# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 580 "Жерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 580 "Жерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 580
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15576/edition/410171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 580 "Жерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө" токтому (23.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93676

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-августу № 580 Жерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 49-беренесине ылайык, мамлекеттик менчиктеги жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ибн Сина атындагы Улуттук фтизиатрия борборуна караштуу Балдар үчүн республикалык реабилитациялык борбордун аймагында жайгашкан жердин ичинен 9,4 га аянттагы жер участогу токой-сейил бак зонасын уюштуруу үчүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясына өткөрүп берилүүчү жер участогун кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдигине бөлүүнү жер участогуна укуктарды күбөлөндүргөн документтерди тариздөө жана мамлекеттик каттоо менен жүргүзсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
