# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 871
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93830>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15626/edition/1277159/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93830.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93830

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 382 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-декабры № 871 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55, 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө, ошондой эле кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-июлундагы № 385 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пунктта:

экинчи абзацтагы "биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзац "айыл чарба" деген сөздөрдөн кийин "жана мелиорация" деген сөздөр менен толукталсын; алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын экономика министри;"; тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;"; он экинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин директору;"; он төртүнчү абзацтагы "жана жаратылышты пайдалануу" деген сөздөр "жана экология" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-пункт "айыл чарба" деген сөздөрдөн кийин "жана мелиорация" деген сөздөр менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу эвакуациялык комиссиянын курамында:

- биринчи абзацтагы "биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр "вице-премьер-министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жетинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;"; он биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

- "Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;";

- он үчүнчү абзац "айыл чарба" деген сөздөрдөн кийин "жана мелиорация" деген сөздөр менен толукталсын;

- он төртүнчү абзац "энергетика" деген сөздөн кийин "жана өнөр жай" деген сөздөр менен толукталсын;

- он бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;";

- он алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын;

- он жетинчи абзацтагы "Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин" деген сөздөр "Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жыйырманчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары;";

- жыйырма биринчи абзацтагы "(макулдашуу боюнча)" деген сөздөр алып салынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 92 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 3-пункттагы "тышкы саясат" деген сөздөр "эл аралык кызматташтык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 12-февралы № 55 токтомунун редакциясына ылайык кγчγн жоготту

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
