# Постановление Правительства КР от 22 августа 2012 года № 579 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О ратификации Договора между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Турецкой Республики о дальнейшей деятельности Кыргызско-Турецкого университета "Манас",подписанного 26 апреля 2011 года в городе Анкара"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 579
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93675>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15575/edition/492425/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93675.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 22 августа 2012 года № 579 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О ратификации Договора между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Турецкой Республики о дальнейшей деятельности Кыргызско-Турецкого университета "Манас",подписанного 26 апреля 2011 года в городе Анкара" (21.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93675

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21- январы № 43 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 22-августу № 579 "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

- Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын

Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

1-берене. Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишим ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түркия тарапка аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин. 3-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

"Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимге, 2011-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаевдын Туркия Республикасына расмий иш сапары учурунда кол коюлган. Келишимдин 17-беренесине ылайык Келишим күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу керек. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору иштелип чыккан.

Статс-секретарь

К.Шадыханов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет. Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык эки тараптуу мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кыргыз-Түрк "Манас" университетин Бишкек шаарында түзүү жөнүндө келишимге 1995-жылдын 30-сентябрында кол коюлган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин иши жөнүндө келишимге кол коюлган учурдан баштап 17 жыл өткөндүгүнө байланыштуу азыркы учурда Келишимдин айрым позицияларын кайра карап чыгуу зарылдыгы пайда болду. Университеттин натыйжалуу ишин андан ары улантуу жана Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүү максатында жаңы Келишимге кол коюу зарылдыгы жаралды, ушуга байланыштуу түрк тарап Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимдин долбоорун иштеп чыккан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 138-б буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимдин долбоору жактырылган. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаевдын 2011-жылдын 26-апрелинде Түркия Республикасына жасаган расмий иш сапарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимге кол коюлган. Келишимдин 17-беренесине ылайык ушул Келишимдин күчүнө кириши үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу зарыл. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыккан. Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун даярдоонун жүрүшүндө бул токтомдун долбоору тиешелүү министрликтер менен макулдашылды. Жогоруда жазылгандарга байланыштуу жогоруда аталган мыйзам долбоорун колдоого алуу жана аны "Анкара шаарында 2011-жылдын 26-апрелинде кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылган редакцияда кабыл алуу максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.

Каттоо № \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_".
