# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 578
- Кабыл алынган күнү: 22.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93674>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15574/edition/1168428/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93674.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы № 578 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому (30.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93674

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 242 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 22-августу № 578 Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-июлундагы № 425 токтомунун редакциясына ылайык) Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

- Окумуштуулук наамдарды берүү тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык;

- Эксперттик кеңеш жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жобонун 6-пунктунун он үчүнчү абзацындагы "илимдин кандидатынын дипломдорунун," деген сөздөрдөн кийин "философиянын доктору дипломунун (РhD)" деген сөздөр менен толукталсын".

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы:

- ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 27-майындагы № 231 "Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселелери" жөнүндө токтому;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 8-июнундагы № 273 буйругу.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
