Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
Мөөнөтү бүттү КР Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык 2022-жылдын 14-январы № 9
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2001-жылдын 11-октябры №628 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №94, 2012-жылдын 20-июлундагы № 513, 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Акциялардын мамлекеттик пакети бар акционердик коомдорду корпоративдик башкаруу принциптерин андан ары өркүндөтүү, мамлекеттик менчикти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана "Корпоративдик башкаруу жана ишканаларды реформалоо-2" Программасы боюнча саясат Матрицасынын шарттарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Акционердик жана башка келишимдик коомдордогу акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкаруу укугун өткөрүп берүү жөнүндө жана менеджердик башкаруудагы мамлекеттик ишканаларды өткөрүп берүү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-июлундагы № 276 токтому менен бекитилген, Менеджердик башкаруудагы мамлекеттик ишканаларды өткөрүп берүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
26-пункттун экинчи абзацы алып салынсын;
- 31-пункттагы "(акциялар)" деген сөз алып салынсын.
2. "Акционердик жана башка келишимдик коомдордогу акциялардын мамлекеттик пакеттерин башкаруу укугун өткөрүп берүү жөнүндө жана менеджердик башкаруудагы мамлекеттик ишканаларды өткөрүп берүү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-июлундагы № 276 токтому менен бекитилген, Менеджердик башкаруудагы мамлекеттик ишканаларды өткөрүп берүү жөнүндө жобого "Ишкананы башкаруу укугуна ___________ Контракт" деген № 2 тиркемесине төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1.1-пункттагы "же болбосо акциялардын мампакети" деген сөз алып салынсын;
- 2.1-пункттун 2.1.2-пунктчасындапы "акционерлердин жалпы чогулушунда" деген сөздөр алып салынсын;
- 3.1-пункттун 3.1.18-пунктчасындагы 3.1-пункт алып салынсын;
- 3.1-пункттун 3.1.19., 3.1.20-пунктчалары тиешелүүлүгүнө жараша 3.1.18., 3.1.19-пункттар деп эсептелсин;
- 4.5-пункттагы "анын акциялары" деген сөз алып салынсын;
- 5.1.5-пункттагы 5.1.1. жана 5.1.2-пунктчалар алып салынсын;
- 5.1.3., 5.1.4, 5.1.5-пунктчалар тиешелүүлүгүнө жараша 5.1.1. жана 5.1.2., 5.1.3-пунктчалар деп эсептелсин;
- 5.2-пункт алып салынсын;
- 11.1-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү "жогоруда айтылган акциялардын мамлекеттик пакеттери" деген сөздөр "мамлекеттик ишкананы башкарууда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12.1-пункт алып салынсын;
- 12.2., 12.3, 12.4-пунктгар тиешелүүлүгүнө жараша 12.1., 12.2., 12.3-пункттар деп эсептелсин.
3. "Ишканалардын башкаруучулук кадрларын өнүктүрүүнү пландаштыруу боюнча Комиссия түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 12-июлундагы № 277 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Ишканалардын башкаруучулук кадрларын өнүктүрүүнү пландаштыруу боюнча Комиссия 9 адам курамында түзүлсүн, ага кызматы боюнча (коомдук негиздерде): Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (Комиссиянын төрагасы), Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министринин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Илим жана билим министринин биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынн корпоративдик өнүктүрүү боюнча Борборунун директору кирет. Комиссиянын калган мүчөлөрү Комиссиянын төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын илимий кызматкерлеринин жана ишкерлердин арасынан дайындала тургандыгы белгиленсин. Комиссиянын жумушчу органы ишканалардын башкаруучулук кадрларын пландаштыруу боюнча Комиссиянын сектору болуп саналып, ал үч адамдан турат жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы тарабынан дайындалат;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасына тапшырылсын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №94 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
7. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
8. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
9. "Мүчөлөрү мамлекеттик органдардын жетекчилери же жооптуу кызматкерлери болуп саналган акционердик коомдордун директорлор кеңештеринин шитери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 12-сентябрындагы №561 токтомунун 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордо аткаруу органдарынын жетекчилери менен контракттарды (эмгек келишимдерин) түзүү практикасы киргизилсин".
10. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор өзүлөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
11. Бул токтом жаллыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Биринчи вице-премьер-министр
Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- Положение о Комиссии по планированию развития управленческих кадров предприятий (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 12 июля 1995 года N 277)Положение · 12.07.1995 · № 277
- Положение о государственных представителях в Совете директоров акционерных обществ, акции (часть акций) которых закреплены в государственной собственности (Утверждено…Положение · 07.09.1998 · № 584
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.02.2012 · № 94
- Постановление Правительства КР от 12 июля 1995 года N 277 "О создании Комиссии по планированию развития управленческих кадров предприятий"Постановление · 12.07.1995 · № 277 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2012 · № 513 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун…Постановление · 17.06.2014 · № 338 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №94 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 15.02.2012 · № 94
- Постановление Правительства КР от 12 июля 1995 года N 276 "Об утверждении положений о порядке и условиях передачи права управления государственным пакетом акций в акционерных и…Постановление · 12.07.1995 · № 276 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер субъекттерди башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 20.07.2012 · № 513 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 июля 1995 года N 277 "О создании Комиссии по планированию развития управленческих кадров предприятий"Постановление · 12.07.1995 · № 277 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 12 сентября 2000 года №561 "О работе советов директоров акционерных обществ, членами которых являются руководители или ответственные работники…Постановление · 12.09.2000 · № 561 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июнундагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун…Постановление · 17.06.2014 · № 338 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Правительства КР от 7 сентября 1998 года N 584 "Об обеспечении представления интересов государства в органах управления акционерных обществ, акции (часть акций)…Постановление · 07.09.1998 · № 584 · Күчүн жоготкон
- Положение о передаче государственных предприятий в менеджерское управление (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 12 июля 1995 года N 276)Положение · 12.07.1995 · № 276 · Күчүн жоготкон