Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 „Кыргыз Республикасынын энергия системасында танкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-23.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-августу № 583 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында танкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу Чакан жана орто бизнестин иштеши үчүн шарттарды түзүү жана электр менен жабдууну камсыздоо, жаңыдан курулган жана курулуп жаткан объекттерди пайдаланууга өз учурунда киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкү мазмундагы 4.1-пункт менен толукталсын:
"4.1. Төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы", "Түндүк электр" жана "Чыгыш электр" ачык акционердик коомдоруна техникалык мүмкүнчүлүктөр болгондо электр энергияны жылытууга, ысык суу менен жабдууга, тамак-аш даярдоого жана электр менен жылытууга пайдалануу укугусуз электр энергиясын өндүрүштүк максаттарга пайдалануу укугу менен чакан жана орто бизнес объекттерине кошууга 1-апрелден 1-октябрга чейинки мезгилде 500 кВ "Датка-Кемин" жана 500 кВ "Кемин" подстанциясы эксплуатацияга берилгенге чейин техникалык шарттарды берүү;
- "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомдоруна "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен бирдикте 35 киловольт подстанциясын жана аларды азыктандыруучу 110 жана 220 киловольт подстанцияларын кошкондо тармакта ашыкча жүктөм жок болгон учурда электр энергиясын электр менен жылытууга жана электр менен ысытууга пайдалануу укугусуз жаңы объекттерди кошууга техникалык шарттарды берүү;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому:
"Түндүк электр" ачык акционердик коому менен бирдикте Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, н/ж дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын имаратын кошууга электр жылытууну эске алуу менен "Парковая" подстанциясынын экинчи кезеги ишке киргизилгенден кийин техникалык шарттарды берүү маселесин карасын; Бишкек шаары, Киев көчөсү, 148 дареги боюнча жайгашкан "Руби Иншаат" жоопкерчилиги чектелген коому соода-оюн-зоок борбору бар администрациялык-турак жай комплексин электр менен жылытууга укугусуз электр менен жабдууга техникалык шарттарды берүү маселесин карасын; Бишкек шаары, "Көк-Жар" жаңы конушу, Куйручук көчөсү, 12/21 дарегинде жайгашкан "Арзан турак жай" программасы боюнча курулуп жаткан "Нурлан" жоопкерчилиги чектелген коому турак жай комплексин электр-жылуулук менен жабдууга техникалык шарттарды берүү маселесин карасын.".
- 3-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу…Постановление · 30.12.2011 · № 763 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №763 "Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу…Постановление · 30.12.2011 · № 763 · Күчүн жоготкон