Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай комплексин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-03-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 28-августу N 590 Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай жана мейманкана комплексин эксперименттик долбоорлоо жана куруу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы N 46 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобого ылайык, объекттин социалдык-экономикалык маанилүүлүгүн эске алып, курулуш үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар куруунун жаңы принциптерин, көлөмдүк-пландоочу жана конструкциялык чечимдерди, жаңы курулуш материалдарын жана буюмдарын, конструкцияларды жана жабдууларды, инженердик камсыздоо системасын, бийик кабаттуу турак үйлөрдү куруу боюнча прогрессивдүү технологияларды колдонууну эсепке алуу менен Бишкек шаарында, Киев-Керимбеков көчөлөрүнүн кесилишинде соода-оюн-зоок борбору бар административдик турак жай жана мейманкана комплексин долбоорлоо жана куруу эксперименттик долбоор болуп эсептелсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттик объекттин статусун эске алып, объектти долбоорлоодо жана колдонууга берүүдө көмөк көрсөтсүн.
3. "Кыргызгаз", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдоруна ушул токтомдун 1-пунктунда аталган административдик турак жай комплексинин долбоорго ылайык талап кылынуучу кубаттуулугун камсыз кылуу боюнча маселени чечүү сунушталсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 31-августундагы N 77 жарыяланды
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 токтомуПостановление · 14.03.2019 · № 113
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-мартындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-августундагы № 590 "Бишкек шаарында соода-оюн-зоок борбору бар…Постановление · 14.03.2019 · № 113 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №46 "Кыргыз Республикасында эксперименттик объекттерди долбоорлоо жана куруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2009 · № 46
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.