Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Чоң-Кемин» улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 февраля 2012 года №93 "Об отмене постановления Правительства Кыргызской Республики "Об изменении границ Государственного природного национального парка "Чон-Кемин" от 13 июня 2009 года №374"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-15.
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-февралындагы №93 токтому менен КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 13-июну №374 "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын чек араларын өзгөртүү жөнүндө Кен казуу тармагына инвестицияларды тартуу жана Чүй облусунун Кемин районунда геологиялык чалгындоо жана кен казуу иштерин өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркына тиешелүү жерлердин курамынан төмөнкүлөр чыгарылсын:
- "Ак-Түз" участогу;
- "Окторкой" участогу;
- төмөнкү чектерден чыгыш тарапта жайгашкан жерлер:
чек аранын чыгыш участогу Иле Ала-Тоосунун кырында жайгашкан 4029 белгиси бар бийиктиктен башталат жана тоо кыркасы боюнча батыш багытта Басыжай суусунун башатына чейин барат жана андан ары анын нугу боюнча Чоң-Кемин суусуна куйганга чейин жетет. Андан ары Чоң-Кемин суусунун нугунун агымы боюнча жогору карай ага сол куймасы Койсуу суусуна куйганга чейин өтөт. Андан ары нук боюнча ушул суунун агымы менен жогору кетип анын сол куймасынын нугу боюнча Күңгөй Ала-Тоо кыркасынын кырында жайгашкан 4337 м белгиси бар бийиктигине чейин барат.
2. Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:
- "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын жерин эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин;
- "Чоң-Кемин" улуттук мамлекеттик жаратылыш паркынын жаңы чек араларын сүрөттөп жазууну ушул токтомдун 1-пунктунда аталган, анын карамагынан бөлүнгөн жерлерди эске алуу менен жүргүзүшсүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизишсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 4-майындагы № 141 (С.С. Атаджанов жана У.А.Ташбаев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 04.05.2012 · № 141
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 125 (Атаджанов Сабир Садыкжановичке ишеним кат берүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 04.04.2012 · № 125
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1779-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.04.2012 · № 1779-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды жактыруу тууралуу" токтомуПостановление · 07.08.2012 · № 553 · Күчүн жоготкон