# Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги жөнүндө" жарлыгы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги жөнүндө" жарлыгы
- Актынын түрү: Указ
- Номери: 157
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2006
- Редакциянын күнү: 30.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93730>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9034/edition/404862/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93730.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-апрелиндеги ПЖ № 157 "Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги жөнүндө" жарлыгы (30.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93730

---

КР Президентинин 2010-жылдын 30-мартындагы ПЖ № 102 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 3-апрели ПЖ № 157 Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги жөнүндө Байланыш тармагын натыйжалуу өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 19-январындагы № 19 Жарлыгын аткаруу үчүн ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги (мындан ары Агенттик) жөнүндө тиркелген Жобо, анын структурасы жана башкаруу схемасы бекитилсин.

2. Агенттиктин кызматкерлеринин чектелген саны (тейлөөчү персоналдарды кошпогондо) 126 штаттык бирдикте белгиленсин, анын ичинде:

- борбордук анпарат - 36 штаттык бирдик;

- инженердик-техникалык борборлор, аймактык бөлүмдөр - 90 штаттык бирдик.

3. Агенттик Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш улуттук агенттигинин байланыш жагындагы укук улантуучусу болуп саналары белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 22-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш улуттук агенттигинин маселелери жөнүндө" № 387 Жарлыгы күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К. Бакиев

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 157 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин ТҮЗҮМҮ

| ┌──────────────────┐ ┌───────────┤ Директор ├──────────┐ V ┌─────────────────────────┐ └───────────┬─────────────┘ ├────────────────────┼────────────────────┤ V ┌─────────────────────────┐ └─────────────────────────┘ ┌────────────────────┤ V ┌─────────────────────────┐ └─────────────────────────┘ ┌────────────────────┤ V ┌─────────────────────────┐ └─────────────────────────┘ | └────────┬─────────┘ V ┌─────────────────────────────┐ Статс-катчы 1 └───────────────┬─────────────┘ V ┌─────────────────────────────┐ Уюштуруу- финансы бөлүмү 7 Бардыгы - 15 ├─────────────────────────────┤ Юридический отдел 4 ├─────────────────────────────┤ каршы жөнгө салуу бөлүмү Мамалекеттик көзөмөл башкармалык 7 | салуу башкармылыгы Техникалык жөнгө салуучу Тарифтик жана монополияга 7 | └─────────────────────────────┘ Борбордук аппарат - 36 ед. | Директордун орунбасары 1 Техникалык, тарифтик жана монополияга каршы жөнгө бөлүмү 7 |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| V ┌─────────────────────────┐ Түштүк аймактык башкармалык 9 └───────────┬─────────────┘ | V ┌─────────────────────────────┐ └───────────────┬─────────────┘ |  | Чыгыш аймактык башкармалык 9 |  |  |
| V V V V ┌─────────────────────────┐ ┌─────────────────────────────┐ └─────────────────────────┘ └─────────────────────────────┘ Мамлекеттик кызматка тиешесиз кызматтар | V ┌─────────────────────────┐ └──┬───────────────────┬──┘ Түштүк аймактык башкармалыктын инженердик-техникалык бөлүмү | Инженердик-техникалык борбор | Түштүк аймактык башкармалыктын инженердик-техникалык бөлүмү |  |  |

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 157 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигинин башкаруу СХЕМАСЫ

```text
┌─────────────────────────────┐
┌─┤ Директор │
│ └─────────────────────────────┘
│
│ ┌─────────────────────────────┐
├─┤ Борбордук аппарат │
│ └─────────────────────────────┘
│
│ ┌─────────────────────────────┐
├─┤ Инженердик-техникалык борбор│
│ └─────────────────────────────┘
│
│ ┌─────────────────────────────┐
└─┤ Аймактык бөлүмдөр │
└─────────────────────────────┘
└─────────────────────────────┘
```
