Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 токтому менен бекитилген
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо айыл өкмөтүнүн калктын жашоосуна эң жакшы шарттарды түзүүдөгү иштерин колдоо, айылды көрктөндүрүү, келбетин жакшыртуу, айыл чарба жана өнөр жай продукцияларын өндүрүүнүн көлөмдөрүн өстүрүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү; ишкердикти жана айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүү; жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү, дотациялык төлөөлөрдү кыскартуу, инвестицияларды тартуу; инженердик жабдууларды жана санитариялык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу максатында иштелип чыкты, ошондой эле "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынакты (мындан ары - сынак) өткөрүү тартибин, сынакта 1-3-орундарды алган жеңүүчүлөрдү аныктоо тартибин аныктайт.
2. Сынак жыл сайын өткөрүлөт. Сынакка айыл өкмөтү жайгашкан аймактагы райондун сынактык комиссиясына арыз берүү жолу менен ар бир айыл өкмөтү катыша алат.
3. Сынактык комиссиялардын курамы жыл сайын сынак башталганга чейин жаңыртылып турат.
4. Сынак отчеттук мезгилден кийинки жылдын бешинчи айынын биринчи жумушчу күнүнөн тартып башталат.
5. Райондук жана облустук деңгээлде сынак өткөрүүнү жана анын жыйынтыктарын чыгарууну жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан түзүлүүчү жалпы мамлекеттик сынактык комиссия ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сынактык комиссиялар
6. Сынак райондордун жана облустардын деңгээлинде түзүлүүчү сынактык комиссиялар тарабынан өткөрүлөт. Райондун сынактык комиссиясы райондун мамлекеттик администрациянын башчысы - акими, ал эми облустун сынактык комиссиясы - Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Райондун сынактык комиссиясы билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт мекемелеринин, райондун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жерге жайгаштыруу, ошондой эле турак жай-коммуналдык чарба органдарынын, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн ж.б. ичинен беш кишиден кем эмес санда түзүлөт.
8. Облустун сынактык комиссиясы билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринин, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын, саясий партиялардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын өкүлдөрүнүн ж.б. ичинен беш кишиден кем эмес санда түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Сынактык комиссиялар өз ишин отурумдарды өткөрүү, тиешелүү айыл аймагын кароо, турак жай-коммуналдык чарба мекемелерине, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт мекемелерине баруу, ошондой эле калкты сурамжылоо, айыл өкмөтүнүн документтерин текшерүү ж.б. жолу менен жүргүзүшөт.
10. Сынактык комиссиялардын отурумдары, эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн 2/3ден кем эмеси катышса мыйзамдуу болуп саналат. Сынактык комиссиялардын чечими отурумга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган учурда, сынактык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Сынактык комиссиянын жыйынтыктоочу отурумунун протоколуна төрага жана катчы кол коет.
3. Сынакты өткөрүүнү уюштуруу
11. Сынак маалымат өнөктүгүн жүргүзүүнү кошкондо үч этапта өткөрүлөт.
12. Биринчи этапта айыл өкмөттөрүнүн жалпы мамлекеттик сынакка катышууга арыздары каралат. Арыздар ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн күндөн баштап он күндүн ичинде берилет.
13. Арыздар ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет. Арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына сынактык тандоо жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн ишинин критерийлерин баалоо матрицасы;
- баалоо критерийлеринин индикаторлорунун маанисин ырастаган документтер.
Арыздар жана ага тиркелген документтер ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн күн бүткөндөн кийин райондун сынактык комиссиясы тарабынан бир айлык мөөнөттө каралат. Сынактын биринчи этабында райондун сынактык комиссиясы арызга берилген документтердин толук топтомун текшерет. Документтер баалоо матрицасына ылайык каралат жана бааланат. Сынактын биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча комиссиянын эң жогорку баллына ээ болгон ар бир райондон бир талапкер (айыл өкмөтүнөн) тандалып алынат жана талапкерди тандап алуу тууралуу чечим (протокол) облустун сынактык комиссиясынын дарегине жиберилет.
14. Сынактын экинчи этабында облустун сынактык комиссиясы райондон жеңип чыккандардын ичинен эки талапкерди (айыл өкмөтүн) тандап алат жана талапкерди тандап алуу тууралуу чечим (протокол) жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын дарегине жиберилет.
Сынактын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча комиссиянын эң жогорку баллына ээ болгон ар бир облустан эки талапкер (айыл өкмөтү) тандалып алынат жана талапкерди тандап алуу тууралуу чечим (протокол) жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын дарегине жиберилет. Сынактын экинчи этабы сынактын биринчи этабы бүткөндөн он күн өткөндөн кийин бир айлык мөөнөттө өткөрүлөт.
15. Жалпы мамлекеттик сынактык комиссия облустардан берилген материалдарды карап чыгат жана айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн аныктайт.
4. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо
16. Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоо айыл өкмөтүнүн ишин баалоо критерийлеринин матрицасына ылайык жүргүзүлөт.
17. Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы баасы ар бир багыт боюнча индикаторлордун маанилерин суммалоо жолу менен аныкталат. Сынактын үчүнчү этабынын жеңүүчүсү болуп комиссиянын эң жогорку баллына ээ болгон айыл өкмөтү саналат.
18. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жыйынтыктарын чыгарууда биринчи, экинчи, үчүнчү орундар берилет.
19. "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө чечим жалпы мамлекеттик сынактык комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 142 токтомунун редакциясына ылайык)
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме
"Эң мыкты айыл өкмөтү" конкурсуна айыл өкмөтүнүн катышуусуна арыздын формасы
Айыл аймагынын аталышы ___________________________________________ Айыл өкмөтүнүн башчысы ___________________________________________ (Аты-жөнү) Калктын саны _____________________________________________________ Жооптуу адам _____________________________________________________ (Аты-жөнү) Телефон: ____________________ Электрондук дарек: _________________ Факс: ____________________________________________________________ Айыл өкмөтүнүн почта дареги: _____________________________________ _______________________________________________________________________ Айыл өкмөтүнүн башчысы: __________________________________________ (колу)
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына конкурстук тандоону жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн ишин баалоо критерийлеринин МАТРИЦАСЫ
| N | Критерийлер- дин аталышы | Индикаторлор | Баллдар | Баа | ||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча критерийлер жана индикаторлор | ||||||||
| 1 | Социалдык кызматтар | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
| 1.1 | Саламаттык сактоо секторун колдоо боюнча иш чараларды уюштуруу | Саламаттык сактоо секторун колдоо боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар- дын саны (саламаттык сактоо уюмдарынын инфраструк- турасын жакшыртуу, кызмат орундарында кармап калуу максатында медициналык кадрларга турак жай-тиричили шарттарын түзүү) | Өткө- рүлбөйт | Өткөрүп жиберүү (балл коюл- байт) | Кээде өткөрү- лөт | Өткөрүп жиберүү (балл коюл- байт) | Толук кандуу өткөрүлөт (уюмдун имараты, жанаша жаткан инф- ратүзүм мамлекет- тик стандарт- тарга шайкеш келет, кызмат орунда- рында кармап калуу максатын- да медицина- лык кадрларга турак жай- тири- чилик шарттары толук түзүлгөн) | |
| 1.2 | Калктын ичүүчү суу менен камсыздалы- шынын деңгээли | Ичүүчү суу менен камсыздалган калктын саны, % | 10%га чейин | 20%га чейин | 50%га чейин | 70%га чейин | 100%га чейин | |
| 1.3 | Өткөн жылга салыштырма- луу кедейлик деңгээлинин төмөндөө динамикасы | Жакыр үй-бүлөлөр- дүн санынын төмөндөө динамикасы (ККЭТД+ КЭТЧ+КЧ боюнча суммада) | Жакыр үй- бүлө- лөрдүн саны кө- бөйүүдө | Жакыр үй- бүлө- лөрдүн санынын төмөн- дөө динами- касы жок | Жакыр үй- бүлө- лөрдүн санынын төмөн- дөшү 5%га чейин | Жакыр үй- бүлө- лөрдүн санынын төмөн- дөшү 10%га чейин | Жакыр үй- бүлөлөр- дүн санынын төмөндөшү 10%дан жогору | |
| 1.4 | Коомдук жайларды көрктөндүрүү жана жашылданды- руу | Коомдук жайлардын абалы (сейилбак- тар, эс алуу зоналары, спорт курулмалары) | Коомдук жайлар жок | Коомдук жайлар иште- бейт | Коомдук жайлар бир аз иштейт, толук эмес жашыл- данды- рылган | Коомдук жайлар иштейт, сейил- бак зонасы- нын абалы канаат- танды- раарлык | Коомдук жайлар иштейт, сейилбак зонасы жана жашылдан- дыруунун абалы жакшы | |
| 1.5 | Тиричилик таштандылар- ды чогултууну, ташып чыгууну жана утилдешти- рүүнү уюштуруу | КТТ чогултуу боюнча кызматтын болушу жана аткаруу сапаты | КТТ чогул- туу жана кайра иштетүү боюнча кызмат жок, таштан- ды жай жок | КТТ чогул- туу дайыма эмес, таштан- ды жайлар баш- аламан | КТТ чогул- туу дайыма жүргү- зүлөт, таштан- ды жайлар баш- аламан | КТТ чогул- туу дайыма жүргү- зүлөт, таштан- ды полиго- ну ченем- дерге жооп бербейт | КТТ чогултуу жана утилдеш- тирүү боюнча атайын кызмат бар, КТТ чогултуу дайыма жүргүзү- лөт, таштанды полигону ченемдер- ге жооп берет | |
| 1.6 | Маданий-эс алуу жана спорттук иш-чаралар чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнү уюштуруу | Маданий объекттердин бар болушу, абалы | Маданий объект- тер жок | Маданий объект- тер иште- бейт | Маданий объект- тер толук эмес иштейт, имарат- тар жана курул- малар- дын абалы канаат- танды- раарлык эмес | Маданий объект- тер жетиш- түү дең- гээлде иштейт, имарат- тар жана курул- малар- дын абалы канаат- танды- раарлык | Маданий объекттер толук иштейт, кызыкчы- лыктар боюнча ийримдер бар, имарат- тардын абалы жакшы | |
| 1.7 | Коомдук тартипти сактоо | Кылмыштуу- луктун жалпы деңгээлинин көрсөткүчтө- рүнүн төмөндөшү, % | Төмөн- дөө динами- касы жок | 5%га чейин | 10%га чейин | 20%га чейин | 20%дан жогору | |
| Социалдык кызматтар боюнча индикаторлордун жыйынтык баасы: | ||||||||
| 2 | Экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
| 2.1 | Ишкердиктин активдүүлү- гүнүн өсүшү | Жаңы ишканалардын өсүү динамикасы, % | Жаңы ишкана- лардын санынын өсүү динами- касы жок | Жаңы ишкана- лардын санынын өсүшү (10%га чейин) | Жаңы ишкана- лардын санынын өсүшү (20%га чейин) | Жаңы ишкана- лардын санынын өсүшү (50%га чейин) | Жаңы ишкана- лардын санынын өсүшү (50%га чейин) | |
| 2.2 | Ишкердиктин активдүүлү- гүнүн өсүшү | Өткөн жылга салыштырма- луу жаңы жеке ишкерлердин санынын өсүү динамикасы, % | Жаңы жеке ишкер- лердин санынын өсүү динами- касы жок | Жаңы жеке ишкер- лердин санынын өсүү динами- касы (5%га чейин) | Жаңы жеке ишкер- лердин санынын өсүү динами- касы (10%га чейин) | Жаңы жеке ишкер- лердин санынын өсүү динами- касы (20%га чейин) | Жаңы жеке ишкерлер- дин санынын өсүү динамика- сы (20%дан жогору) | |
| 2.3 | Муниципалдык жерлер менен бирге муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу | ММди натыйжалуу башкаруудан жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешелер- дин өсүү динамикасы, % | Жерги- ликтүү бюджет- ке түшкөн киреше- лердин өсүү динами- касы жок | Жерги- ликтүү бюджет- тин киреше- си өстү (5%га) | Жерги- ликтүү бюджет- тин киреше- си өстү (15%га) | Жерги- ликтүү бюджет- тин киреше- си өстү (25%га) | Жергилик- түү бюджеттин кирешеси өстү (25%дан жогору) | |
| 2.4 | Инвестиция- ларды тартуу үчүн шарттарды түзүү | Социалдык чөйрөгө тартылган инвестиция- лардын көлөмүнүн өсүү динамикасы | Социал- дык инвес- тиция- лардын өсүү динами- касы жок | Социал- дык инвес- тиция- лардын көлөмү өстү (5%га) | Социал- дык инвес- тиция- лардын көлөмү өстү (10%га) | Социал- дык инвес- тиция- лардын көлөмү өстү (20%га) | Социалдык инвести- циялардын көлөмү өстү (20%дан жогору) | |
| Экономикалык маселелер боюнча индикаторлордун жыйынтык баасы: | ||||||||
| 3 | Натыйжалуу финансылык башкаруу | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
| 3.1 | Чыгымдоо милдеттерин каржылоонун натыйжалуу- лук деңгээлин жогорулатуу | Жергиликтүү бюджеттин өздүк кирешесинин өсүшү (трансферт- терден тышкары), % | Менчик киреше- нин өсүш динами- касы жок | Менчик киреше- нин өсүшү (10%га чейин) | Менчик киреше- нин өсүшү (20%га чейин) | Менчик киреше- нин өсүшү (30%га чейин) | Менчик кирешенин өсүшү (30%дан жогору) | |
| 3.2 | Финансылык башкаруунун ачыктык деңгээлин жогорулатуу | Ачыктыкты камсыздоонун колдонулган механизмде- ринин саны | Учурда- гы бюджет, бюджет- тин долбоо- ру, бюджет- ти атка- руу, мамле- кеттик орган- дар жүр- гүзгөн текше- рүүлө- рүнүн жыйын- тыктары жөнүндө маалы- матты алуу мүмкүн эмес | Учурда- гы бюджет, бюджет- тин долбоо- ру, бюджет- ти атка- руу, текше- рүүнүн жыйын- тыктары жөнүндө маалы- маттын тактада илиниши (толук эмес) | Тактада маалы- маттын болушу, БКСны иштеп чыгуу жана жайыл- туу | Такта- ларда маалы- маттын болушу, БКСны иштеп чыгуу жана жайыл- туу, бюджет боюнча коомдук угуу- ларды өткөрүү | Такталар- да маалымат- тын болушу, БКСны иштеп чыгуу жана жайылтуу, бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү (долбоор, аткаруу), жергилик- түү коомдош- туктардын керектөө- лөрүн иликтөө- нүн жыйын- тыктары боюнча бюджетти иштеп чыгуу | |
| Финансы индикаторлору боюнча жыйынтык баасы: | ||||||||
| 4 | Чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусу үчүн шарттарды түзүү | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
| 4.1 | Башкаруу маселелерине жарандарды тартуу деңгээли | Чечим кабыл алуу процесстери- не жарандарды тартуу боюнча иш- чаралардын өсүү динамикасы (айылдык жыйындар, коомдук угуулар, курултайлар ж.б.), % менен | Иш- чаралар өткө- рүлбөйт | Өткө- рүлгөн иш- чара- лардын саны өзгөр- гөн жок | Иш- чара- лардын саны көбөйдү (10%га чейин) | Иш- чара- лардын саны көбөйдү (20%га чейин) | Иш- чаралар- дын саны көбөйдү (20%дан жогору) | |
| 4.2 | ЖӨБОнун карамагында- гы маалыматты алууну камсыздоо деңгээли | ЖӨБОнун иши жөнүндө калктын маалымдуулу- гунун деңгээли | Маалы- мат тактасы жок | Өткөрүп жиберүү | Маалы- мат тактасы бар, маалы- мат жаңыр- тылбайт | Өткөрүп жиберүү | Маалымат тактасы жакшы абалда, маалымат жаңырты- лып турат | |
| Калк менен өз ара аракеттенүү деңгээли боюнча индекаторлордун жыйынтык баасы: | ||||||||
| 2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча критерийлер жана индикаторлор | ||||||||
| 5 | Экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | ||
| 5.1 | Мамлекеттик жерлерди натыйжалуу башкаруу (АЧЖМФ + жайыттар) | Жерлерди калыбына келтирүүгө инвестиция- лардын көлөмүнүн өсүшү, % | Инвес- тиция- лардын көлөмү- нүн өсүү динами- касы жок | Инвес- тиция- лардын көлөмү- нүн өсүшү (10%га) | Инвес- тиция- лардын көлөмү- нүн өсүшү (20%га) | Инвес- тиция- лардын көлөмү- нүн өсүшү (30%га) | Инвести- циялардын көлөмүнүн өсүшү (30%дан жогору) | |
| Экономикалык маселелер боюнча индекаторлордун жыйынтык баасы: | ||||||||
| Айыл өкмөтүнүн ишинин жалпы баасы | ||||||||
Эскертүү: Калкынын саны аз кээ бир айыл өкмөтүндө (объективдүү себептер боюнча) болгон инфратүзүмдөр тийиштүү критерийлерге толук жооп бере албайт. Ушуга байланыштуу, критерийлердеги теңсиздикти теңдөө максатында комиссия мүчөлөрүндө арызда коюлуучу баллдын коэффициенттерин 1,5ке барабар жогорулатуу менен түзөтүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошол эле учурда критерий боюнча жалпы балл 5 баллдан жогору болбошу керек. Бул коэффициент калкынын саны 5000 адамдан ашык эмес айыл өкмөттөрү үчүн, ошондой эле төмөнкү критерийлерди баалоо үчүн колдонулат:
- коомдук жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
- тиричилик таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана утилдештирүүнү уюштуруу;
- муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруу.
Конкурстун жыйынтыгын чыгарууда айыл өкмөтүнүн өзгөчө шарттары (жаратылыштык-климаттык, алыстыгы) эске алынат жана ар бир баалоочу критерийлер боюнча түзөтүү коэффициенттери киргизилет.
Сөздүк
ККЭТД - керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээли КЧ - кедейчиликтин чеги КЭТЧ - кедейчиликтин эң төмөнкү чеги ККЭТД - керектөөнүн кепилденген эң төмөнкү деңгээли КТТ - катуу тиричилик таштандылары БКС - бюджеттин кыска сүрөттөлүшү АКБТ - айылдын керектөөлөрү менен бирге таанышуу ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары АЧЖМФ - Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду MM - муниципалдык менчик
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 181 "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 09.04.2013 · № 181
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-октябрындагы № 427 "Райондук жана облустук деңгээлдерде “Эн мыкты айыл өкмөту” наамына сынакты координаниялоо жана жыйынтыгын чыгаруу"…Распоряжение · 01.10.2021 · № 427
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына жалпы мамлекеттик сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук…Распоряжение · 23.08.2018 · № 292-р