# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2
- Кабыл алынган күнү: 10.01.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.05.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93810>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15606/edition/647206/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93810.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.05.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.05.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93810

---

КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 13-майы № 288 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 10-январы № 2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын ишин өркүндөтүүгө багытталган администрациялык реформаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 767 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов

Тиркеме

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-декабрындагы № 767 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ

| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппараты |  |  |
| --- | --- | --- |
| ┌─────────────────────────┐ Борбордук бажыкана ├──────┤ └─────────────────────────┘ ├─────┤ кызматынын Россия ┌─────────────────────────┐ "Манас" бажыканасы ├──────┤ └─────────────────────────┘ ┌─────────────────────────┐ "Түндүк" темир жол ├──────┤ ┌────────────────────────────┐ бажыканасы └─────────────────────────┘ ┌─────────────────────────┐ Ош бажыканасы ├──────┼─────┤ Чыгыш бажыканасы └─────────────────────────┘ ┌─────────────────────────┐ Кесиптик жана ├──────┼─────┤ Камсыздоо борбору кинологиялык даярдоо борбору └─────────────────────────┘ ├─────┤ Баткен бажыканасы ┌─────────────────────────┐ Жалал-Абад бажыканасы ├──────┘ | ┌────────────────────────────┐ Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын алдындагы └────────────────────────────┘ ├─────┤ Батыш бажыканасы └────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────┐ └────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────┐ └────────────────────────────┘ | Федерациясынын бажы өкүлчүлүгү └────────────────────────────┘ ┌────────────────────────────┐ |

".
