Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 24 августа 2020 года № 441 "Об утверждении Порядка утверждения национальных эталонов единиц величин, ведения Государственного реестра национальных эталонов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-08-24.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 441 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 токтому менен бекитилген
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 125 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун сактоочулар болгон юридикалык жактардын метрология жана метрологиялык кызмат боюнча ыйгарым укуктуу органына таркалат.
2. Ушул Тартипте төмөнкү негизги аныктамалар колдонулат:
- эталон - чоңдуктардын бирдигин же өлчөөлөрдүн шкалаларын кайра көрсөтүү же алуу, сактоо жана берүү үчүн арналган өлчөм каражаты;
- баштапкы эталон - эң чоң метрологиялык касиетке ээ болгон (өлкөдө, региондо, уюмда, лабораторияда) жана эталондорго жана өлчөм каражаттарына баш ийдирилген чоңдуктарды же өлчөм шкалаларын билдирүүчү эталон;
- улуттук эталон - өлчөмдөр бирдигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган тарабынан мамлекетте же экономикада өлкө үчүн баштапкы катары пайдалануу үчүн таанылган эталон;
- эталондорду сактоо - эталондорго карата милдеттүү метрологиялык жана техникалык талаптарды, ошондой эле алардын мазмунуна жана колдонулушуна карата талаптарды аткарууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операциялардын жыйындысы.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 125 токтомдун редакциясына ылайык)
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 125 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
4. Улуттук эталондор Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат жана менчиктештирилүүгө жатпайт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 125 токтомдун редакциясына ылайык)
5. Ченөөлөрдүн бул түрүндө эң жогорку метрологиялык жана техникалык мүнөздөмөлөргө ээ болгон юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарынын эталондору Кыргыз Республикасынын баштапкы эталондору катары таанылышы мүмкүн.
6. Башка уюмдарда сакталып турган Кыргыз Республикасынын физикалык чоңдуктарынын айрым бирдиктеринин баштапкы эталондоруна ушул Тартипке ылайык улуттук эталондордун статусу берилет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 125 токтомдун редакциясына ылайык)
7. Улуттук жана баштапкы эталондор өз статусун жана метрологиялык мүнөздөмөлөрүн сактоо, колдонуу процессинде ырастоо үчүн тиешелүү эл аралык (мамлекеттер аралык) эталондор менен салыштырылууга, калибрленүүгө же текшерилүүгө тийиш.
8. Улуттук эталондор Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрине киргизилет.
2. Улуттук эталондорду иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби
9. Улуттук эталондор улуттук эталонду түзүү боюнча техникалык тапшырматун негизинде иштелип чыгат.
10. Кыргыз Республикасында улуттук эталондорду түзүү боюнча техникалык тапшырмату метрология боюнча улуттук орган, юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары иштеп чыгышы мүмкүн, алар Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорун сактоочулар (мындан ары - эталондорду сактоочулар) болуп эсептелет.
11. Эталондорду түзүү боюнча техникалык тапшырма ушул Тартиптин 1-тиркемесинде келтирилген талаптарга ылайык келиши керек.
12. Эталонду улуттук катары бекитүүгө берүү үчүн эталондордун сактоочусу документтердин төмөнкүдөй пакетин даярдайт:
- эталонду түзүү боюнча техникалык тапшырманы;
- эталондун паспортун.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 125 токтомдун редакциясына ылайык)
13. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 125 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
14. Эталондун паспорту ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формада таризделет. Паспортко ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген кошумча барак тиркелет.
15. Эталондун паспортунда эталон тууралуу төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- аталышы;
- курамы;
- метрологиялык мүнөздөмө;
- эксплуатацияга берүү датасы;
- сактоо орду жана шарттары;
- эталонду сактоого, колдонууга жооптуу лабораториянын (бөлүмдүн) аталышы.
16. Эталондорду сактоонун жана колдонуунун эрежелери төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- эталондун курамы жана арналышы;
- эталонду жайгаштыруу, сактоо жана колдонуу шарттарына карата талаптар;
- курчап турган чөйрөнүн параметрлерине (температура, басым, нымдуулук ж.б.) карата талаптар;
- эталондун иштөөсү үчүн керектүү инженердик коммуникацияларга карата талаптар;
- чоңдук бирдигин калыбына келтирүү (сактоо) тартиби жана шарттары;
- эталонду салыштыруунун мезгилдүүлүгү жана тартиби;
- эталон менен иштөөдөгү коопсуздук талаптары;
- эталонду ташуу эрежелери.
17. Ар бир эталонду кабыл алууну комиссия жүргүзөт. Комиссиянын курамын ченөөлөр бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик орган бекитет.
18. Комиссия беш адамдан турат, ага төрагасы, катчысы жана каралып жаткан эталондун түрүнүн жана категорияларынын метрология боюнча улуттук органдын, юридикалык жактардын метрологиялык кызматтарынын тиешелүү адистери кирет. Комиссиянын төрагасы ченөөлөр бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын кызмат адамдарынан дайындалат. Комиссиянын курамына, бул эталонду башка өлкөлөрдүн эталондору менен салыштыруу, калибрлөө же текшерүү жүргүзүлгөн учурларда, ошол өлкөлөрдүн эталондорун сактоочулардын - уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.
19. Кыргыз Республикасынын улуттук эталону катары бекитүү үчүн эталонду сунуштоодо эталонду сактоочу уюм ушул Тартиптин 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин пакетин жана улуттук текшерүү схемасын комиссияга берет.
20. Комиссиянын документтерди кароо мөөнөтү эталонду бекитүү үчүн документтер пакетин берген күндөн баштап 30 күндөн ашпоого тийиш.
21. Эталонду кабыл алуу комиссиясы төмөнкүлөрдү карайт:
- эталонду бекитүүгө документтер пакетин;
- эталондун курамына кирген аппаратты;
- эталонду сактоо жана колдонуу шарттарын;
- эталондун мүнөздөмөлөрүн изилдөөнүн натыйжаларын (аттестация) жана эталондорду салыштыруунун натыйжаларын;
- эталондун анын метрологиялык мүнөздөмөлөрүнө шайкештигин;
- эталонду сактоо жана колдонуу шарттарынын белгиленген талаптарга шайкештигин;
- эталондун ченөөлөргө байкоо жүргүзүүнү камсыздоо мүмкүнчүлүгүн;
- каралган эталондун документтериндеги баяндалган негиздемелердин жетиштүүлүгүн.
22. Комиссия берилген материалдардын даярдык даражасын жана сапатын, жүргүзүлгөн иштерин натыйжаларын беш баллдык шкала боюнча аныктайт жана жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен эталонду улуттук катары бекитүү мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө чечим чыгарат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын чечими чечүүчү добуш болуп саналат.
23. Комиссиянын улуттук эталонду бекитүү мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө корутундусу ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлөт.
24. Комиссиянын оң корутундусу чыккан учурда:
- эталонду мамлекеттик эталон катары бекитүү тууралуу ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын буйругу чыгарылат;
- ушул тартиптин 7-тиркемесине ылайык форма боюнча улуттук эталонду бекитүү тууралуу сертификат берилет.
25. Сертификатка комиссиянын төрагасынын колу коюлат жана ченөө бирдейлигин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдын мөөрү менен күбөлөндүрөт.
3. Баштапкы эталондорду бекитүү тартиби
26. Эталонго Кыргыз Республикасынын аймагында баштапкы статусун берүү жөнүндө чечимди метрология боюнча улуттук орган кабыл алат.
27. Эталонго баштапкы статусун берүү үчүн метрология боюнча улуттук органга эталондун паспорту көрсөтүлөт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 125 токтомдун редакциясына ылайык)
28. Ар бир эталонду комиссия кабыл алат. Комиссияны курамын метрология боюнча улуттук орган бекитет.
29. Комиссиянын документтерди кароо мөөнөтү эталон бекитүү үчүн документтер пакети берилген күндөн баштап 30 күндөн ашпайт.
30. Комиссия беш адамдан турат, ага төрагасы, катчысы жана каралып жаткан эталондун түрүнүн жана категорияларынын, метрология боюнча улуттук органдын тиешелүү профилдик адистери кирет. Комиссиянын төрагасы метрология боюнча улуттук органдын кызмат адамдарынын ичинен дайындалат.
31. Комиссия берилген материалдардын даярдык деңгээлин жана сапатын, жүргүзүлгөн иштердин натыйжаларын беш баллдык шкала боюнча аныктайт жана жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен эталонду улуттук катары бекитүү мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги жөнүндө чечим чыгарат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын чечими чечүүчү добуш болуп саналат.
32. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Комиссия эталонго баштапкы статусун берүү жөнүндө оң же терс корутунду чыгарат.
33. Оң корутунду чыккан учурда метрология боюнча улуттук орган эталонду баштапкы катары бекитүү буйругун жана эталонду сактоо, колдонуу эрежелерин чыгарат.
34. Баштапкы эталонду сактоого жана колдонууга жооптуу адам эталонду сактоочу уюмдун жетекчисинин буйругу менен дайындалат.
4. Кыргыз Республикасынын улуттук
жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби
35. Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестри Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорун каттоо үчүн арналат.
36. Улуттук жана баштапкы эталондордун мамлекеттик реестрин метрология боюнча улуттук орган жүргүзөт.
37. Эталонду Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестринде каттоо үчүн юридикалык жактардын метрологиялык кызматтары эталон тууралуу ушул Тартиптин 8-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделген маалыматтарды метрология боюнча улуттук органга берет.
38. Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорун каттоодо төмөнкүлөрдөн турган белги ыйгарылат:
- КG 417 - Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификатору боюнча Кыргыз Республикасынын коду;
- 01 - юридикалык жактын метрологиялык кызматынын - эталондун сактоочусунун коду;
- 0000 - өлчөмдүн түрүнө шайкеш номур;
- 000 - каттоонун катар номуру;
- 20... - катар номурдан кош чекит менен ажыратылган бекитилген жылы;
- НЭ - эталондун статусунун индекси.
Жазуу мисалы: - КG 417/01.3001.012:2012НЭ. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 16-марты № 125 токтомдун редакциясына ылайык)
39. Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестри ушул Тартиптин 9-тиркемесине ылайык форма боюнча электрондук түрдө жана журнал түрүндө жүргүзүлөт.
40. Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондору жөнүндө расмий маалымат метрология боюнча улуттук орган тарабынан атайын маалымат жыйнактарында (маалымдамаларда, каталогдордо ж.б.) жарыяланат.
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 1-тиркеме
Улуттук эталонду түзүү боюнча техникалык тапшырмага карата талаптар
Эталонду түзүүгө техникалык тапшырма эталондун абалын жана аны сактоонун шарттарын талдоонун негизинде түзүлөт. Техникалык тапшырма өзүнө төмөнкү документтердин тизмегин камтышы керек:
- эталондун абалын талдоону, изилдөөлөрдүн, текшерүүлөрдүн жана/же башка өлкөлөрдүн эталондору менен калибровкалоонун натыйжаларын;
- лабораториялык жайлардын абалдарына талдоону жана сактоо жана колдонуу шарттарына карата талаптарды;
- жабдууларга, кондициялоо системасына техникалык спецификацияны.
"Эталондун абалын талдоо, изилдөөлөрдүн, текшерүүлөрдүн жана/же башка өлкөлөрдүн эталондору менен калибровкалоонун натыйжалары" бөлүмүндө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- эталондун аталышы;
- эталонду эксплуатацияга киргизүү датасы;
- эталондун курамы;
- эталонду сактоочу уюмдун жайгашкан жери жана аталышы;
- эталондун сыпаттамасы жана иштөө принциби;
- эталондун метрологиялык мүнөздөмөсү (чоңдуктун диапазону же номиналдык мааниси, өлчөмдөрдүн аныкталбагандыгы, метрологиялык мүнөздөмөлөрдү изилдөөнүн усулдары);
- ушул эталонду башка өлкөлөрдүн эталондору менен салыштыруунун натыйжалары жана алынган натыйжаларды салыштыруу;
- эталонду сактоонун жана колдонуунун шарттары.";
жогоруда аталган Тартиптин 2, 5 жана 8-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Тартиптин 3-тиркемесинин тогузунчу-он төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 2-тиркеме
Баяндаманын бөлүмдөрү
1. Киришүү (эталондун зарылдыгын негиздөөсү менен).
2. Эталон түзүлгөн убакыт жана орду. Эталонду сактоочу уюм.
3. Эталондун сыпаттамасы жана анын курамы (бөлүмдө эталондун сүрөтү жана анын негизги түйүндөрү көрсөтүлөт).
4. Төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен эталонду (аттестациялоону) изилдөөлөрдүн натыйжалары:
- эталон калыбына келтирүүчү (сактаган) чоңдуктун чыныгы мааниси;
- ченөөлөрдүн натыйжасынын орточо квадраттык четтөөсү менен туюнтулуучу эталондун калпыстыктары;
- изилдөөлөрдө пайдаланылуучу ыкмалар жана каражаттар;
- мамлекеттер аралык салыштыруулардын натыйжалары.
5. Эталонду сактоо жана колдонуу шарттары, эрежелери.
6. Эталонду мындан ары өркүндөтүү боюнча тыянактар жана сунуштар.
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 3-тиркеме
__________________________________________________________________ Эталонду бекиткен уюмдун аталышы
ПАСПОРТ
__________________________________________________________________ Эталондун аталышы бирдиктер ________________________________________________________ Чоңдуктун аталышы
Эталондун курамы
Эталон ченөө каражаттарынын комплексинен жана төмөнкүлөрдү камтыган кошумча түзүлүштөрдөн турат: (ченөө каражаттары жана тибин, номерин же башка жеке белгисин көрсөтүү менен эталондун курамына кирген башка техникалык түзүлүштөр саналат).
Эталондун метрологиялык мүнөздөмөлөрү
Физикалык чоңдук калыбына келтирүүчү жана сактоочу диапазон (номиналдык мааниси), эталондун калпыстыктары жана бирдикти калыбына келтирүүнүн аныксыздыктарын баалоо, анын ичинде эталон калыбына келтирүүчү жана (же) сактоочу чоңдуктун туруксуздук мааниси көрсөтүлөт.
Эталонду түзүү убакты жана орду
__________________________________________________________________ Эталондун аталышы
Эталон 20__-ж. 20__- жылдар аралыгында түзүлгөн жана изилденген _______________________________________________________________________ Өлкө, шаар, уюмдун толук аталышы
Эталонду сактоо орду жана шарттары
Эталон ___________________________________________________________ Уюмдун толук аталышы _____________________________________________ сакталат жана колдонулат. Эталондун сакталышын камсыздоочу шарттар жана анын метрологиялык мүнөздөмөлөрү _________________________________________________________ _______________________________________________________________________ Эталон үчүн жооптуу бөлүм (лаборатория) _______________________________________________________________________ Бөлүмдүн аталышы (лабораториянын)
Жетекчи
_________________________________ __________ ___________________ Уюмдун аталышы Колу Аты-жөнү
Жетекчи
_________________________________ __________ ___________________ Бөлүмдүн (лабораториянын) аталышы Колу Аты-жөнү
Эталон 20__-ж. "___" ____________ № ______ буйрук менен бекитилди.
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 4-тиркеме
Эталонду изилдөө натыйжалары жөнүндө кошумча барак
Эталонду изилдөө натыйжалары _____________________________________ _______________________________________________________________________ Эталондун аталышы бирдиктер _____________________________________________________________ Чоңдуктун аталышы
| Жазуу жүргү- зүлгөн дата | Изилдөө ыкмасы | Эталонго жазылган чоңдуктун диапазону же номиналдык мааниси | Эталондун метрологиялык мүнөздө- мөлөрүнүн мааниси | Эталонду сактоочунун (жооптуу адамдын) колу |
|---|---|---|---|---|
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 5-тиркеме
__________________________________________________________________ Эталонду бекитүүгө берген уюмдун аталышы
Улуттук эталонду сактоочуну дайындоо тууралуу СУНУШТАМА
__________________________________________________________________ Эталондун категориясы жана түрү(*) бирдиктер _____________________________________________________________ Чоңдуктун аталышы
Көрсөтүлгөн эталонду сактоочу катары _____________________________ _______________________________________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, окумуштуулук даражасы ________________________________________________________ сунуш кылынат. Сактоочуну дайындоого сунушталган адамдын илимий жана практикалык тажрыйбасын мүнөздөөчү маалыматтар ____________________________________ _______________________________________________________________________
Жетекчи
_________________________________ __________ ___________________ Уюмдун аталышы Колу Аты-жөнү
(*) эталондун категориясы - улуттук эталон; эталондун түрү - эталон мамлекеттер аралык текшерүү схемасы боюнча көрсөтүлөт.
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук эталондордун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 6-тиркеме
Улуттук эталонду бекитүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө комиссиянын КОРУТУНДУСУ
__________________________________________________________________ Эталондун түрүнүн аталышы бирдиктер _____________________________________________________________ Чоңдуктардын аталышы сапатында _____________________________________________________________ Эталондун категориясынын аталышы Комиссиянын курамы: төрага ___________________________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, уюм комиссия мүчөлөрү: _______________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, уюм _______________________________________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, уюм _______________________________________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, уюм _______________________________________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, уюм _______________________________________________________________________ Эталондун аталышы _____________________________________________________________ бирдиктер Чоңдуктардын аталышы аны изилдөө натыйжалары, сактоо жана колдонуу шарттары жана берилген документтер менен таанышкандан кийин төмөнкүлөр белгиленет:
1. Эталон анын багытына жана метрологиялык мүнөздөмөлөрүнө ылайык бирдиктин өлчөмүн калыбына келтирүүнү, сактоону жана берүүнү камсыздайт (камсыздабайт);
2. Эталон ________________________________________________________
Эталондун аталышы, анын категориясы жана түрү _____________________________________________________________ бирдиктер Чоңдуктардын аталышы катары бекитүүгө сунушталышы мүмкүн (мүмкүн эмес)
3. Эталондун техникалык абалын, аны сактоо шарттарын жакшыртуу боюнча сунуштамалар _____________________________________________________ _______________________________________________________________________
Төрага ___________________________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, уюм
Комиссия мүчөлөрү: _______________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, уюм _______________________________________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, уюм _______________________________________________________________________ Аты-жөнү, кызмат орду, уюм
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 7-тиркеме
Кыргыз Республикасынын улуттук эталонун бекитүү жөнүндө СЕРТИФИКАТ
№ ____________________ Сертификаттын номери
Бекитүү датасы 20__-ж. "__" ____________
Бул сертификат мүнөздөмөлөрүн жана салыштырууларды изилдөөлөрдүн оң натыйжаларынын негизинде төмөнкүлөрдү тастыктайт ___________________ _______________________________________________________________________ Эталондун түрү(*) бирдиктери ____________________________________________________________ Чоңдуктардын аталышы Кыргыз Республикасынын улуттук эталону катары бекитилди жана Кыргыз Республикасынын эталондорунун мамлекеттик реестринде № ______ катталды. Эталонду кармоо, сактоо жана колдонуу ____________________________ ____________________________________________________________ тапшырылды Уюмдун аталышы
Комиссиянын төрагасы ______________ ____________________________ Колу Аты-жөнү
М.О.
(*) эталондун түрү - эталон мамлекеттер аралык текшерүү схемасы боюнча көрсөтүлөт.
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 8-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестрине эталонду киргизүү үчүн эталон жөнүндө МААЛЫМАТ
| Эталон- дун аталышы | Эталон калыбына келтирүү- чү жана (же) сактоочу чоңдук бирдикте- ринин метроло- гиялык мүнөздө- мөсү | Эталон- дун түрлөрү | Тү- зүл- гөн күнү жана орду | Качан жана ким тарабынан бекитилди | Эталонду сактоочу- нун (жооптуу адамдын) аты-жөнү, илимий даражасы жана наамы (эгер бар болсо), кызмат орду | Салышты- руунун мезгил- дүүлүгү (текше- рүү) | Эскер- түү |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
Жетекчи
_________________________________ __________ ___________________ Уюмдун аталышы Колу Аты-жөнү
Жетекчи
_________________________________ __________ ___________________
Бөлүмдүн (лабораториянын) аталышы Колу Аты-жөнү
Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибине 9-тиркеме
Формасы
Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы эталондорунун МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
| Каттал- ган датасы | Катталган номери | Эталон калыбы- на келти- рүүчү жана (же) сактоо- чу чоңдук бирдик- теринин метро- логия- лык мүнөз- дөмөсү | Эталон калыбына келтирүүчү жана (же) сактоочу чоңдук бирдикте- ринин метроло- гиялык мүнөздөмө- сү | Эта- лон- дун түр- лө- рү | Ченөө натыйжасы- нын орточо квадраттык чектөөлө- рүн баалоо | Ченөөнүн аныксыз- дыгы (маани- си, камтыган коэффи- циенти, ишеним деңгээ- ли) | Алып салын- баган систе- малуу калпыс- тыгы |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| Жол берил- ген ката- лардын ишеним чеги жана чени | Эта- лонду түзүү датасы жана орду | Текше- рүү кара- жаттары (кали- брлөө) | Эталон качан жана ким тарабы- нан беки- тилди | Эталонду сактоочу- нун (жооптуу адамдын) аты-жөнү, илимий даражасы жана наамы (эгер бар болсо), кызмат ордунун аталышы | Салышты- руунун мезгил- дүүлүгүн (текше- рүү) | Мамлекет- тик текшерүү схемасы- нын докумен- тинин иш номери | Эталон сактал- ган уюмдун аталышы |
| 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 441 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук эталондорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү…Постановление · 24.08.2020 · № 441
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү, Кыргыз Республикасынын улуттук жана баштапкы…Постановление · 02.04.2013 · № 164 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартындагы № 125 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 164 "Чоңдуктар бирдиктеринин улуттук жана баштапкы эталондорун бекитүү…Постановление · 16.03.2015 · № 125 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 09.07.2014 · № 118