# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 591 "Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 591 "Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 591
- Кабыл алынган күнү: 30.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93683>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/93683/edition/411453/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93683.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 591 "Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (15.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93683

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 489 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-августу № 591 Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусун тапшыруу, чыгаруу жана сактоо тартибин бекитсин.

3. Мамлекеттик күзөт органынын Күжүрмөн туусун жасоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоо "2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылаары белгиленсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

| Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
| --- | --- |
|  |  |
