Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө жобо» (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 10 марта 2021 года № 85 "О вопросах Министерства экономики и финансов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-03-10.
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
4-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө ЖОБО (КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жыддын 29-апрелиндеги № 223 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Окуу борборунун максаты жана милдети
3. Окуу борборунун негизги функциялары
4. Окуу борборунун ишин уюштуруу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору жөнүндө жобо (мындан ары - Окуу борбору) ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыкты жана Окуу борборунун ишмердүүлүгүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, функцияларын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (мындан ары - Министрлик) башка бөлүмдөрү менен өз ара мамилелерин аныктайт.
2. Окуу борбору өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. Окуу борбору Министрликтин ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана өзүнүн ишмердүүлүгүн министрдин жалпы жетекчилигинде, министрдин тейлөөчү орун басарынын, ошондой эле Окуу борборунун директорунун түздөн-түз жетекчилигинде ишке ашырат.
4. Окуу борбору өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү түшүрүлгөн жана өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы жазылган мөөрү болот.
5. Окуу борбору өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар жана юридикалык жактар менен өз ара тыгыз аракетте, ошондой эле министрликтин түзүмдөрү, ведомстволук бөлүмдөрү жана аймактык органдары менен бирге иш жүргүзөт.
6. Окуу борбору ага бекитилген мүлккө карата мыйзамдарда белгиленген чекте ээлөө, пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
2. Окуу борборунун максаты жана милдети
7. Окуу борборунун максаты Министрлик системасынын кызматкерлеринин, мамлекеттик башкаруу секторунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
8. Окуу борборунун негизги милдеттери мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу, мамлекеттик сектордо финансылык отчеттуулук жана ички аудит системасынын эл аралык стандарттары, товарларды, иштерди, кызматтар жана консультациялык кызматтарды мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосу, казыналык системасында жана башка багыттардагы эсепке алууну жана отчеттуулукту автоматташтыруу маселелери боюнча Министрлик системасынын, мамлекеттик башкаруу секторунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу жана кайра даярдоо болуп саналат.
3. Окуу борборунун негизги функциялары
9. Окуу борбору көрсөтүлгөн милдеттерин ишке ашыруу максатында төмөндөгү функцияларды аткарат:
- Министрлик системасынын, мамлекеттик башкаруу секторунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу;
- окуу куралдарын, маалымдама адабияттарды, плакаттар, китепчелерди, анын ичинде коомдук сектордогу Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары (мындан ары - МСФООС), мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүү боюнча иштеп чыгуулар;
- окутуунун натыйжалуу системасын түзүү;
- инновациялык технологияларды окуу процессине киргизүү;
- семинар-кеңешмелер, тренингдер, конференцияларды өткөрүү;
- түшүндүрүүчү-консультативдик иштерди жүргүзүү;
- окуу, илимий жана өндүрүштүк-коммерциялык ишмердүүлүк маселелери боюнча чет элдик жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана жеке адамдар менен түз байланыштарды ишке ашыруу, тийиштүү эки тараптуу келишимдердин негизинде илимий-педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
- Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн башка функцияларды аткаруу.
4. Окуу борборунун ишин уюштуруу
10. Окутуу Министрликтин түзүмдүк, ведомстволук бөлүмдөрү менен биргеликте түзүлгөн окуу пландары жана программалары боюнча жүргүзүлөт.
Окутуу тилдери: угуучуларынын талабын жана Окуу борборунун мүмкүнчүлүгүнө жараша кыргыз, орус тилдеринде. Окутуу узактыгы окуу планы менен аныкталат. Окуу борбору окуу процессин ишке ашыруу үчүн Министрликтин адистерин жана башка министрликтин, ведомстволордон адистерди тартууга укуктуу. Министрликтин системасынын кызматкерлеринин окутуу жана квалификациясынын жогурулатуу Окуу борбору тарабынын акысыз негизде жγргγзγлѳт. (КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жыддын 29-апрелиндеги № 223 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11. Окуу борборунан окутуу жана кайра даярдоодон өткөн угуучулар белгиленген үлгүдөгү тастыктамаларды (сертификат) алышат.
12. Окуу борборун жетектөө директор тарабынан ишке ашырылат, директорду Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунуштоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот.
13. Директор Окуу борборунун окуу-методикалык, өндүрүштүк иштерин уюштурат жана окуу борборуна жүктөлгөн милдеттерге жетишүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
14. Окуу борборунун директору төмөндөгүлөргө укуктуу:
- окуу процессин, окуу-методикалык иштерди жана материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү боюнча Министрлик жетекчилигине сунуштарды киргизүүгө;
- Борбордун атынан ишеним катсыз анын кызыкчылыгын көрсөтүү үчүн аракет кылууга;
- Борбордун атынан юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө, ишеним кат берүүгө;
- өзүнүн компетенция чегинде буйруктарды чыгарууга, Окуу борборунун бардык кызматкерлерине аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Окуу борборунун ишине тийиштүү маселелер боюнча тийиштүү уюмдар жана мекемелер менен кат жазышууну жүргүзүүгө;
- мыйзамдарды сактоо жана белгиленген эмгек акы фондусунун чегинде окуу-көмөкчү жана административдик-чарбалык персоналдардын эмгек акысынын шарттарын өзгөртүүгө;
- белгиленген тартипте өзүнүн кызматкерлерин кызматтык иш сапарга жөнөтүүгө;
- мыйзамда белгиленген тартипте Окуу борборунун штаттык кызматкерлерин которуу жүргүзүүгө, материалдык жардам көрсөтүүгө, сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрүүгө.
15. Окуу борборунун ишин каржылоо белгиленген тартипте төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- окутуу үчүн төлөө түрүндөгү түшүүчү каражаттардан;
- мамлекеттик бюджеттин акча каражаттарынан;
- ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын адистерин жана жеке адамдарды даярдоо жана кайра даярдоого келишимдерди аткаргандык үчүн алынган каражаттардан;
- уюмдарга, ишканаларга, мекемелерге, жеке адамдарга, анын ичинде чет мамлекеттерден акысыз берилүүчү каражаттардан;
- илимий-изилдөөчүлүк, басмалык, өндүрүштүк жана коммерциялык ишинен алынган өздүк каражаттарынан;
- мыйзамдарда уруксат берилген башка булактардан.
16. Окутуучулардын эмгек акысы аткарылган окуу жүгүнүн көлөмүнө жараша белгиленген тартипте аныкталат.
17. Окуу борборунун ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
18. Окуу борборунун ишин токтотууда, анын иш аракетинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архивдик фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин маселелери жөнүндө"Постановление · 10.03.2021 · № 85 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон