# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 864
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93823>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15619/edition/494463/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93823.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 864 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" (20.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93823

---

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-январындагы № 34 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-декабры № 864 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 714 "2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2012-2013-жылдарга техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасында:

- 3, 4, 5, 6, 8, 12, 17, 20, 26, 27, 28, 29, 30, 35, 38-пункттарынын "иштеп чыгуунун башталышы" графасындагы "2012-жылдын I кварталы", "2012-жылдын II кварталы" жана "2012-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2012-жылдын IV кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын;

- 3, 4, 5, 6, 8, 12, 27, 30, 35, 38-пункттарынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү мөөнөтү" графасындагы "2013-жылдын I кварталы", "2013-жылдын II кварталы" жана "2013-жылдын III кварталы" деген цифралар жана сөздөр "2013-жылдын IV кварталы" деген цифраларга жана сөздөргө алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
