Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Атайын эсепти түзүүнүн булактары
3. Каражаттарды пайдалануу жана эсебин алуу тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияны Өнүктүрүүнүн жана материалдык жактан камсыздоонун атайын эсеби (мындан ары - Атайын эсеп) Маминспекциянын тиешелүү материалдык-техникалык базасын жана анын иштешине зарыл шарттарды уюштуруу, кызматкерлерди социалдык жактан коргоо жана аларга кепилдик берүү максатында түзүлөт.
2. Атайын эсептин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (мындан ары - Маминспекция) материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана чыңдоо;
- Маминспекциянын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыздоо, алардын инспекциялык иштерин стимулдаштыруу.
2. Атайын эсепти түзүүнүн булактары
3. Маминспекциянын Атайын эсеби мамлекеттик аткаруу бийлиги органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн, ошондой эле донордук жардамдардын каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт.
4. Маминспекциянын Атайын эсеби Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыначылыкта ачылат.
3. Каражаттарды пайдалануу жана эсебин алуу тартиби
5. Атайын эсептин каражаттары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Борбордук казыначылыктын региондук бөлүмдөрүндөгү Маминспекциянын атайын эсебинде топтолот.
6. Атайын эсептин каражаттарын сарптоо чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык жана иш жүзүндө түшкөн каражаттар боюнча жүргүзүлөт.
7. Атайын эсептин каражаттарын тескөөчү жана жооптуу адам Маминспекциянын жетекчиси болуп эсептелет.
8. Атайын эсептин каражаттары төмөнкү максаттарга пайдаланылат:
- Маминспекциянын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине сый акы төлөөгө, үстөк акы төлөөгө, анын ичинде нормаланбаган эмгеги жана жумуштан ашыкча иштөөгө төлөөгө;
- Маминспекциянын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине дарыланууга жана башка максаттарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- Маминспекциянын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолорунун наркын жарым-жартылай компенсациялоого;
- автотранспорт үчүн чыгымдоочу материалдарды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга;
- эмерек, оргтехникаларды сатып алууга;
- кеңсе товарларын сатып алууга;
- жайды ижаралоо, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана байланыш кызматтарынын акысын төлөөгө;
- колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларга ылайык кызматтык максаттарга жеке менчик автомашинасын пайдаланганда (кызматтык автомашина жок болгон учурда) чыгымдардын ордун толтурууга;
- шаар, район ичиндеги коомдук транспортко жол кире төлөөгө жана тамак-ашка чыгымдарды жарым-жартылай компенсациялоого;
- чет өлкөлүк конокторду тосуп алууну уюштурууга, өлкө ичинде командировкалык чыгымдарды, квалификациясын жогорулатууга төлөөгө, ошондой эле сметада каралбаган башка чыгымдарды төлөөгө;
- эмгек келишимдери жана жарандык-укуктук келишимдер боюнча алдын ала күтүлбөгөн чарбалык иштерди аткарууга;
- Маминспекциянын ишин материалдык-техникалык камсыздоого жана Маминспекциянын борбордук аппаратынын кызматкерлеринин тиричилик шарттарын жакшыртууга;
- Маминспекцияга жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу боюнча анын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртууга багытталган башка иш-чараларга.
9. Маминспекция Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каражаттардын түшүүсүнүн жана пайдалануунун эсебин жүргүзөт жана белгиленген мөөнөттөрдө аларды пайдалануу жөнүндө отчет берет.
10. Атайын эсептин отчеттук жылдын акырына карата түзүлгөн каражаттарынын калдыгы кийинки отчеттук жылга өтөт.
11. Атайын эсептин аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча…Постановление · 25.09.2012 · № 639 · Күчүн жоготкон