Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-августу № 586 "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2005-ж., № 11, 901-б.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 13-статьяда:
экинчи бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин: "Маалымат материалдары экстремисттик деп прокурордун сунуштамасынын негизинде алар табылган, жайылтылган же мындай материалдарды чыгарган уюм жайгашкан жердеги сот тарабынан таанылат.". төртүнчү бөлүк "жалпыга маалымдоо каражаттарында" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын расмий интернет-сайттарында" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 15-статья төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма сөз, аудио, аудиовизуалдык жана башка материалдардын (чыгармалардын) автору жана/же аткаруучусу соттун чечими боюнча экстремисттик аракетти ишке ашырган адам катары таанылса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Экстремисттик ишмердикке каршы иш-аракеттер жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
"Экстремисттик ишмердикке каршы иш-аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Ички иштер министрлигинде иштелип чыгып, анын "Экстремисттик материалдарды жайылтууга каршы күрөшүү" 13-беренесине жана "Экстремистик ишмердикти жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жоопкерчилиги" 15-беренесине түзөтүүлөр киргизилди. Кыргыз Республикасынын ИИОнун практикалык ишмердигинде Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан экстремисттик сайттарда, "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүндө экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашыруучу белгилер камтылган жана көпчүлүккө пайдалануу үчүн арналган басма сөз, аудио, аудиовизуалдык жана ар кандай материалдарды жайылткан адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча көйгөйлөр жаралууда. Анткени экстремисттик сайттардын серверлери Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашышкан. Мындан тышкары "Экстремисттик ишмердикке каршы иш-аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, маалыматтык материалдар табылган жери боюнча сот тарабынан экстремисттик деп таанылат деген бөлүк кошумчаланып киргизилди. "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүнө экстремизмге багытталган материалдарды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жайгашкан серверлерге, жеке жана юридикалык жактардын сайттарына кылмыштын субъектилери жайгаштырылат. Бул кылмышкерлерге укукка каршы жосундарды жасоого жана кылмыш же административдик жоопкерчиликтен баш тартууга жөндөмдүү болот. Ошол эле мезгилде "Интернет" эл аралык компьютер түйүндөрүнө экстремисттик материалдарды жайылтуучу адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө жана ар кандай иш-чараларды өткөрүүдө тоскоолдуктар пайда болууда. Сунушталган "Экстремисттик ишмердикке каршы иш-аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу экстремисттик материалдарга табылган жеринде кылмыш ишин козгоо, Кыргыз Республикасынын аймагындагы сайттарга толук бөгөт коюу, катышуучусу Кыргыз Республикасы болуп эсептелген эл аралык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, макулдашууларга ылайык укук коргоо органдары менен өз ара иш алып баруу үчүн негиз берет. "Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын сайтына 2012-жылдын 21-июнунда № 1/3590 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорунун электрондук варианты жөнөтүлгөн. Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда:
- социалдык жактан эч кандай негативдүүлүк болбостон, кайра киберкылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн жана анын көрүнүштөрүн жоюуда укук коргоо органдарынын ишмердигин координациялоого укуктук негиз түзөт;
- экономикалык жактан алганда, мыйзам долбоору кабыл алынганда экономикага терс залалын тийгизбейт, тескерисинче, республиканын экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө жардам берет, анткени бул мыйзам долбоору экономикага кылмыштуулуктун терс таасирин тийгизүүсүн азайтуучу бир элемент катары каралат;
- мыйзам долбоорунун нормалары колдонулуп жаткан мыйзамдардын нормаларына жооп берип жана анын кабыл алуусу укуктук нормаларга терс таасирин тийгизбейт;
- укуктук функцияларга колдонулууда, бул мыйзам долбоору жарандардын укугун жана эркиндигин камсыз кылууга шарт түзөт, экстремисттик ишмердикти жүргүзгөнү үчүн күнөөлүү деп таануунун же баш тартуунун чечими соттун чечими аркылуу кабыл алынып, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр мыйзамдын нормаларын туура колдонууга шарт түзөт;
- гендерге кесепети тийбейт, анткени бул жаатты жөнгө салбайт;
- экологияга кесепети тийбейт, анткени бул жаатты жөнгө салбайт;
Сунушталган долбоорду кабыл алууда мамлекеттик бюджетке кошумча чыгым келтирилбейт.
Министр
З.Рысалиев
"Экстремисттик ишмердикке каршы иш-аракеттер
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
САЛЫШТЫРМА-ТАБЛИЦАСЫ
| Иштеп жаткан баяндамасы | Сунушталып жаткан баяндамасы |
|---|---|
| 13-статья. Экстремисттик материалдарды таратуу менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма, аудио-аудиовизуалдык жана башка материалдарды басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана таратууга тыюу салынат. Мындай материалдарга төмөндөгүлөр кирет: а) тыюу салынган зкстремисттик уюмдардын расмий материалдары; б) тынчтыкка жана адам баласына каршы кылмыштары үчүн эл аралык укук актыларынын негизинде соттолгон адамдардын автордук материалдары жана ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер; в) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер, анын ичинде анонимдүү, жана башка материалдар. Маалымат материалдарында ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн "а"-"в" пункттарында каралган белгилердин бар экенин аныктоо прокурордун сунуштамасынын негизинде ошондой материалдарды чыгарган уюм жайгашкан жердеги сот аркылуу жүзөгө ашырылат. Маалымат материалдарында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бар экендигинин аныкталышы тууралу соттун чечими анын нускасынын сатып өткөрүлбөгөн бөлүгүн алып салууга негиз болуп саналат. Экстремисттик материалдарды чыгарууну экинчи жолу ишке ашырган уюм басып чыгаруу ишин жүргүзүү укугунан ажыратылат. Маалымат материалдарын экстремисттик деп таануу жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жөнөтүлөт. Экстремисттик материалдардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып турууга тийиш. Материалдарды экстремисттик материалдардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечимге белгиленген тартипте сотко даттанууга болот. Экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында таратылбайт. Аталган материалдарды андан ары таратуу максатында мыйзамсыз жасоого, таратууга, ташууга жана сактоого күнөөлүү адамдар административдик же болбосо кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылышат. | 13-статья. Экстремисттик материалдарды таратуу менен күрөшүү Кыргыз Республикасынын аймагында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бирин эле камтыган басма, аудио-аудиовизуалдык жана башка материалдарды басып чыгарууга, сактоого, ташууга жана таратууга тыюу салынат. Мындай материалдарга төмөндөгүлөр кирет: а) тыюу салынган экстремисттик уюмдардын расмий материалдары; б) тынчтыкка жана адам баласына каршы кылмыштары үчүн эл аралык укук актыларынын негизинде соттолгон адамдардын автордук материалдары жана ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер; в) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө камтылган белгилер, анын ичинде анонимдүү жана башка материалдар. Маалымат материалдарында ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн "а"-"в" пункттарында каралган белгилердин бар экенин аныктоо прокурордун сунуштамасынын негизинде ошондой материалдарды чыгарган уюм жайгашкан жердеги сот аркылуу жүзөгө ашырылат. Маалымат материалдарында ушул Мыйзамдын 1-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган белгилердин бар экендигинин аныкталышы тууралу соттун чечими анын нускасынын сатып өткөрүлбөгөн бөлүгүн алып салууга негиз болуп саналат. Экстремисттик материалдарды чыгарууну экинчи жолу ишке ашырган уюм басып чыгаруу ишин жүргүзүү укугунан ажыратылат. [Соттун чечиминин негизинде, маалыматтык материалдар табылган, таратылган жери боюнча экстремисттик деп таанылат, же ушундай материалдарды өндүрүп жатышкан, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн экстремисттик ишмердик субъектилерин табуу боюнча сот тарабынан таанылат.] Маалымат материалдарын экстремисттик деп таануу жөнүндөгү соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү юстиция чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органына жөнөтүлөт. Экстремисттик материалдардын тизмеси жалпыга маалымдоо каражаттарында [жана ошондой эле "Интернет" эл аралык компьютердик түйүндөрүндө] жарыяланып турууга тийиш. Материалдарды экстремисттик материалдардын тизмесине киргизүү жөнүндө чечимге белгиленген тартипте сотко даттанууга болот. Экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында таратылбайт. Аталган материалдарды андан ары таратуу максатында мыйзамсыз жасоого, таратууга, ташууга жана сактоого күнөөлүү адамдар административдик же болбосо кылмыш-жазык жоопкерчилигине тартылышат. |
| 15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кылмыш-жазык, административдик жана жарандык-укуктук жоопкерчиликтерди тартышат. Мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жана негиздер боюнча, экстремисттик аракеттерди ишке ашырууга катышкан адамга соттун чечими менен мамлекеттик кызматка, аскердик кызматка жана укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө, ошондой эле билим берүү мекемелеринде, жеке аңдуу-иликтөө жана коргоо иштерин жүргүзүүгө чектөө коюлушу мүмкүн. Эгерде коомдук бирикменин же диний уюмдун, же дагы башка уюмдун жетекчиси же жетекчи органынын мүчөсү экстремисттик аракеттерди ишке ашырууга үндөп, эл алдында айткан билдирүүсү. ошондой эле өзүнүн жеке пикири экенин айтпай, ошого тете эл алдында сүйлөгөн учурда андай адамга карата экстремисттик багыттагы кылмышы үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, тийиштүү коомдук бирикме, диний, же башка уюм ошол билдирүү жасалган күндөн тартып беш күнгө чейин ал адамдын жасаган билдирүүсүнө жана анын аракетине макул эместигин эл алдында айтууга милдеттүү. Эгерде тийиштүү коомдук бирикме же диний уюм же дагы башка уюм эл алдында андай билдирүү жасабаса, анда бул алардын аракеттеринде экстремизмдин белгилеринин бар экенин күбөлөндүргөн факт катары каралышы мүмкүн. | 15-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кылмыш-жазык, административдик жана жарандык-укуктук жоопкерчиликтерди тартышат. Мамлекеттик жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жана негиздер боюнча, экстремисттик аракеттерди ишке ашырууга катышкан адамга соттун чечими менен мамлекеттик кызматка, аскердик кызматка жана укук коргоо органдарына кызматка кирүүгө, ошондой эле билим берүү мекемелеринде, жеке аңдуу-иликтөө жана коргоо иштерин жүргүзүүгө чектөө коюлушу мүмкүн. Эгерде коомдук бирикменин же диний уюмдун, же дагы башка уюмдун жетекчиси же жетекчи органынын мүчөсү экстремисттик аракеттерди ишке ашырууга үндөп, эл алдында айткан билдирүүсү, ошондой эле өзүнүн жеке пикири экенин айтпай, ошого тете эл алдында сүйлөгөн учурда андай адамга карата экстремисттик багыттагы кылмышы үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, тийиштүү коомдук бирикме, диний, же башка уюм ошол билдирүү жасалган күндөн тартып беш күнгө чейин ал адамдын жасаган билдирүүсүнө жана анын аракетине макул эместигин эл алдында, айтууга милдеттүү. Эгерде тийиштүү коомдук бирикме же диний уюм же дагы башка уюм эл алдында андай билдирүү жасабаса, анда бул алардын аракеттеринде экстремизмдин белгилеринин бар экенин күбөлөндүргөн факт катары каралышы мүмкүн. [Ушул мыйзамдын биринчи беренесинде каралган белгилердин бирин камтыган басма сөз, аудио, аудиовизуалдык жана ар кандай материалдардын автору жана/же аткаруучусу сот чечими тарабынан экстремисттик ишмердикти жүзөгө ашырган адам деп табылса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.] |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 20-декабрындагы № 2629-V "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду…Постановление · 20.12.2012 · № 2629-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 28-февралындагы №2820-V "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду…Постановление · 28.02.2013 · № 2820-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2960-V "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү…Постановление · 04.04.2013 · № 2960-V
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндөЗакон · 17.08.2005 · № 150 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 08.05.2013 · № 66 · Күчүн жоготкон