# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 581 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 581 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 581
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93677>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15577/edition/1158637/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93677.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 581 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (23.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93677

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-августу № 581 "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ө.Бабанөв

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2000-жылдын 9-февралы, № 14) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 14-статьянын 2-бөлүгүндө "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 16-статьянын 2-бөлүгүндө "эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү жана 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана" деген сөздөр алып салынсын.

5. 25-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү

Кыргыз Республикасындагы музейлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мекемелер түрүндө түзүлөт.".

6. 27-берененин 3-бөлүгү, 28-статьянын үчүнчү абзацы, 31 жана 35-статьялары күчүн жоготту деп табылсын.

7. 34-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"34-статья. Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.".

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары

жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн буйругунун долбооруна

МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ

"Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" бул Мыйзам долбоору Адилет министрлигине караштуу ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын иш-аракетинин алкагында иштелип чыккан. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнүндөгү" конституциялык Мыйзамдын 11-беренесине ылайык мамлекеттик менчиктин объектилерин башкаруу боюнча ыйгарым укуктар Өкмөттүн компетенциясына кирет. Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Мыйзамынын 14-беренесине долбоор аркалуу ылайыкталган түзөтүүлөр киргизилүүдө. Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 16-беренесинин 2-бөлүмү Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирилүүдө. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, белгиленген тартипте күчүнө кирген, эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын негизги бөлүгү болуп эсептелет. Аны менен бирге эле, жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 25 жана 28-беренелери Жарандык кодекске жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү" Мыйзамга ылайык келтирилгендигин белгилейбиз. Алсак, "Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Мыйзамынын 25-беренеси жаңы редакцияда берилди. Ага ылайык, Кыргыз Республикасындагы музейлер мекемелер формасында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт. Белгиленген түзөтүүлөр көрсөтүлгөн берененин жоболорун жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларынын укуктук абалын, менчик укуктарын жана башка буюмдук укуктарынын келип чыккандыгын негизин жана тартибин аныктаган Жарандык кодекстин 1-беренесине ылайык келтирүү үчүн багытталган. 31-берене жогоруда аталган Мыйзамдын 1 жана 26-беренелеринин жоболорун кайталагандыктан, белгиленген беренени долбоор аркалуу күчүн жоготту деп табуу сунушталат. Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Мыйзамдын 17 жана 23-беренелеринен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктары долбоор аркалуу алып ташталган, себеби, "Жергиликтүү өзүн башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамга ылайык көрсөтүлгөн беренелердеги санап берилген ыйгарым укуктар жергиликтүү өзүн бшкаруу органдардын компетенциясына кирет. Мындан тышкары, 34-беренени долбоор аркылуу жаңы редакцияда берүү сунушталат, ал эми 35-беренени, анда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтин түрлөрү административдик мыйзамдарда каралбагандыгына байланыштуу, күчүн жоготту деп эсептөө сунушталат. Редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр кошумча мыйзам долбоору аркалуу киргизилүүдө. Булар менен бирге эле, бул долбоордун өткөрүлгөн коомдук талкуулоосунун жүрүшүндө сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилей кетебиз. Мындан тышкары, белгиленген долбоорду кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып барбай тургандыгын маалымдайбыз. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттин эсебинен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбагандыгын кошумчалай кетебиз. Ушуга байланыштуу , "Кыргыз Республикасынын музей жана музей фондулары жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун долбооруна макулдашуу барактарынын түп нускасы тиркелген, ал эми макулдашуу барактарынын көчүрмөлөрү бул токтомдун долбооруна тиркелди. Мыйзамдын долбооруна макулдашуу барактарынын түп нускалары тиркелди. Долбоор министрликтер жана ведомстволор менен пикирлерсиз макулдашылды.

Министр

И.Жунусов

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын музейлери

жана музей фонду жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу Мыйзамынын долбооруна карата

САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА

| Аракеттеги редакция | Сунуш кылынган редакция |
| --- | --- |
| 14-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды менчигинен ажыратуу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар, жоголгон, бузулган, болбосо башка музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга алмаштырылган учурларды албаганда, менчигинен ажыратылууга, белекке берилүүгө тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда менчигинен ажыратуу жөнүндө чечим маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы тарабынан кабыл алынат. Музейлик коллекциялар бөлүнгүс болуп эсептелет. | 14-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды менчигинен ажыратуу Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жана музейлик коллекциялар, жоголгон, бузулган, болбосо башка музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга алмаштырылган учурларды албаганда, менчигинен ажыратылууга, белекке берилүүгө тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда менчигинен ажыратуу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Музейлик коллекциялар бөлүнгүс болуп эсептелет. |
| 16-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн абалына мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн абалына мамлекеттик контролду маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы төмөнкү түрлөрдө жүзөгө ашырат: музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын сакталышынын жана сактоо шарттарынын абалын текшерүү; Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эсебин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон музей буюмдары жана музейлик коллекциялар жөнүндө сурамдарды жиберүү жана маалыматтарды алуу. Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларын кайтарып алуу эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. | 16-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн абалына мамлекеттик контроль Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн абалына мамлекеттик контролду маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы төмөнкү түрлөрдө жүзөгө ашырат: музей буюмдарынын жана музейлик коллекцияда сакталышынын жана сактоо шарттарынын абалын текшерүү; Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эсебин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон музей буюмдары жана музейлик коллекциялар жөнүндө сурамдарды жиберүү жана маалыматтарды алуу. Чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларын кайтарып алуу. Белгиленген тартипте күчүнө кирген жана кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. |
| 17-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик музейлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген жана мамлекеттик музейлерге жана башка мамлекеттик мекемелерге оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген негизги фонддорду толтуруу, музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу үчүн зарыл болгон каржылык жана башка шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле көрсөтүлгөн музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарыхтын жана маданияттын башкага окшобогон эстеликтерин сактоо боюнча кошумча чараларды көрүүнүн зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сактап турган эң ири мамлекеттик музейлердин иши үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө түрлөрүн белгилеши мүмкүн. | 17-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик музейлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик бөлүгүнүн курамына киргизилген жана мамлекеттик музейлерге жана башка мамлекеттик мекемелерге оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген негизги фонддорду толтуруу, музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу үчүн зарыл болгон каржылык жана башка шарттарды камсыз кылууга, ошондой эле көрсөтүлгөн музей буюмдарына жана музейлик коллекцияларга келтирилген зыяндын ордун толтурууга зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарыхтын жана маданияттын башкага окшобогон эстеликтерин сактоо боюнча кошумча чараларды көрүүнүн зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле дүйнөлүк маанидеги музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды сактап турган эң ири мамлекеттик музейлердин иши үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн өзгөчө түрлөрүн белгилеши мүмкүн. |
| 23-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес музейлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес музейлерге төмөнкү түрлөрдө колдоо көрсөтүшү мүмкүн: реставрациялык жумуштарды жүргүзүү үчүн мамлекеттик реставрациялык мекемелерди берүү; зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды мамлекеттик сактоочу жайларга сактоого өткөрүп берилишин камсыз кылуу; Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын коопсуздугун камсыз кылууга кеткен чыгымдарды жарым-жартылай компенсациялоо. | 23-статья. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес музейлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик эмес музейлерге төмөнкү түрлөрдө колдоо көрсөтүшү мүмкүн: реставрациялык жумуштарды жүргүзүү үчүн мамлекеттик реставрациялык мекемелерди берүү; зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды мамлекеттик сактоочу жайларга сактоого өткөрүп берилишин камсыз кылуу; Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдарынын жана музейлик коллекциялардын коопсуздугун камсыз кылууга кеткен чыгымдарды жарым-жартылай компенсациялоо. |
| 25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү Кыргыз Республикасында музейлер тарых жана маданият эстеликтерин сактоо үчүн мекемелер, ошондой эле коммерциялык эмес мүнөздөгү илимий, маданий жана билим берүү милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн мекемелер түрүндө түзүлөт. | 25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү Кыргыз Республикасында музейлер мекеме формасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлөт. |
| 27-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик музейлерди уюштуруунун тартиби Мамлекеттик музейлерди уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде жүргүзүлөт. Иши мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган учурда музей мамлекеттик болуп эсептелет. Мамлекеттик музейге оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген кыймылсыз мүлк менчик ээси тарабынан ал арналышы боюнча пайдаланылбаган учурда, болбосо музей жоюлган учурда гана алып коюлушу мүмкүн. | 27-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик музейлерди уюштуруунун тартиби Мамлекеттик музейлерди уюштуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде жүргүзүлөт. Иши мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган учурда музей мамлекеттик болуп эсептелет. Күчүн жоготту деп эсептелсин |
| 28-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес музейлерди уюштуруунун тартиби Мамлекеттик эмес музейлерге музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берүү менчик ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Мамлекеттик эмес музейлердин уставдары (жоболору) алардын уюштуруучулары тарабынан бекитилет жана белгиленген тартипте катталат. Мамлекеттик эмес музейлерге оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген кыймылсыз мүлк менчик ээси тарабынан ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралган учурларда гана алып коюлушу мүмкүн. | 28-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик эмес музейлерди уюштуруунун тартиби Мамлекеттик эмес музейлерге музей буюмдарын жана музейлик коллекцияларды оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берүү менчик ээси тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Мамлекеттик эмес музейлердин уставдары (жоболору) алардын уюштуруучулары тарабынан бекитилет жана белгиленген тартипте катталат. Күчүн жоготту деп эсептелсин |
| 31-статья. Кыргыз Республикасындагы музейлердин ишинин түрлөрү Кыргыз Республикасындагы музейлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган жана ушул Мыйзамда каралган музейлердин ишинин максатына ылайык келбеген ар кандай ишти жүзөгө ашырышы мүмкүн. Кыргыз Республикасындагы музейлер, эгерде ушул Мыйзам тарабынан каралган максаттарга жетүүгө кызмат кылса, ишкердик ишти жүзөгө ашырышы мүмкүн. Музейлердин ишинин багыттарынын түрлөрү жана механизми Кыргыз Республикасындагы музейлер жөнүндө жободо жана музейлердин уставдарында бекитилет. | Күчүн жоготту деп эсептелсин |
| 34-статья. Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын жоболорун бузууда күнөөлүү болгон жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык же жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат. | 34-статья. Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик Мыйзамдын бузулгандыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. |
| 35-статья. Кызмат адамдарынын жоопкерчилиги Кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзамдын жоболорунун аткарылбашы, атап айтканда: музей буюмун Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүүдөн Мыйзамсыз баш тартуу; музей буюмун Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамынан мыйзамсыз чыгаруу; Кыргыз Республикасынын Музей фондунун мамлекеттик эмес бөлүгүнүн курамына киргизилген музей буюмдары жөнүндө купуя маалыматтарды ачыкка чыгаруу; музей буюмдары менен жасалган бүтүмдөрдү каттоодон укукка жатпаган баш тартуу; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жоопкерчиликке алып келет. | Күчүн жоготту деп эсептелсин |
