдык чөйрөдөгү обьекттерин өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылга Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына жана Миң-Куш айыл өкмөтүнө каралган жалпы ассигнованиелердин чегинде турак жай-коммуналдык чарбаны жана социалдык чөйрөнүн обьекттерин кармоого 2-тиркемеге ылайык каражат бөлсүн.";

- аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

аталышында "республикалык бюджеттин" деген сөздөр "республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын"; "Кармоого чыгымдар, миң сом" графасындагы "4279,2", "5445,7" сандары тиешелүү түрдө "9458,1", "10624,6" сандарына алмаштырылсын.

2. Миң-Куш тиричиликти камсыздоо ишканасынын иштешине бөлүнүүчү каражаттарды максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууга жоопкерчилик жана контролдоо бала-бакчаларды кармоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына жана Миң-Куш айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарык көргөн күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
