Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
ИздөөПеречень
«Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн базалык көрсөткүчтөрдүн тизмеси»
Перечень·2012-жылдын 17-февралы, № 105·Күчүндө·ред.: 2012-жылдын 17-февралы·
ред.: 2012-жылдын 17-февралыКүчүндө
1-тиркеме
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн базалык көрсөткүчтөрдүн ТИЗМЕСИ
| № | Көрсөткүчтүн аталышы | ||
|---|---|---|---|
| Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары | |||
| 1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги | |||
| 1 | Экономикага жеке инвестициялардын көлөмү, млн. сом | ||
| 2 | Экономикага мамлекеттик инвестициялардын көлөмү, млн. сом | ||
| 3 | Ири ишкерлик субъекттеринин катталган/иштеп жаткан салык төлөөчүлөрүнүн саны | ||
| 4 | Чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин катталган/иштеп жаткан салык төлөөчүлөрүнүн саны | ||
| 5 | Тышкы соода көлөмүнүн өсүш темпи, % | ||
| 6 | Соода балансындагы экспорт-импорттун маанисинин өзгөрүшү, млн.сом | ||
| 7 | Административдик тоскоолдуктарды азайтуу: - лицензиялар; - уруксат берүүлөр; - квоталоо | ||
| 2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | |||
| 1 | Республикалык бюджеттин тартыштыгы, ИДПга % | ||
| 2 | Мамлекеттин тышкы карызы, ИДПга % | ||
| 3 | Тышкы карызды тейлөө, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортунун көлөмүнө карата % | ||
| 4 | Өнүгүү бюджети, бюджеттин чыгымдарына % | ||
| 5 | Корголгон статьялар боюнча мөөнөтү өткөн карыздар, млн. сом | ||
| 6 | Берген товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жеке секторго мөөнөтү өткөн карыздар, млн. сом | ||
| 3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги | |||
| 1 | Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүш темпи, % | ||
| 2 | Өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн өсүш темпи - электр энергияны, газды жана сууну, млн. сом анын ичинде электр энергияны, кВт/с | ||
| 3 | Өнөр жайдагы жеке инвестициялардын көлөмү, млн. сом | ||
| 4 | Электр менен камсыз кылуудагы авариялык өчүрүүнүн саны | ||
| 5 | Электр энергиясын коммерциялык жоготуунун деңгээли, % | ||
| 6 | Электр энергиясын техникалык жоготуунун деңгээли, % | ||
| 7 | Жаратылыш газын жоготуунун деңгээли, % | ||
| 8 | Берилген: - электр энергиясы; - жаратылыш газы; - жылуулук үчүн төлөмдөрдү чогултуунун %дык деңгээли | ||
| 9 | Пайдаланууга берилген энергетикалык объекттердин саны | ||
| 10 | Алдын ала төлөө үчүн орнотулган эсептегичтердин саны | ||
| 4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги | |||
| 1 | Түзүлгөн асыл-тукум чарбалардын саны | ||
| 2 | Түзүлгөн үрөн чарбалардын саны | ||
| 3 | Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли, % | ||
| 4 | Айыл чарба продукцияларын дүң чыгаруунун жана аларды кайра иштетүүнүн өсүш темпи, % | ||
| 5 | Айыл чарбасына жеке инвестициялардын көлөмү, млн. сом | ||
| 6 | Кайра иштетүү өнөр жайына жеке инвестициялардын көлөмү, млн. сом | ||
| 7 | Айыл чарба кооперативдеринин санын өсүшү | ||
| 8 | Кайра иштетүү өнөр жайындагы ишканалардын санынын өсүшү | ||
| 9 | Айыл чарба багытында пайдаланылган жерлердин үлүшүнүн көбөйүшү, % | ||
| 10 | Сугат жерлердин көбөйүшү | ||
| 5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | |||
| 1 | Жалпы колдонуудагы автомобиль жолдорун ремонттоо көлөмүнүн өсүш темпи, % | ||
| 2 | Негизги транспорт коридорлорунда ченемдик талаптарга жооп бербеген жолдордун үлүшүн кыскартуу, % | ||
| 3 | Жүк ташуу көлөмүнүн өсүш темпи, % | ||
| 4 | Жүргүнчү ташуу көлөмүнүн өсүш темпи, % | ||
| 5 | Авиамаршруттардын саны, баары | ||
| 6 | Автобустун жаңы маршруттарын ачуу | ||
| 7 | Байланыш кызматын көрсөтүү көлөмүнүн өсүш темпи, % | ||
| 8 | Уюлдук байланыштагы абоненттердин 1000 кишиге карата саны | ||
| 9 | Өлкөнүн калкынын арасына Интернет тармагынын киришинин деңгээли, % | ||
| 10 | Кыргыз Республикасынын аймагын телекөрсөтүүчү сигнал менен жабдуу | ||
| 6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги | |||
| 1 | "Коопсуз шаар" долбоорун киргизүү | ||
| 2 | Түшкөн арыздардын жылышын жана тергөөдөгү иштердин жүрүшүн контролдоо үчүн бирдиктүү электрондук борбор түзүү | ||
| 3 | Кылмыштуулук деңгээлин кыскартуу | ||
| 4 | Сот органдарына берилген иштер боюнча айыптоо жана актоо өкүмдөрүнүн катышы | ||
| 5 | Оор жана өтө оор кылмыштар боюнча сотто кароого өткөрүп берилип, сотко чейинки тартипте токтотулган кылмыштык иштердин санынын ушул категориядагы козголгон кылмыштык иштердин санына карата катышы | ||
| 6 | Жаш курагы жете электер жасаган же алардын катышуусу менен жасалган кылмыштардын үлүшү, % | ||
| 7 | Аныкталган/нейтралдаштырылган уюшкан кылмыштуу топтордун саны | ||
| 8 | Жол-транспорт кырсыгынан каза болуунун деңгээли | ||
| 9 | Жол-транспорт кырсыктарынын саны | ||
| 10 | Уурдалган/жоголгон куралдардын тапшырылышы/кайра алынышы, канча санда | ||
| 7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | |||
| 1 | Жаратылыштын коркунучтуу кубулуштарын жана процесстерин божомолдоонун тууралыгы | ||
| 2 | Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында жасалган иштердин көлөмү: - бүткөрүлгөн объекттердин саны; - корголгон короо-жайлардын саны; - корголгон айыл чарба жерлеринин аянты | ||
| 3 | Өзгөчө кырдаалдарда куткарылган адамдардын саны | ||
| 4 | Жарандык коргонуу боюнча адистерди даярдоо жана элди өзгөчө кырдаалдардан сактануу ыкмаларына үйрөтүү | ||
| 5 | Өрттүн кесепетинен өлүмгө учуроонун деңгээлин азайтуу | ||
| 6 | Өрттүн кесепетинен болгон материалдык зыяндын суммасын азайтуу | ||
| 7 | Калдык сактоочу жайларды реабилитациялоо боюнча тартылган инвестициялардын көлөмү | ||
| 8. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | |||
| 1 | Тартылган потенциалдуу инвесторлордун саны | ||
| 2 | Эки тараптуу мамилелерди өркүндөтүү, ошондой эле эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын баркын бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери аккредитацияланган өлкөнүн ММКда Кыргызстан жөнүндө макалаларды жарыялоо (жарыяланган макалалардын, өткөрүлгөн пресс-конференциялардын саны боюнча жана буга байланыштуу - келген туристтердин, спорт өкүлдөрүнүн, илимий чөйрөлөрдүн ж.б. сандары боюнча баа берүү) | ||
| 3 | Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча кайрылууларына оң чечимдердин саны (жалпы санынан) | ||
| 4 | Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарына консулдук кызмат көрсөтүүнүн саны | ||
| 5 | Кол коюлган эл аралык документтердин саны | ||
| 6 | Тышкы саясат боюнча аткарылган иш-чаралардын саны | ||
| 7 | Жогорку жана чоң деңгээлде өткөрүлгөн өз ара жолугушуулардын саны | ||
| 9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги | |||
| 1 | Коомдук мамилелерди жөнгө салуу багытында иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын саны | ||
| 2 | Мыйзамдардагы өксүктөрдү жана коллизияларды жоюуга багытталып, иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын саны | ||
| 3 | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна адистештирилген түрдө жасалган экспертизалардын саны | ||
| 4 | Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикир билдирүүсү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кайра берилгендеринин саны | ||
| 5 | Мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү: 1) аймактык юстиция башкармаларында жарандарга жана юридикалык жактарга юридикалык консультация берүү борборлорунда юридикалык консультацияларды берүүнүн саны; 2) жарандарга мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдарды көрсөтүүнүн саны | ||
| 6 | Бизнести жабуу боюнча мөөнөттөрдүн жана процедуралардын кыскартылышы | ||
| 10. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги | |||
| 1 | Тирүү төрөлгөн 1000 балага карата өлүмгө учуроонун коэффициенти: - ымыркайлардын чарчап калуусу; - 5 жашка чейинки балдардын чарчап калуусу | ||
| 2 | Тирүү төрөлгөн 100 миң балага карата энелердин өлүмгө учуроосунун коэффициенти | ||
| 3 | ВИЧ жаңыдан табылган учурлардын саны, адам | ||
| 4 | Кургак учук менен ооругандардын саны, 100 миң адамга карата | ||
| 5 | Калкты эмдөө деңгээли, % | ||
| 6 | Жеке менчик формасында түзүлүп, жаңы катталган жана кайрадан каттоодон өткөн юридикалык жана жеке жактардын саны | ||
| 7 | Жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун көрсөткүчү (30-39/40-49 жаш) | ||
| 8 | Шишик оорусу аныкталган күндөн кийин 1 жылдан аз жашап, каза болгондордун саны | ||
| 9 | Жеке менчик саламаттык сактоого инвестициялардын көлөмү | ||
| 11. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги | |||
| 1 | 15-24 курактагы калктын сабаттуулук деңгээли, % | ||
| 2 | Тийиштүү жаштагы балдардын ичинен негизги мектептерде окугандарынын үлүшү, % | ||
| 3 | Балдардын жалпы санынын ичинен мектепке чейинки билим берүү мекемелерине баргандардын саны, % | ||
| 4 | Чет өлкөлүк студенттердин саны (билим экспорту) | ||
| 5 | 10000 калкка карата кесиптик орто окуу жайлардын студенттеринин саны | ||
| 6 | 10000 калкка карата жогорку окуу жайлардын студенттеринин саны | ||
| 7 | Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношкондорунун үлүшү (окууну улантууну жана иш менен өзүн өзү камсыз кылгандарды эсепке алганда) | ||
| 8 | Мамлекеттик бюджеттин билим берүүгө сарптаган чыгымы (ИДП карата % менен) | ||
| 9 | Жеке менчикке негизделген, жаңы катталган окуу жайлардын саны | ||
| 12. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлиги | |||
| 1 | Жумушсуздардын расмий деңгээли, % | ||
| 2 | Жаштардын арасында жумушсуздардын расмий деңгээли, % | ||
| 3 | Жумушка орношкон жумушсуздардын саны | ||
| 4 | Кайрадан окууга камтылган жумушсуздардын саны | ||
| 5 | Акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган жумушсуздардын саны | ||
| 6 | Мамлекеттик органдарда иштеген жаштардын үлүшү | ||
| 13. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги | |||
| 1 | Маданият жана искусство мекемелерине элдин келишинин саны | ||
| 2 | Жалпы пайдалануудагы китепканалардын фондундагы китеп нускаларынын саны, 1000 миң адамга карата | ||
| 3 | Айылдагы клубдардын, өлкөдөгү маданий үйлөрдүн жалпы саны | ||
| 4 | Кыргызстанга келген туристтердин саны | ||
| 5 | Туризм чөйрөсүндөгү негизги капиталга инвестициялар, млн. сом | ||
| 6 | Туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн өсүш темпи, % | ||
| 7 | Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү башталгыч, орто жана жогорку билим берүү мекемелерин бүтүрүүчүлөрдүн жалпы саны | ||
| 14. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги | |||
| 1 | Кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмүнүн жакырчылыктын чегине карата катышы, % | ||
| 2 | Ай сайын берилүүчү бирдей пособиенин орточо өлчөмүнүн көбөйүшү, % | ||
| 3 | Мамлекеттик пособие төлөө үчүн иш жүзүндө каржыланган каражаттын иш жүзүндөгү муктаждыкка карата катышы, % | ||
| 4 | Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын санынын үй-бүлөгө орноштурулган балдардын санына карата катышы, % | ||
| 5 | Социалдык паспорттордун санынын үй-бүлө менен жеке иш жүргүзүү пландарынын санына карата катышы, % | ||
| 6 | Жашоонун татаал жагдайындагы үй-бүлөлөр жана балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлордун саны, канча | ||
| 7 | Улгайган жарандардын социалдык пособиесинин орточо өлчөмүнүн пенсиянын базалык бөлүгүнө карата катышы, % | ||
| 15. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети | |||
| 1 | Коррупцияга каршы ачылган иштердин саны (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы түзүлгөн коррупцияга каршы комитеттин алкагында) | ||
| 2 | Аныкталган/нейтралдаштырылган уюшкан кылмыштуу топтордун саны | ||
| 3 | Мамлекетке зыян келтирилгени ашкереленген жана сот аркылуу бюджетке өндүрүлгөн суммалардын катышы | ||
| 16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги | |||
| 1 | Токой каптаган аянттарды көбөйтүү, га | ||
| 2 | Дарак породасындагы тигилүүчү материалдарды өстүрүү, миң даана | ||
| 3 | Токой-аңчылык жайгаштыруу жүргүзүлчү аянт, миң га | ||
| 4 | Жапайы жырткыч жаныбарлардын санын жөнгө салуу, канча баш | ||
| 5 | Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуулардын кесепетинен болгон жана орду толтурулган зыяндардын суммасы, миң сом | ||
| 6 | Айлана-чөйрөнү коргоого багытталган чараларды кошо каржылоо, анын ичинен муниципалдык тазалоочу түзүлүштөрдү ремонттоого, биологиялык түрлөрдү сактоого, токой чарбасын өнүктүрүүгө, миң сом | ||
| 7 | Балыктын эндемикалык түрлөрүн кое берүү жолу менен Ысык-Көлдө балыктын эндемикалык түрүн калыбына келтирүү | ||
| 8 | Кызыл китепке кирген жапайы жаныбарларды сактоо максатында биотехникалык чараларды көрүү (миң сом) | ||
| 17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги | |||
| 1 | Бөлүнгөн жыштыктарга жетүү укугун ишке ашыруудан түшкөн бюджеттин кирешелери, млн. сом | ||
| 2 | Кыргыз Республикасынын эл аралык жыштыктарын сактоо | ||
| 3 | Жыштык ресурстарын колдонуучулардын саны | ||
| 4 | Телекоммуникациялык рыноктун өнүгүшүнө тартылган каражаттардын көлөмү | ||
| 5 | Цифралык телекөрсөтүү үчүн жыштыктарды пландоо жана эл аралык координациялоо | ||
| 6 | Мамлекеттик телерадиопрограммалар менен аймактарды камсыздоо зонасы: - КТР; - ЭлТР | ||
| 7 | Интернет тармагына ээ болуу | ||
| 8 | Көчмө уюлдук байланыштар тармагына ээ болуу | ||
| 9 | Идентифицикаланган уюктук телефондордун саны | ||
| 18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги | |||
| 1 | Дене тарбия жана спорт менен дайыма машыгуучулардын саны | ||
| 2 | Эл аралык спорттук мелдештерде уткан байгелүү орундардын саны (Олимпиадалык, Параолимпиадалык, Сурдолимпиадалык оюндарда, Азия оюндарында, Азиянын, дүйнөнүн чемпионаттарында, Дүйнө, Азия биринчилигинде жана башка расмий эл аралык турнирлерде) | ||
| 3 | Балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектептеринде, Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр үчүн адистештирилген мектептеринде, Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр үчүн адистештирилген республикалык мектебинде машыккандардын саны | ||
| 4 | Спорттук шаймандар жана объекттер менен камсыздык | ||
| 5 | Машыктыруучу-окутуучу курамдын саны | ||
| 6 | Өткөрүлгөн спорттук-массалык иш-чаралардын саны | ||
| 7 | Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн эл аралык спорттук иш-чаралардын саны | ||
| 8 | Эл аралык спорттук иш-чараларда жетишилген байгелүү орундардын саны (сыйлыктардын, медалдардын ж.у.с. саны) | ||
| 19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттик | |||
| 1 | Курулуш келишимдери боюнча аткарылган иштердин көлөмүнүн өсүш темпи | ||
| 2 | Айылдын калкын борборлоштурулган таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу | ||
| 3 | Калктуу пункттарда генералдык пландарды иштеп чыгуу | ||
| 4 | "Сейсмикалык коопсуздук" мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында объекттерди паспорттоштуруу | ||
| 5 | Кыргыз Республикасынын "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" Мыйзамына ылайык реабилитацияланган объекттердин саны | ||
| 6 | Курулуш тармагынын негизги капиталына жеке инвестициялардын көлөмү, % | ||
| 7 | Калкта ар бир адамга карата турак-жайдын пайдаланууга киргизилиши (кв.м) | ||
| 8 | Инженердик инфраструктура объекттерин ишке киргизүү суу түтүктөрү суу чыгаруу | ||
| 9 | Региондордун аймагында жаңы түзүлгөн жеке ишкердик субъекттеринин, муниципалдык жана башка субъекттердин, чакан жана орто бизнестин субъекттеринин саны | ||
| 10 | Бишкек жана Ош шаарларынан башка региондордун аймактарында түзүлгөн иш орундардын саны | ||
| 20. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик | |||
| 1 | Жеке инвестициялардын көлөмү: - геологиялык чалгындоо иштери, млн. сом; - кен казуу өнөр жайы, млн. сом | ||
| 2 | (ИПДО) форматы боюнча отчет берчү ишканалардын пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө лицензиясы бар ишканалардын жалпы санына карата катышы (кен казуу тармагындагы ачык-айкындык демилгеси), % | ||
| 3 | Жаратылыш ресурстарын пайдалануу укугун ишке ашыруудан түшкөн бюджетке киреше, млн. сом | ||
| 4 | Секторго инвесторлордун жергиликтүү жамаат менен болгон талаш-тартыштарынын деңгээлин азайтуу | ||
| 5 | Кен казуу секторундагы ишке киргизилген өндүрүштүн саны | ||
| 6 | Изилденген кендердин саны | ||
| 21. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы | |||
| 1 | Камактагылардын арасында өлүмгө учуроолордун жана өзүн өзү өлтүрүүлөрдүн деңгээли | ||
| 2 | Камактагылардын арасында жалпы оорулардын көрсөткүчү, анын ичинде кургак учук жана ВИЧ, канча адам | ||
| 3 | Соттолгондордун эмгек рыногунда керектүү кесипке болушу | ||
| 4 | Соттолгондордун билим алышы, анын ичинде жалпы орто жана жогорку билимге ээ болушу | ||
| 5 | Түзөтүү мекемелеринде жасалган кылмыштардын саны жана алардын ачылышы | ||
| 6 | Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү, млн. сом | ||
| 7 | Жаңыдан түзүлгөн иш орундардын санынын камакка алынгандардын жалпы санына карата катышы | ||
| 22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы | |||
| 1 | Салык жыйноонун пландык көрсөткүчүн аткаруу, % | ||
| 2 | Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ички өндүрүү жагында байкалбаган экономиканын өлчөмүн азайтуу, ИДПга карата % | ||
| 3 | Салык органдары активдүү салык төлөөчүлөргө карата жүргүзгөн барып салыктык текшерүүнүн санын азайтуу | ||
| 4 | Мамлекеттик салык кызматынын текшерүүлөрдү жүргүзүүгө финансылык чыгымдарын азайтуу | ||
| 23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы | |||
| 1 | Эл аралык соодада салыктык жыйноолордун пландык көрсөткүчүн аткаруу, % | ||
| 2 | Товарларды контрабандалык жол менен киргизүүдөгү жана чыгаруудагы байкалбаган экономиканын өлчөмүн азайтуу, ИДПга карата % | ||
| 3 | Бажылык кароонун мөөнөтүн кыскартуу | ||
| 4 | Товарларды контрабандалык жол менен киргизүү жана чыгаруу боюнча укук бузууларды жана кылмыштарды аныктоонун натыйжасында бюджетке келтирилген чыгымдардын ордун толтуруунун көлөмү | ||
| 24. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы | |||
| 1 | Биржалык сооданын көлөмү (млн. сом) | ||
| 2 | Фондулук рынокту капиталдаштыруу (млн. сом), ИДПга карата % | ||
| 3 | Баалуу кагаздардын эмиссиясынын көлөмү (млн. сом) | ||
| 4 | Фондулук биржада листинг процедурасынан өткөн компаниялардын саны (канча) | ||
| 6 | Камсыздандыруу кызматынын көлөмү (камсыздандыруу сыйлыгы - бардыгы) (млн. сом) | ||
| 7 | Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын активдери (млн. сом) | ||
| 8 | Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын өздүк капиталы (млн. сом) | ||
| 9 | НПФнын пенсиялык активдери (млн. сом) | ||
| 10 | Фондулук биржага IРО саны (акцияларды алгачкы жайгаштыруу) | ||
| 25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы | |||
| 1 | Электрондук форматка өткөрүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүнүн үлүшү, % | ||
| 2 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтүн кыскартуу | ||
| 3 | Юридикалык жана жеке жактардан түшкөн арыздардын санынын азайышы | ||
| 4 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бекитилген стандарттарынын саны | ||
| 5 | Өлкөнүн региондорунда мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча борборлордун саны | ||
| 26. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы | |||
| 1 | Келтирилген зыяндардын аныкталышы менен соттук тартипте бюджетке өндүрүлгөн суммалардын катышы | ||
| 2 | Козголгон кылмыш иштеринин жана алар боюнча чыгарылган айыптоо өкүмдөрүнүн саны | ||
| 3 | Козголгон жана токтотулган кылмыш иштердин катышы (сотко чейинки тартипте) | ||
| 4 | Байкалбаган экономиканын өлчөмүн кыскартуу, ИДПга карата % | ||
| 27. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы | |||
| 1 | Интеллектуалдык менчик объектилеринин укуктарын каттоо | ||
| 2 | Интеллектуалдык менчик объектилери боюнча билдирүүлөрдү кароонун мөөнөтү | ||
| 3 | Инновациялык потенциал | ||
| 4 | Мамлекеттик патенттик фондго түшкөн патенттик документтер | ||
| 28. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат | |||
| 1 | Жок кылынган трансулуттук туруктуу кылмыш уюмдарынын (каналдарынын) саны, анын ичинде башка мамлекеттердин компетенттүү органдары менен бирдиктүү иштин натыйжасында жок кылынгандар | ||
| 2 | Республика ичинде аныкталган жана жок кылынган баңги каналдарынын, уюшулган коррупциялык баңги топторунун саны | ||
| 3 | Тартып алынган баңги заттарынын көлөмү | ||
| 4 | Эл аралык донорлордон алынган жардамдардын көлөмү | ||
| 5 | Баңги чөйрөсүндөгү ар түрдүү деңгээлдеги жүргүзүлгөн алдын алуучу иштердин саны | ||
| 6 | Сот органдарына өткөрүлгөн иштер боюнча айыптаган жана актаган иштердин катышы | ||
| 7 | Каттоодо турган наркотикке көз каранды адамдардын саны | ||
| 29. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду | |||
| 1 | Мамлекеттик жана мобилизациялык товардык-материалдык баалуулуктардын запасын аныкталган номенклатурага чейин жеткирүү | ||
| 2 | Бар болгон товардык-материалдык баалуулуктардын сандык-сапаттык сакталышын камсыз кылуу | ||
| 3 | Товардык-материалдык баалуулуктардын мамлекеттик резервинин номенклатуралык запасын камсыздоо | ||
| 4 | Тамак-аш тобундагы запастардын толтурулушу | ||
| 5 | Дебитордук карыздын азайышы | ||
| 30. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы | |||
| 1 | Кыргыз Республикасынын ЖАКнын президиумунун чечими менен жыл ичиндеги бекитилген жана четтетилген диссертациялардын санынын катнашы | ||
| 2 | Окумуштуулук наам ыйгарылган жана четке кагылган ыйгаруу жөнүндө сунуштардын катнашы | ||
| 3 | Башка мамлекеттерде нострификациядан өтпөй калган окумуштуулук даражалар жана наамдар жөнүндө дипломдордун саны | ||
| 4 | Кыргыз Республикасынын ЖАКнын президиумунун чечимине канааттанган апелляциялардын жалпы апелляциянын санына болгон катнашы | ||
| 31. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду | |||
| 1 | Социалдык фонддун каражаттарын салуунун кирешелүүлүк деңгээли, % | ||
| 2 | Камсыздандыруу взносторун төлөөчүнүн карызын азайтуу, % | ||
| 3 | Пенсияларды жана пособиелерди төлөө кечиктирилген учурлардын санын азайтуу | ||
| 32. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду | |||
| 1 | Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардамды камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын ишке ашырууга багытталган жалпы чыгымдан биринчи медико-санитардык жардамга болгон чыгымдардын үлүшү, % менен | ||
| 2 | Стационардагы оорулууга бир күндүк түз чыгымдарды бирдиктүү бюджеттен көбөйтүү - дары-дармекке; - тамак-ашка | ||
| 3 | Камсыздандырылган жарандарды Кошумча программа боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармектер менен амбулаториялык деңгээлде камсыз кылуу нормативин ар бир жанга көбөйтүү | ||
| 4 | Камсыздандырылган жарандарды Кошумча программа боюнча милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча дары-дармектер менен амбулаториялык деңгээлде камсыз кылууга берилген рецепттердин саны | ||
| 33. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд | |||
| 1 | Акциялардын мамлекеттик пакетинин дивиденди, өткөн жылга салыштырмалуу % менен | ||
| 2 | Менчиктештирүүдөн түшкөн каражат, өткөн жылга салыштырмалуу % менен | ||
| 3 | Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү, өткөн жылга салыштырмалуу % менен | ||
| 4 | Өткөн жылга салыштырмалуу % менен мамлекеттик ишканалардын кирешеси | ||
| 34. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансалык чалгындоо мамлекеттик кызматы | |||
| 1 | Катталган маалымат берүүчүлөрдүн саны менен берилген билдирүүлөрдүн санынын катышы, % | ||
| 2 | Кабыл алынган жана иштетилген билдирүүлөрдүн санынын катнашы | ||
| 3 | Терроризмди (экстремизмди) каржылоонун жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган фактыларынын саны жана терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого пайдаланылганы аныкталган каражаттардын саны | ||
| 4 | Жиберилген жалпыланган материалдардын саны менен козголгон кылмыш иштердин санынын катнашы | ||
| 5 | Кылмыштуу кирешелерди жана предикат кылмыштарды легалдаштыруунун (адалдоонун) натыйжасында Кыргыз Республикасынын чегинен алып чыгып кеткен, аныкталган жана кайра алынган кылмыштуу активдердин саны | ||
| 35. Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары | |||
| 1 | Региондук дүң продуктылардын өсүш темпи, % | ||
| 2 | Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүш темпи , % | ||
| 3 | Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү, млн. сом | ||
| 4 | Жаңы түзүлгөн иш орундардын саны | ||
| 5 | Орточо эмгек акы | ||
| 6 | Региондордогу жашоонун орточо узактыгы | ||
| 7 | Үйлөрдү ишке киргизүү, миң кв.м | ||
| 8 | Региондордогу төрөттөрдүн деңгээли | ||
| 9 | Тышкы жана ички миграциянын деңгээлин азайтуу | ||
| 10 | Жаңы ишканалардын жана уюмдардын саны | ||
| 11 | Улут аралык жана дин аралык араздашуулардын деңгээлин азайтуу | ||
| 36. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | |||
| 1 | Өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн өсүш темпи, % | ||
| 2 | Айыл чарбасындагы дүң продукциянын өсүш темпи, % | ||
| 3 | Туристтик кызмат көрсөтүү көлөмүнүн өсүш темпи, % | ||
| 4 | Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү, млн. сом | ||
| 5 | Жаңы түзүлгөн иш орундардын саны | ||
| 6 | Кирешенин орто статистикалык деңгээлине карата жарандардын кирешелеринин региондук деңгээлинин катышы | ||
| 7 | Жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосундагы талаш-тартыштардын деңгээлин азайтуу | ||
| 8 | Региондогу ички жана тышкы миграциянын деңгээлин азайтуу | ||
| 9 | Улуттар аралык жана дин аралык араздашуулардын деңгээлин азайтуу | ||
| 10 | Региондордогу жашоонун орточо узактыгы | ||
| 11 | Региондордогу төрөттөрдүн деңгээли | ||
| 12 | Үйлөрдү ишке киргизүү, миң кв.м | ||
| Мамлекеттик органдардын иш аракеттеринин натыйжалуулугун баалоо үчүн эл аралык рейтингдер | |||
| Индекстин аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Булактар | |
| 1 | Адамдык потенциалды өнүктүрүү индекси: - төрөлүүдө күтүлгөн жашоонун узактыгы; - бой жеткен калктын сабаттуулук деңгээли; - билим берүү мекемелерине тапшыргандардын жалпы көрсөткүчү; - калктын ар бирине ИДП (АКШ долл. ППС) | СММ, БИМ, ЭМСМ, ЮМ | БУУ |
| 2 | Мамлекеттик башкаруунун интегралдык көрсөткүчү: - добуш берүү укугу жана отчеттуулук (Voice a№d Accou№tability) - саясий туруктуулук жана зомбулуктун жоктугу (Political Stability a№d Abse№ce of Viole№ce); - Өкмөттүн натыйжалуулугу (Gover№me№t Effective№ess); - мыйзамдардын сапаты (Regulatory Quality); - мыйзамдын улуктугу (Rule of Law); - коррупцияны контролдоо (Co№trol of Corruptio№) | ИИМ, ЮМ, ЭМСМ, ФП | Дүйнөлүк банк |
| 3 | Экономикалык эркиндик индекси: - бизнестин эркиндиги; - сооданын эркиндиги; - салыктык эркиндик; - өкмөттөн эркиндик; - акчанын эркиндиги; - инвестициялардын эркиндиги; - финансылык эркиндик; - менчикке укукту коргоо; - коррупциядан эркиндик; - эмгек мамилелеринин эркиндиги | ЭМСМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), ЮМ, ЖЭИМ, ФМ, ЭӨМ | Heritage Fou№datio№ изилдөө борбору |
| 4 | Doi№g Busi№ess индекси: - ишканаларды каттоо; - курулушка уруксаат алуу; - электр менен камсыздоо системасына кошулуу; - жеке менчигин каттоо; - кредиттөө; - инвесторлорду коргоо; - салык салуу; - эл аралык соода; - контракттардын аткарылышын камсыздоо; - салык төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү | ЭМСМ, ЮМ, ЭӨМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), КРӨМА, Мамкаттоо | Дүйнөлүк банк |
| 5 | Коррупцияга карата мамиле индекси: Мамлекеттик жана саясий секторлордогу паранын көлөмү жана/же деңгээли) | ИИМ, ФП, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) | Tra№spare№sy I№ter№atio№al |
| 6 | Атаандаштыкка жарактуулук индекси (Global Competitive№ess I№dex) - институттар (I№stitutio№s); - инфраструктура (I№frastructure); - макроэкономикалык шарттар (Macroeco№omic e№viro№me№t); - саламаттык сактоо жана башталгыч билим берүү (Health a№d primary educatio№); - жогорку билим берүү жана окутуу (Higher educatio№ a№d trai№i№g); - товардык рыноктун натыйжалуулугу (Goods market efficie№cy); - эмгек рыногунун натыйжалуулугу (Labor market efficie№cy); - финансылык рыноктун өнүккөндүгү (Fi№a№cial market developme№t); - технологиялык деңгээл (Tech№ological readi№ess); - рыноктун көлөмү (Market size); - өндүрүштүн татаалдыгы (Busi№ess sophisticatio№); - инновация (I№№ovatio№) | Бардык министрликтер жана ведомстволор | Эл аралык экономикалык форум |
| 7 | Эмдөөлөрдүн деңгээли (Immu№izatio№ Rates) | ССМ, ЮМ | Эл аралык саламаттык сактоо уюму |
| 8 | Саламаттык сактоого чыгымдар (Health Expe№ditures) | ССМ, ФМ, ЮМ | Эл аралык саламаттык сактоо уюму |
ыкчам баскычтар:J / Kкийинки / мурунку берене[ / ]редакция артка / алдыгаTмазмунуCбайланыштар⌘K / Ctrl Kбуйруктар палитрасы/издөөгө фокус
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин…Постановление · 17.02.2012 · № 105 · Күчүн жоготкон