Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 11 октября 2017 года № 663 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики в сфере управленческой деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-10-11.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 9-январы № 1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 41 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын курамында:
"Бабанов Өмүрбек Токтогулович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Карашев Аалы Азимович - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;"; "Момуналиев Нурханбек Сакенович - Кыргыз Республикасынын министри - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси, комиссиянын төрагасынын орун басары." позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Оторбаев Жоомарт Каипович - Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасынын орун басары."; "Мухамеджанов Абылай Жумакадырович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Шыкмаматов Алмамбет Насырканович - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;"; "Ташбаев Учкунбек Азизбекович - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Сариев Темир Аргембаевич - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри;"; "Мамбетжанов Мэлис Тулиндиевич - Кыргыз Республикасынын финансы министри;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Жапаров Акылбек Үсөнбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министри;"; "Жолдубаева Индира Ырысбаевна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;" позициясы төмөнкү позиция менен алмаштырылсын: "Мамыров Эркинбек Тобокелович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;"; "Аттокуров Марат Сабырович - USAID долбоорунун эксперти (макулдашуу боюнча);" позициясы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-октябрындагы № 663 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкаруу иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 11.10.2017 · № 663
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы №42 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.02.2011 · № 41 · Күчүн жоготкон