# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө"

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 592
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93684>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15584/edition/1144070/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93684.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 592 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" (18.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93684

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-августу № 592 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261, 2017-жылдын 18-майындагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландоо боюнча жалпы координацияны жана макулдашылган чечимдерди кабыл алууну ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Өнүктүрүүгө карата өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-майындагы № 261, 2017-жылдын 18-майындагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы; Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлү (макулдашуу боюнча), Кеңештин тең төрагасы, Кыргыз Республикасынын экономика жана инвестициялар боюнча вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономика министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн тышкы жардамдарды координациялоо боюнча секторунун башчысы, Кеңештин катчысы; өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
