Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 29 мая 2020 года № 278 "Об утверждении квалификационных требований для работников учреждений культуры, искусства, информации и кинематографии"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-05-29.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-январы № 3 Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180, 2019-жылдын 27-августундагы № 430 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 токтому менен бекитилген
Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180, 2019-жылдын 27-августундагы № 430 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
Кызматтын аталышы
Квалификациялык талаптар
1. Театрлар, концерттик уюмдар, музыкалык жана бий жамааттары, цирк
1
Директор
Жогорку кесиптик билим, театр - оюн-зоок мекемелеринде 3 жылдан кем эмес администрациялык-башкаруу иш стажы
2
Директордун орун басары
Жогорку кесиптик билим, 2 жылдан кем эмес администрациялык-башкаруу иш стажы
3
Башкы бухгалтер
Жогорку кесиптик билим, 3 жылдан кем эмес иш стажы
4
Негизги иш, кызмат жана цех боюнча бөлүм башчы (начальниги)
Жогорку билим, тиешелүү кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы
5
Башка бөлүмдөрдүн башчысы (начальниги)
Жогорку кесиптик билим, тиешелүү кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы
6
Башкы администратор
Жогорку кесиптик билим, тиешелүү кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы
7
Өндүрүштүк мастерскойдун башчысы
Жогорку кесиптик билим, тиешелүү адистикте 3 жылдан кем эмес иш стажы же орто кесиптик билим, стажы 5 жылдан кем эмес
8
Кийим тигүү бөлүмүнүн башчысы
Орто кесиптик билим, тиешелүү адистикте 3 жылдан кем эмес иш стажы
9
Билет кассасынын башчысы
Орто кесиптик билим, тиешелүү адистикте 3 жылдан кем эмес иш стажы
10
Көркөм жетекчи
Жогорку кесиптик билим, 5 жылдан кем эмес чыгармачылык иш стажы
11
Башкы режиссер
Жогорку кесиптик билим, режиссер-коюучу кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы
12
Башкы дирижер
Жогорку кесиптик билим, дирижер-коюучу кызматында 5 жылдан кем эмес иш стажы
13
Башкы хормейстер
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
14
Башкы балетмейстер
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
15
Башкы сүрөтчү
Жогорку кесиптик билим, сүрөтчү-коюучу кызматында 5 жылдан кем эмес иш стажы
16
Режиссер-коюучу
Жогорку кесиптик билим, чыгармачылык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы
17
Балетмейстер-коюучу
Жогорку кесиптик билим, чыгармачылык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы
18
Сүрөтчү-коюучу
Жогорку кесиптик билим, чыгармачылык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы
19
Дирижер
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
20
Балетмейстер
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
21
Хормейстер
Жогорку кесиптик билим, чыгармачылык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы
22
Сүрөтчү-бутафор
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
23
Сүрөтчү-гример
Жогорку кесиптик же атайын билим, 3 жылдан кем эмес иш стажы
24
Сүрөтчү-конструктор
Жогорку кесиптик же орто кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
25
Сүрөтчү-скульптор
Жогорку кесиптик же атайын орто билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
26
Жарык боюнча сүрөтчү
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
27
Театрдык костюмдар боюнча сүрөтчү-модельер
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
28
Адабий-драмалык бөлүмдүн башчысы
Жогорку кесиптик билим, чыгармачылык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы
29
Музыка бөлүмүнүн башчысы
Жогорку кесиптик билим, чыгармачылык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы
30
Көркөм-коюучулук бөлүмүнүн башчысы
Жогорку кесиптик билим, чыгармачылык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы
31
Башкы режисcердун (көркөм жетекчисинин) жардамчысы
Жогорку кесиптик билим, режиссердун асисстенти, дирижер, балетмейстер, хормейстер же артист кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы
32
Вокал классы же балет боюнча мастер
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
33
Режиссер, үн режиссер
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
34
Вокал боюнча репетитор
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
35
Балет боюнча репетитор
Жогорку кесиптик же орто адистик билим, тийиштүү кесип боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
36
Сүйлөө техникасы боюнча репетитор
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
37
Режиссердун, дирижердун, хормейстердин ассистенттери; режиссердун жардамчысы
Жогорку кесиптик же орто кесиптик билим , тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
38
Суфлер
Орто кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
39
Үн оператору
Жогорку адистик же орто кесиптик билим, тийиштүү кесип боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
40
Артист-вокалист
Жогорку кесиптик билим, театрда 3 жылдан кем эмес иш стажы, сценада жетектөөчү мастер - 7 жыл; жогорку категорияда - 5 жыл
41
Балет-артисти
Жогорку кесиптик билим же атайын кесиптик орто билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы; жогорку категориядагы балет артисти - 3 жылдан кем эмес; сценада жетектөөчү мастер - 5 жылдан кем эмес
42
Оркестрдин артисти
Жогорку кесиптик билим, оркестрде 5 жылдан кем эмес иш стажы; сценада жетектөөчү мастер, аспаптар тобунун жетекчиси - 5 жылдан кем эмес
43
Хор артисти
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы же орто музыкалык билим
44
Драма артисти
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү кесип боюнча 3 жылдан кем эмес; сценада жетектөөчү мастер 5 жылдан кем эмес иш стажы; жогорку категорияда - 3 жылдан кем эмес
45
Куурчак театрынын (куурчак ойнотуучу) артисти
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы; жетектөөчү сценанын мастери - 5 жыл; куурчак театрында жогорку категориядагы - 3 жылдан жогору
46
Театрлардын көмөкчү курамынын жана концерттик уюмдардын артисти
Иш стажына талап кылбастан жалпы орто билим
47
Симфониялык, камералык, эстрада-симфониялык оркерстрлердин, эл аспаптар оркестрлеринин артисти
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы; сценада жетектөөчү мастер жана аспаптар тобунун жетекчиси - 7 жылдан кем эмес Жогорку категориядагы артист - симфониялык оркестрде 5 жылдан жогору иш стажы, симфониялык оркестрде биринчи категориядагы артист - 3 жылдан жогору Жогорку категорияга төмөнкүлөр кирет: чоор, гобое, фагото; биринчи, экинчи жана үчүнчү кларнет, валторн, саксофон, туба, кларнет, баритон, тенор, урма аспаптар, контрабас концертмейстрлери жана концертмейстрлеринин орун басарлары
48
Ыр жана бий ансамблинин артисти, эстрада оркестринин (ансамблдин) артисти
Жогорку кесиптик билим, оркестрде (ансамблда) 5 жылдан кем эмес иш стажы же кесиптик жалпы орто билим; оркестрде (ансамблда) 7 жылдан кем эмес иш стажы; жогорку категориядагы артист - 7 жылдан кем эмес; биринчи категориядагы артист - 3 жылдан кем эмес стажы; экинчи категориядагы артист - стажы талап кылынбайт
49
Ыр жана бий ансамблинин балет артисти, бий жамаатынын артисти
Орто кесиптик билим, бий жамаатында жогорку категориядагы артист - 5 жыл иш стажы; биринчи категориядагы балет артисти - 3 жылдан кем эмес; экинчи категориядагы - стажы талап кылынбайт
50
Ыр жана бий, хор ансамблинин, хор жамаатынын артисти
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы; сценада жетектөөчү мастер - 5 жыл; жогорку категорияда - 3 жылдан жогору; биринчи категориядагы хор артисти - хор жамаатына катышкандыгы 3 жылдан кем эмес
51
Артисттер - концертные аткаруучулар (бардык жанрда)
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы - жогорку категориядагы артист же орто кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 7 жылдан кем эмес иш стажы
52
Аккомпаниатор - концертмейстер
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 7 жылдан кем эмес иш стажы
53
Кинотеатрларды, кафени жана бий аянттарын тейлеген оркестрдин (ансамблдин) артисти
Орто кесиптик билим, жетекчи катары же оркестрдин (ансамблдин) жетекчиси катары 5 жылдан кем эмес иш стажы; биринчи категорияда - орто кесиптик билим, иш стажысына талап кылынбайт
54
Лектор-искусство изилдөөчү (музыка изилдөөчү)
Жогорку кесиптик билим, 5 жылдан кем эмес лекторлук иш стажы
55
Окугуч-көркөм сөз устасы
Жогорку кесиптик билим, 7 жылдан кем эмес лекторлук иш стажы
56
Администратор (улук администратор)
Жогорку кесиптик билим, маданият мекемелеринде 3 жылдан кем эмес иш стажы
57
Билеттерди контролдоочу
Негизги жалпы жана жеке даярдыктагы билим
2. Китепкана системасы
58
Борбордоштурулган китепкана системасынын китепкана директору же башчысы
Жогорку кесиптик билим, гуманитардык китепканада 5 жылдан кем эмес китепканада иш стажы же атайын орто билим жана китепканада 7 жылдан кем эмес иш стажы. Республикалык илимий-методикалык борбордун милдетти аткарган китепканалар үчүн: - жогорку билим, китепканаларда жетекчилик кызматтарда 10 жылдан кем эмес иш стажы; илимдердин доктору, кандидаты окумуштуулук даражасы болгондо 5 жылдан кем эмес иш стажы
59
Директордун орун басары
Жогорку кесиптик билим (китепканалык, гуманитардык), адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы. Жогорку гуманитардык билим - адистиги боюнча 7 жылдан кем эмес иш стажы
60
Китепкананын бөлүмүнүн, секторунун башчысы
Жогорку кесиптик билим (китепканалык, гуманитардык), иш стажысы: китепканада бөлүм башчылары үчүн 5 жылдан кем эмес, сектор башчыларга - 3 жылдан кем эмес
61
Окумуштуу катчы
Жогорку кесиптик билим (китепканалык, гуманитардык), китепкананын башкы адис кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы, илимдер кандидаты окумуштуулук даражасы (жана илимий эмгектери) болгондо - 2 жылдан кем эмес
62
Башкы китепканачы
Жогорку кесиптик билим (китепканалык, гуманитардык), кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы
63
Башкы библиограф
Жогорку кесиптик билим (китепканалык, гуманитардык), жетектөөчү адис кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы
64
Китепканачы
Жогорку кесиптик билим (китепканалык, гуманитардык), иш стажысына талап коюлбайт же атайын орто билим жана китепканачы кызматында 1 жылдан кем эмес иш стажы
65
Библиограф
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык), китепканалык-библиографиялык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы же атайын орто билим, 4 жылдан кем эмес иш стажы
66
Методист
Жогорку кесиптик билим (китепканалык, гуманитардык, педагогикалык), иш стажына талап коюлбайт же кесиптик орто билим, 3 жылдан кем эмес иш стажы
3. Клубдук мекемелер
67
Маданият үйүнүн (сарай) директору. Айылдык маданият үйүнүн директору. Айыл клубунун башчысы
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык), 3 жылдан кем эмес адистиги боюнча иш стажы, же атайын орто билим (гуманитардык, педагогикалык), адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
68
Көркөм жетекчи
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы, же атайын орто билим, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
69
Режиссер (балетмейстер, хормейстер)
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы же атайын орто билим жана адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
70
Ийримдин, ышкыбоздор бирикмелеринин, кызыкчылык боюнча клубдун жетекчиси
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык, техникалык), адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы же атайын орто билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
71
Сүрөтчү-жасалгалоочу
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы же атайын орто билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
72
Методист
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы же атайын орто билим, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
73
Маданий уюштуруучу
Жогорку кесиптик билим, 1 жылдан кем эмес иш стажы же атайын орто билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
74
Аккомпаниатор
Жогорку кесиптик билим, иш стажы талап кылынбайт, же атайын орто билим, адистиги боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы
75
Үн оператору
Жогорку кесиптик билим, иш стажы талап кылынбайт же атайын орто билим, адистиги боюнча бир жылдан кем эмес иш стажы
76
Костюмер
Жогорку кесиптик же атайын орто билим. Иш стажысы талап кылынбайт
77
Маданий жана эс алуу паркынын директору
Жогорку кесиптик билим, маданият мекемелеринде 3 жылдан кем эмес иш стажы
78
Кассир
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы же атайын орто билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
79
Чарба башчысы
Жогорку же орто билим, иш стажы талап кылынбайт
80
Электрик
Жогорку же атайын орто билим, иш стажы талап кылынбайт
81
Техничка, короо шыпыруучу, гардеробщик, вахтер-контролер, кароолчу
Билимине жана иш стажына талап коюлбайт
82
Айдоочу
Атайын орто билим, 3 жылдан кем эмес иш стажы
4. Музейлер
83
Музейдин директору
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык, экономикалык), музейлерде 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, же искусство жана маданият чөйрөсүндө жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы. Илимий даражасы барларга артыкчылык берилет.
84
Музейдин филиалынын башчысы
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык), музейде 8 жылдан кем эмес иш стажы
85
Музейдин башкы сактоочусу
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык), музейде 8 жылдан кем эмес иш стажы
86
Экскурсиялык-массалык иштер бөлүмүнүн башчысы
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык), музейде 3 жылдан кем эмес иш стажы
87
Көчмө көргөзмөнүн башчысы
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык), музейде 3 жылдан кем эмес иш стажы
88
Реставрациялык мастерскойдун башчысы
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык), реставрациялык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы, же атайын орто билим жана реставрациялык иште 5 жылдан кем эмес иш стажы
89
Сүрөтчү-реставратор
Жогорку кесиптик же кесиптик орто билим, реставрациялык иште 3 жылдан кем эмес стажы же атайын билими жок, реставрациялык иште 5 жылдан кем эмес иш стажы
90
Лектор, экскурсия алып баруучу
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык), экскурсиялык жана лекциялык иште 3 жылдан кем эмес иш стажы
91
Музей кароочу
Жалпы орто билим жана 1 айдан кем эмес жекече даярдык
92
Музейдин, китепкананын, илимий-методикалык борбордун илимий кызматкерлери. Жетектөөчү илимий кызматкер
Жогорку кесиптик билим (гуманитардык, педагогикалык, маданият жана искусство), музейде 3 жылдан кем эмес иш стажы
5. Облустук медиаборборлор
93
Башкы директор
Жогорку кесиптик билим, жалпы эмгек стажы - 7 жылдан кем эмес, жетекчилик кызмат орунда - 5 жылдан кем эмес
94
Башкы директордун орун басары
Жогорку кесиптик билим, телерадиоберүү жана массалык маалымат каражаттар чөйрөсүндө эмгек стажы - 5 жылдан кем эмес
95
Телепрограммалардын башкы редактору
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 3 жылдан кем эмес
96
Башкы режиссёр
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 3 жылдан кем эмес
97
Башкы инженер
Жогорку кесиптик (техникалык) билим, эмгек стажы - 3 жылдан кем эмес
98
Башкы телеоператор
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 3 жылдан кем эмес
99
Башкы бухгалтер
Жогорку кесиптик (экономикалык, бухгалтердик эсеп) билим, башкы бухгалтер болуп иштеген эмгек стажы - 5 жылдан кем эмес
100
Кадрлар боюнча инспектор
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
101
Улук редактор
Жогорку кесиптик жана/же орто (техникалык) билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
102
Улук телеоператор
Жогорку кесиптик жана/же орто (техникалык) билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
103
Телеоператор, монтаждоочу
Жогорку кесиптик жана/же орто (техникалык) билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
104
Эфирдин техниги
Жогорку кесиптик жана/же орто (техникалык) билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
105
Өздүк кабарчы
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
106
Редактор-баяндамачы
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
107
Диктор
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
108
Үн жаздыруу оператору
Жогорку кесиптик жана/же орто билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
109
Гезиттин редактору
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 3 жылдан кем эмес
110
Саясий баяндамачы, чыгаруучу редактор
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 3 жылдан кем эмес
111
Атайын кабарчы
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 3 жылдан кем эмес
112
Кабарчы
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
113
Көркөм редактор, техникалык редактор
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
114
Компьютердик терүүнүн оператору, офис-менеджер, архивариус
Жогорку кесиптик жана/же орто кесиптик (техникалык) билим, компьютер менен иштегенди билген жана иш кагаздарын жүргүзө алган, эмгек стажына талап коюлбайт
115
Веб-редактор
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
116
Системалык администратор
Жогорку кесиптик жана/же орто кесиптик (техникалык) билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
117
Юрист-кеңеш берүүчү
Жогорку кесиптик (юридикалык) билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
118
Жарнама боюнча менеджер
Жогорку кесиптик жана/же орто кесиптик билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
119
Экономист - бухгалтер
Жогорку кесиптик жана/же орто кесиптик (экономикалык) билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
120
Чарба иштери боюнча башчы
Жогорку кесиптик жана/же орто кесиптик билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
121
Котормочу
Жогорку кесиптик (тийиштүү адистик боюнча) билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
122
Айдоочу
Айдоочулук күбөлүгү бар жана айдоочулук эмгек стажы - 5 жылдан кем эмес
123
Гримдөөчү-пастижер
Орто билим, эмгек стажына талап коюлбайт
124
Өндүрүштүк жана кызматтык бөлмөлөрдү тазалоочу
Билимине жана эмгек стажына талаптар коюлбайт
125
Кароолчу, цехтин (участоктун) электриги, курьер
Орто билим, эмгек стажына талап коюлбайт
6. "Байчечекей" балдар журналынын, "Жеткинчек" гезитинин жана "Кырчын" журналынын редакциялары
126
Башкы редактор
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 3 жылдан кем эмес
127
Башкы редактордун орун басары
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
128
Башкы бухгалтер
Жогорку кесиптик (экономикалык, бухгалтердик эсеп) билим, башкы бухгалтер болуп иштеген эмгек стажы - 3 жылдан кем эмес
129
Бөлүм башчы
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
130
Көркөм редактор, чыгаруучу редактор
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
131
Бөлүмдүн менеджери
Жогорку ар кандай профилдеги кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
132
Техникалык редактор, жарнама боюнча менеджер
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 1 жылдан кем эмес
135
Жооптуу катчы
Жогорку кесиптик билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
136
Оператор
Жогорку кесиптик (техникалык) билим, эмгек стажы - 2 жылдан кем эмес
137
Кызматтык бөлмөлөрдү тазалоочу
Билимине жана эмгек стажына талаптар коюлбайт
7. Кинематография жана киностудия мекемелери
138
Директор
Жогорку кесиптик билим, кинематография тармагындагы иш тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес, администрациялык-башкаруу жетекчиси катарында 5 жылдан кем эмес иш стажы
139
Директордун орун басары
Жогорку кесиптик билим, кинематография тармагында администрациялык-башкаруу жетекчиси катарында 5 жылдан кем эмес иш стажы
140
Борбордун (бирикменин) жетекчиси
Жогорку кесиптик билим, адистиги (же чыгармачылык кызмат) боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
141
Башкы инженер
Жогорку кесиптик билим, инженердик-техникалык кызмат жетекчиси катары 5 жылдан кем эмес иш стажы
142
Башкы редактор
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
143
Башкы бухгалтер
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
144
Башкы адис
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
145
Жетектөөчү адис, инспектор
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
146
Улук адис
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы
147
Иш кагаздар боюнча адис
Жогорку кесиптик же толук эмес жогорку, же атайын орто билими, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы
148
Негизги иш, кызмат, участок боюнча бөлүмдүн начальниги
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
149
Башка бөлүмдөрдүн начальниги
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
150
Инженер, инспектор
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы
151
Механик, техник
Орто билим, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы
152
Улук мастер, контролдук мастер, мастер-технолог
Орто билим, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
153
Кампа башчысы
Орто билим, тийиштүү кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы
154
Кинорежиссерлор- коюучулар
Жогорку кесиптик билим
155
Жогорку категориядагы кинорежиссер-коюучу
Жогорку кесиптик билим, өз алдынча 4 толук метраждуу (же 8 кыска метраждуу) идеялык-көркөмдүк жогорку деңгээлдеги роль ойногон фильмдерди койгон кинорежиссер
156
Биринчи категориядагы кинорежиссер-коюучу
Жогорку кесиптик билим, өз алдынча 2 толук метраждуу (же 4 кыска метраждуу) идеялык-көркөмдүк жогорку деңгээлдеги роль ойногон фильмдерди койгон кинорежиссер
157
Экинчи категориядагы кинорежиссер-коюучу
Жогорку кесиптик билим
158
Жогорку категориядагы роль ойнобогон фильмдердин кинорежиссеру
Жогорку кесиптик билим, өз алдынча 3 толук метраждуу (же 8 кыска метраждуу) идеялык-көркөмдүк жогорку деңгээлдеги роль ойнобогон фильмдерди койгон кинорежиссер
159
Биринчи категориядагы роль ойнобогон фильмдердин кинорежиссеру (хроникалдык даректүү тасмалар)
Жогорку кесиптик билим, өз алдынча 2 толук метраждуу (же 6 кыска метраждуу) идеялык-көркөмдүк жогорку деңгээлдеги роль ойнобогон фильм өндүрүшүн ишке ашырган кинорежиссер
160
Жогорку категориядагы экинчи кинорежиссер
Жогорку кесиптик билим же кинематографияда чоң өндүрүштүк иш тажрыйбасы бар, кесиптик чеберчиликке ээ, чыгармачыл-уюштуруучулук иштеринде тажрыйбасы бар, мыкты жана жакшы баа алган 3төн кем эмес толук метраждуу (же 8 кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерди түзүүдө биринчи категориядагы экинчи кинорежиссер катары катышкан, мыкты жана жакшы баа алган 10дон кем эмес толук метраждуу роль ойногон фильмдерде экинчи категориядагы экинчи кинорежиссер катары дублди ишке ашырган атайын режиссердук билими жок башка чыгармачылык кесиптеги кызматкер
161
Биринчи категориядагы экинчи кинорежиссер
Жогорку кесиптик билим же кинематографияда чоң өндүрүштүк иш тажрыйбасы бар, кесиптик чеберчиликке ээ, чыгармачыл-уюштуруучулук иштеринде тажрыйбасы бар, мыкты жана жакшы баа алган 2ден кем эмес толук метраждуу (же 6 кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерди түзүүдө биринчи категориядагы экинчи кинорежиссер катары катышкан, мыкты жана жакшы баа алган 8ден кем эмес толук метраждуу роль ойногон фильмдерде экинчи категориядагы экинчи кинорежиссер катары дублди ишке ашырган кызматкер
162
Экинчи категориядагы экинчи кинорежиссер
Жогорку кесиптик билим
163
Мультипликациялык фильмдрдин кинорежиссеру
Жогорку кесиптик билим
164
Жогорку категориядагы мультипликациялык фильмдердин кинорежиссеру
Жогорку кесиптик билим, кыска метраждуу 4 мультипликационных фильмдерди өз алдынча койгон кинорежиссер
165
Биринчи категориядагы мультипликационных фильмдердин кинорежиссеру
Жогорку кесиптик билим, кыска метраждуу 2 мультипликационных фильмдерди өз алдынча койгон кинорежиссер
166
Экинчи категориядагы мультипликационных фильмдердин кинорежиссеру
Жогорку кесиптик билим
167
Монтаж боюнча кинорежиссер
Жогорку кесиптик билим
168
Жогорку категориядагы монтаж боюнча кинорежиссер
Жогорку кесиптик билим, 4 толук метраждуу (же 8 кыска метраждуу) ролдуу фильмдерди өз алдынча монтаждоону ишке ашырган кинорежиссер
169
Биринчи категориядагы монтаж боюнча кинорежиссер
Жогорку кесиптик билим, 2 толук метраждуу (же 4 кыска метраждуу) ролдуу фильмдерди өз алдынча монтаждоону ишке ашырган кинорежиссер
170
Экинчи категориядагы монтаж боюнча кинорежиссер
Жогорку кесиптик билим же ушул адистик боюнча ишке жаңы киришкен кесипкөй чеберчиликке ээ болгон кинорежиссер
171
Башкы кинооператор, жогорку категориядагы кинооператор-коюучу
Жогоку кесиптик билим же сүрөт материалдарынын сапаты мыкты 3төн кем эмес толук метраждуу (же 6 кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерин биричи категориядагы кинооператор-коюучу катары тарткан кинооператор-коюучу
172
Башкы кинооператор, биринчи категориядагы кинооператор-коюучу
Жогорку кесиптик билим же сүрөт материалдарынын сапаты мыкты 2ден кем эмес толук метраждуу (же 4 кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерин биричи категориядагы кинооператор-коюучу катары тарткан кинооператор-коюучу
173
Башкы кинооператор, биринчи категориядагы кинооператор-коюучу
Жогорку кесиптик билим же ушул адистик боюнча ишке жаңы киришкен кесипкөй чеберчиликке ээ болгон кинооператор
174
Роль ойнобогон фильмдерди тарткан кинооператор
Жогорку кесиптик билим
175
Жогорку категориядагы роль ойнобогон фильмдерди тарткан кинооператор
Жогорку кесиптик билим же роль ойнобогон 3 толук метраждуу (же 8 кыска метраждуу) өндүрүштү өз алдынча ишке ашырган кинооператор
176
Биринчи категориядагы роль ойнобогон фильмдерди тарткан кинооператор
Жогорку кесиптик билим же роль ойнобогон 2 толук метраждуу (же 6 кыска метраждуу) өндүрүштү өз алдынча ишке ашырган кинооператор
177
Экинчи кинооператор
Жогорку кесиптик билим же атайын оператордук билими жок, бирок кинематография тармагында өндүрүштүк чоң иш тажрыйбасы бар кызматкер
178
Жогорку категориядагы экинчи кинооператор
Жогорку кесиптик билим же чыгармачыл-уюштуруучулук иштеринде тажрыйбасы бар, мыкты жана жакшы баа алган 3төн кем эмес толук метраждуу (же 8 кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерди түзүүдө биринчи категориядагы экинчи кинооператор катары катышкан, мыкты жана жакшы баа алган экинчи кинооператор
179
Биринчи категориядагы экинчи кинооператор
Жогорку кесиптик билим же чыгармачыл-уюштуруучулук иштеринде тажрыйбасы бар, 2ден кем эмес толук метраждуу (же 6 кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерди түзүүдө экинчи категориядагы экинчи кинорежиссер катары катышкан, мыкты жана жакшы баа алган экинчи кинооператор
180
Экинчи категориядагы экинчи кинооператор
Орто же атайын орто билим
181
Кино тармагында кинорежиссердун, кинооператордун, үн оператордун, сүрөтчү ж.б. ассистенттери
Жогорку кесиптик билим
182
Сүрөтчү-коюучулар (мультипликациялык фильмдердин костюмдары жана декорациялары боюнча)
Жогорку кесиптик билим
183
Жогорку категорияда сүрөтчү-коюучулар (мультипликациялык фильмдердин декорациялары жана костюмдары боюнча)
Жогорку кесиптик билим же 3төн кем эмес толук метраждуу (же 6 кыска метаждуу) роль ойногон фильмдерди экинчи категориядагы сүрөтчү-коюучу катары жогорку көркөм деңгээлде тартып ишине жакшы баа алган фильмдин сүрөтчү-коюучусу
184
Биринчи категориядагы сүрөтчү-коюучулар (мультипликациялык фильмдердин декорациялары жана костюмдары боюнча)
Жогорку кесиптик билим же 2ден кем эмес толук метраждуу (же 4 кыска метаждуу) роль ойногон фильмдерди экинчи категориядагы сүрөтчү-коюучу катары жогорку көркөм деңгээлде тартып ишине жакшы баа алган фильмдин сүрөтчү-коюучусу
185
Экинчи категориядагы сүрөтчү-коюучулар (мультипликациялык фильмдердин декорациялары жана костюмдары боюнча)
Жогорку кесиптик билим
186
Башка адистиктеги сүрөтчү (гримдөөчү, декоратор, мультипликатор, модельер, фотограф жана башкалар)
Орто же атайын орто билим, же атайын курстарды бүткөндүгү жөнүндө сертификаты бар
187
Жогорку категориядагы башка адистиктеги сүрөтчүлөр (гримдөөчү, декоратор, мультипликатор, модельер, фотограф жана башкалар)
Жогорку кесиптик же орто атайын билим же экиден кем эмес толук метраждуу роль ойногон фильмдерди тартып, ишине жакшы баа алган тиешелүү профилдеги биринчи категориядагы сүрөтчү катары иш тажрыйбасы бар сүрөтчү
188
Биринчи категориядагы башка адистиктеги сүрөтчү (гримдөөчү, декоратор, мультипликатор, модельер, фотограф жана башкалар)
Жогорку кесиптик же орто атайын билим же экиден кем эмес толук метраждуу роль ойногон фильмдерди тартып, ишине жакшы баа алган тиешелүү профилдеги экинчи категориядагы сүрөтчү катары иш тажрыйбасы бар сүрөтчү
189
Экинчи категориядагы башка адистиктеги сүрөтчү (гримдөөчү, декоратор, мультипликатор, модельер, фотограф жана башкалар)
Жогорку кесиптик же атайын орто билим
190
Үн режиссер
Жогорку кесиптик билим
191
Жогорку категориядагы үн режиссеру
Жогорку кесиптик билим же үчтөн кем эмес толук метраждуу (же 6 кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерди тартып, ишине мыкты баа алган биринчи категориядагы үн режиссеру катары үн жазган биринчи категориядагы үн режиссеру
192
Биринчи категориядагы үн режиссеру
Жогорку кесиптик билим же экиден кем эмес толук метраждуу (же төрт кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерди тартып, ишине мыкты баа алган биринчи категориядагы үн режиссеру катары үн жазган биринчи категориядагы үн режиссеру
193
Үн оператору
Жогорку кесиптик билим
194
Биринчи категориядагы үн оператору
Жогорку кесиптик билим же экиден кем эмес толук метраждуу (же төрт кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерди тартып, ишине мыкты баа алган экинчи категориядагы үн режиссеру катары үн жазган экинчи категориядагы үн режиссеру
195
Экинчи категориядагы үн оператору
Жогорку кесиптик билим
196
Продюсер
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистиги боюнча 5 жыл иш тажрыйбасы
197
Жогорку категориядагы аткаруучу продюсер - жогорку категориядагы фильм тартуучу топтун директору
Жогорку кесиптик билим же төрттөн кем эмес толук метраждуу (же сегиз кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерди тартып, тартуучу топтун өндүрүштүк-экономикалык ишине мыкты жана жакшы баа алган биринчи категориядагы тартуучу топтун директору катары тажрыйбасы бар тартуучу топтун директору
198
Биринчи категориядагы аткаруучу продюсер - жогорку категориядагы фильм тартуучу топтун директору
Жогорку кесиптик билим же үчтөн кем эмес толук метраждуу (же алты кыска метраждуу) роль ойногон жана ойнобогон фильмдерди тартып, тартуучу топтун өндүрүштүк-экономикалык ишине мыкты жана жакшы баа алган экинчи категориядагы тартуучу топтун директору катары тажрыйбасы бар тартуучу топтун директору
199
Экинчи категориядагы аткаруучу продюсер - жогорку категориядагы фильм тартуучу топтун директору
Жогорку кесиптик билим же экиден кем эмес толук метраждуу (же төрт кыска метраждуу) роль ойногон фильмдерди тартып, тартуучу топтун өндүрүштүк-экономикалык ишине мыкты жана жакшы баа алган экинчи категориядагы тартуучу топтун директорунун орун басары катары тажрыйбасы бар же 4 жылдан кем эмес толук метраждуу роль ойногон фильмдерди дубляждоо ишине жакшы баа алган биринчи категориядагы тартуучу топтун директорунун орун басары катары иштеген тартуучу топтун директорунун орун басары
200
Тартуучу топтун директорунун орун басары
Жогорку же орто билим, улук администратор кызматында 2 жылдан кем эмес иш стажы
201
Биринчи категориядагы тартуучу топтун директорунун орун басары
Жогорку же орто билим, 2ден кем эмес толук метраждуу көркөм фильм же 4 кыска метраждуу фильм тарткан экинчи категориядагы тартуучу топтун директорунун орун басары катары тажрыйбасы бар
202
Экинчи категориядагы тартуучу топтун директорунун орун басары
Жогорку же орто билим, 2ден кем эмес толук метраждуу көркөм фильм же 4 кыска метраждуу фильм тарткан улук администратор катары тажрыйбасы бар
203
Тартуучу топтун улук администратору
Жогорку кесиптик билим же орто билим, 3 жылдан кем эмес иш стажысы бар, же ишине жакшы баа алган экиден кем эмес толук метраждуу көркөм фильм тарткан тартуучу топтун администратору катары иш тажрыйбасы бар тартуучу топтун улук администратору
204
Тартуучу топтун администратору
Орто билим, иш стажысы талап кылынбайт
205
Текст коюучу
Жогорку кесиптик билим, тийиштүү адистик боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы
8. Республикалык мамлекеттик фильмдер фонду
206
Директор
Жогорку кесиптик билим, кинематография тармагында 7 жылдан кем эмес, администрациялык-башкаруу кызмат жетекчилигинде - 5 жылдан кем эмес иш стажы
207
Башкы бухгалтер
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
208
Бөлүм, борбор (маалыматтык- жарнамалык) начальниги
Жогорку кесиптик билим, кинопрокатты уюштурууда 2 жылдан кем эмес, же атайын орто билими бар, кинопрокатты, кинотармакты уюштуруу иш тажрыйбасы, басмалык, газета, журналдар редакциясында 3 жылдан кем эмес иш стажы
209
Адис (кинорепертуарларды контролдоо боюнча редактор)
Жогорку кесиптик билим, стажы талап кылынбайт, же атайын орто билим кинотармакты же кинопрокатты уюштуруу ишинде 2 жылдан кем эмес иш стажы
210
Инженер
Жогорку кесиптик билим, инженердик-техникалык кызматта кинопрокатты уюштурууда 2 жылдан кем эмес иш стажы, же атайын орто билим кинопрокат уюмдарында жана мекемелеринде 5 жылдан кем эмес иш стажы
211
Техник, механик
Жогорку кесиптик билим, стажы талап кылынбайт, же атайын орто билим инженердик-техникалык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы
212
Фильм текшерүүчү, фильм көчүрмөлөрүнүн реставратору
Атайын орто билим, иш стажы талап кылынбайт
9. Облустук, шаардык жана райондук кинодирекциялар
213
Региондук өкүлчүлүктүн директору, облустук кинодирекциянын директору
Жогорку кесиптик билим, кинематография тармагында 5 жылдан кем эмес иш стажы
214
Райондук кинодирекциянын директору, айылдык кинодирекциянын директору
215
Башкы бухгалтер
Жогорку кесиптик билим, адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы
216
Башкы адис (администратор)
Жогорку кесиптик билим, стажы талап кылынбайт же орто билим, маданий массалык иштерде 3 жылдан кем эмес стажы бар
217
Жетектөөчү адис (экономист)
Жогорку кесиптик билим, иш стажы талап кылынбайт, же атайын орто билим, экономикалык иштерде 3 жылдан кем эмес стажы бар
218
Башкы инженер
Жогорку кесиптик билим, кинематография тармагында инженердик-техникалык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же атайын орто билим, кинотармактар уюмдарында инженердик-техникалык кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы
219
Методист
Жогорку кесиптик билим, стажы талап кылынбайт, же атайын орто билим, кинотармактарда 3 жылдан кем эмес иш стажы
220
Инженер
Жогорку кесиптик билим, стажы талап кылынбайт, же атайын орто билим, инженердик-техникалык кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы
221
Кино тартуулардын, электрондук, үн техникалык, оптикалык, телевизиондук жана башка жабдууларды пайдалануу жана тейлөө боюнча техник
Жогорку кесиптик билим, стажы талап кылынбайт, же атайын орто билим, инженердик-техникалык кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы
222
Киномеханик
Орто кесиптик билим, 3 жылдан кем эмес иш стажы
223
Киномеханик-айдоочу
Орто кесиптик билим, 5 жылдан кем эмес иш стажы
224
Улук текшерүүчү, улук кассир
Атайын орто билим, стажы талап кылынбайт, же жалпы орто билим, кассир кызматында 1 жылдан кем эмес иш стажы
225
Билет текшерүүчү, кассир
Орто билим, жана атайын курстун бүтүрүүчүсү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды…Постановление · 29.05.2020 · № 278
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым…Постановление · 27.08.2019 · № 430
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180 токтомуПостановление · 02.04.2018 · № 180
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 токтомуПостановление · 29.05.2020 · № 278
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 180 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 3 "Маданият, искусство, маалымат жана…Постановление · 02.04.2018 · № 180 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 "Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды…Постановление · 29.05.2020 · № 278
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2011 · № 268 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 466-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары күчүн жоготту деп таанылуу жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 31.12.2018 · № 466-р