# КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 335
- Кабыл алынган күнү: 22.06.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.06.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93722>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15591/edition/1143510/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93722.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жактыруу жөнүндө" токтому (22.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93722

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-июну № 335

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу, министрликтердин жана ведомстволордун ыйгарым укуктарын жана функцияларын кайрадан бөлүштүрүү, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселесинде мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин баш коштуруу жолу менен мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу, мамлекеттик органдардын натыйжалуу иштешин уюштуруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын сунуштарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жактырылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Атамбаев Алмазбек Шаршенович аталган токтомдун долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.

Премьер-министр

А.Атамбаев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын ишке ашыруу, министрликтердин жана ведомстволордун ыйгарым укуктарын жана функцияларын кайрадан бөлүштүрүү, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселесинде мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин баш коштуруу жолу менен мамлекеттик башкаруунун сапатын арттыруу, мамлекеттик органдардын натыйжалуу иштешин уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 26-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунда:

- жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча мамлекеттик комитети";"

- сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

- тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, кайра иштетүүчү өнөр жай жана мелиорация министрлиги;";

- он үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Өнөр жай жана минералдык ресурстар министрлиги;";

- он алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги;";

- он жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция иштери боюнча министрлиги;";

- он сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;

- жыйырма биринчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.

2-пунктунда:

- бешинчи абзацындагы "КМШ жана ЕврАзЭК иштери боюнча Кыргыз Республикасынын өкүлүнөн" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 27-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн аныктоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| Колдонуудагы редакция | Жаңы редакция |
| --- | --- |
| 1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү түзүмү аныкталсын: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; \[Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги;\] Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги; \[Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлиги;\] Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; \[Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар министрлиги;\] Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; \[Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги;\] \[Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги;\] \[Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги;\] Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети; \[Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети\] | 1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөнкү түзүмү аныкталсын: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛАР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ; \[Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги;\] КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АЙЫЛ ЧАРБА, КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ӨНӨР ЖАЙ ЖАНА МЕЛИОРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ;"; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ ЖАНА МИНЕРАЛДЫК РЕСУРСТАР МИНИСТРЛИГИ; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИ; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАШТАР, ЭМГЕК, ИШКЕ ОРНОШТУРУУ ЖАНА МИГРАЦИЯ ИШТЕРИ БОЮНЧА МИНИСТРЛИГИ; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАШТАР ИШТЕРИ БОЮНЧА МИНИСТРЛИГИ; Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоо боюнча министрлиги; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети; \[Кыргыз Республикасынын суу чарбасы жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети\] |
| 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турары белгиленсин: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелер боюнча биринчи вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министринен; \[Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүн координациялоо боюнча вице-премьер-министринен, КМШ жана ЕврАзЭК иштери боюнча Кыргыз Республикасынын өкүлүнөн;\] министрден - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинен; Кыргыз Республикасынын министрлеринен; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан; министрдин рангындагы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын Башкы директорунан | 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдөн турары белгиленсин: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын экономикалык маселелер боюнча биринчи вице-премьер-министринен; Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министринен; КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮН КООРДИНАЦИЯЛОО БОЮНЧА ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНЕН,\[КМШ жана ЕврАзЭК иштери боюнча Кыргыз Республикасынын өкүлүнөн;\] министрден - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинен; Кыргыз Республикасынын министрлеринен; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагаларынан; министрдин рангындагы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын Башкы директорунан |
