# КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 9-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 9-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 09.01.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93809>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15605/edition/852915/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93809.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 9-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (11.10.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93809

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 9-январы № 1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамында:

"Бабанов Өмүрбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Карашев Аалы Азимович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;"; "Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары." позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Оторбаев Жоомарт Каипович - Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасынын орун басары."; "Мухамеджанов Абылай Жумакадырович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;"; "Ташбаев Учкунбек Азизбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;"; "Мамбетжанов Мэлис Тулиндиевич - Кыргыз Республикасынын финансы министри;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;"; "Жолдубаева Индира Ырысбаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Мамыров Эркинбек Тобокелович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;"; "Аттокуров Марат Сабырович - USAID долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча);" позициясы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
