Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 17-августу № 571 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 63-статьянын 7-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"(7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш жасаган, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт.".
2. 129-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"129-статья. Зордуктоо
(1) Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга психикалык жана кара күч зомбулугун көрсөтүү, жабырлануучуга же башка адамдарга зомбулук көрсөтөм деп ошого тете алардын алсыз абалынан пайдалануу менен алардын каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болгондо, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Зордуктоо:
1) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда;
2) адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда;
4) өлтүрөм деп же саламаттыгына оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө ырайымсыздык менен жасалганда;
5) жабырлануучуга жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде, -
сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Зордуктоо:
1) жашы жете элек кызга карата жасалганда;
2) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктештиктин) өкүлү же өкүлдөрү тарабынан жасалганда;
4) жабырлануучуга ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келгенде;
5) жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, -
он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушундай эле аракеттер жаш кызга карата жасалганда, - жыйырма жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берененин үчүнчү бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган башка оор кесепеттер деп: жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүшү же өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салуу, анын психикасынын бузулушу, күнөөлү адам тарабынан жабырлануучунун ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүү (боюна бүткөрүү, боюна жатындан тышкары бүткөрүү, боюнан алдыруу, зордуктоонун натыйжасында бала төрөтө), анын ичинде залал келтирген учурда өмүрүнө коркунуч келтирген аракеттерди түшүнүү керек. Жашы жете элек адамдар болуп он сегиз жашка чыга электер саналат. Ал эми жаш кыз-бала болуп он төрт жашка чыга электер эсептелет.".
3. 130-статьянын:
1) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 2-бөлүгүнүн 6) пункту күчүн жоготту деп табылсын;
3) 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар:
1) жашы жете электерге карата жасалса;
2) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктештиктин) өкүлү же өкүлдөрү тарабынан жасалганда;
4) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) саламаттыгына оор залал келтирүүгө, ага (ал аялга) ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келсе;
5) жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) өлүмүнө алып келсе, - он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
4) төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда, - жыйырма жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
4. 131-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"131-статья. Жыныстык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо
1. Шантаж, жок кылам, зыянга учуратам же мүлкүңдү алып коем деп коркутуу же жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) материалдык же башка жагынан көз карандылыгынан пайдалануу менен адамды жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же жыныстык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого мажбурлаганда, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар:
1) жашы жете электерге карата жасалса;
2) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда, -
3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушундай эле аракеттер жаш кыз-балдарга карата жасалганда, -
3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
5. 132-статья күчүн жоготту деп табылсын.
6. 133-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
"133-статья. Ыплас аракеттер
(1) Он сегиз жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушундай эле жосундар:
1) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;
2) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.". (3) Ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда, - 3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
7. 157-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "сойкулукка, сексуалдык аракеттерди жасоого," деген сөздөр алып салынсын.
8. 260-статья төмөнкү мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"(3) Ушундай эле жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалганда, - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушундай эле жосундар жаш кыз-баланы тартуу менен жасалганда, - он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
9. 261-статьянын:
1) 3-бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"(3) Ушундай эле жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
2) төмөнкү мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"(4) Ушундай эле жосундар жаш кыз-баланы тартуу менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
10. 262-1-статьянын:
1) аталышындагы, 1-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы жана 3-бөлүгүнүн 3-пунктундагы "билип туруп" деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "беш жылдан сегиз" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки жылдан үч" деген сөздөр "сегиз жылдан он" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-бөлүктүн бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Премьер-министри О.Бабановдун 2012-жылдын 11-майындагы № 8-1611 тапшырмасын аткаруу үчүн иштелип чыккан, Өкмөт башчысынын тапшырмасында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен бирдикте жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы жасалган кылмыш үчүн жазаны күчөтүү каралган мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана аны коомдук талкууга коюу тапшырылган. Ушул тапта коомчулук өкүлдөрүн жана мамлекеттин жетекчилигин жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы жасалган кылмыштардын өскөндүгү жана кылмыш-жаза мыйзамдарынын жоболорунун чалалыгынан мыйзам бузуучуларга карата аныкталган жазалардын жеңил болуп жаткандыгы өзгөчө тынчсыздандырууда. ИИМ маалымдоо-талдоо борборунун маалымат боюнча, республиканын аймагында зордуктоолордун саны жылдан жылга өсүп барууда. Эгерде 2009-жылы Кыргызстанда 281 зордуктоо катталса, 2010-жылы алардын саны 301ге, ал эми 2011-жылы 324кө жеткен, ал эми үстүбүздөгү жылдын төрт айында эле бул көрсөткүч саны 82ни түзгөн. Ушундан улам КР Юстиция министрлиги тарабынан КР Ички иштер министрлиги менен бирге "Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору даярдалып, анда Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда: 63- (Шарттуу соттоо), 129- (Зордуктоо), 130- (Жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракеттер), 131- (Жыныстык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо), 132- (Он сегиз жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашуу жана жыныстык мүнөздөгү башка аракеттер), 133(Ыплас аракеттер), 157- (Жашы жете элек адамды коомчулукка жакпаган аракеттерди жасоого тартуу), 260- (Сойкулук кылууга тартуу), 261- (Сойкулук менен алектенүү үчүн бузукулук уюктарын уюштуруу же аны кармоо) жана 262-1- (Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же предметтерди даярдоо менен байланышкан аракеттерге жашы жете элек адамды, ошондой эле аларды ушуга тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучулар катарында тартуу). Кылмыш-жаза кодексине киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн мааниси жашы жете электердин жана жаш кыз-балдардын өзгөчө тобунун жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү мыйзам ченемдери аркылуу бекемдөөдө болууда. Ал эми ушундай кылмышка баргандарды жазалоону күчөтүүнүн мааниси болсо жашы жете электерге жана жаш кыз-балдарга жыныстык коопсуздугун кепилдөө эсептелет. Кылмыштардын ушул категориясын жарандын жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыштардын жалпы категориясына киргизүүгө болбойт, анткени жаш кыз-балдарды жана жашы жете электерди зордоо жыныстык жактан гана жетиле электик гана эмес, социалдык жактан, чон киши катары жетиле электик менен да мүнөздөлөт. Жашы жете электердин жана жаш кыз-балдардын өзгөчө тобунун жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн шарттуу соттоо деген жазанын түрүн колдонууга жол бербөө максатында Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө. Ошону менен бирге зордуктоо атайылап жасалган кылмыш болуп эсептелет. Ар бир жаран анын коомго келтирген коркунучун түшүнүшү абзел. Күнөөлүү жабырлануучуну мүнөздөгөн ар кыл маалыматты пайдаланат: туулгандыгы тууралу документтер, жабырлануучунун айтканы, анын досторунун же туугандарынын айткандары, жүрүм-туруму, эмне менен алектенгени, сырткы кебетеси ж.б. Ушундай объективдүү маалыматтардын негизинде жабырлануучу 14кө же 18ге толо электиги жөнүндө түшүнүк сөзсүз болушу керек. Ушундан улам сунуш кылынган мыйзам долбоору аркылуу кылмыш жабырлануучунун жашын билип туруп жасалган деген түшүнүктү алып салуу сунушталууда. Мындан тышкары Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси мыйзам бузуучулардын талаптагыдай кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетишине мүмкүнчүлүк берүүдө. Андыктан жашы жете электерге каршы жыныстык кылмыштардын курамын өркүндөтүү максатында аталган беренени алып салуу сунушталууда. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы жашы жете электердин жана жаш балдардын жыныстык кол тийгистигине каршы жасалган кылмыштарды азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт деп күтүлүүдө. Ошондой эле аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Мындан сырткары, улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорундагы ченемдер колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын жана долбоорду жөнгө салуучу таасирин талдоодон өткөрүүгө жатпастыгын белгилейбиз. Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 22-беренесинин талаптарына ылайык сунушталган ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атайын сайтында коомчулуктун талкуулоосу үчүн жайгаштырылганын жана анын натыйжасында мыйзам долбору боюнча сунуштар түшпөгөндүгүн белгилейбиз. Мындан тышкары ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы чыгымдарын талап кылбай тургандыгын кошумча билдире кетебиз.
Министр
А.Шыкмаматов
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМАЛУУ ТАБЛИЦА
| Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 7, 229-б.) | |
|---|---|
| Кыргыз Республикасынын күчүндөгү Кылмыш-жаза кодекси | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин айрым нормаларынын сунушталган долбоору |
| 63-статья. Шарттуу соттоо (1) Эгерде сот эркиндигинен ажыратуу, дисциплинардык бөлүктө кармоо түрүндө жаза белгилөөдө жасалган кылмышынын мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, күнөөкөрдүн инсандыгын жана иштин башка жагдайларын эске алуу менен, жазаны өтөбөй эле, бирок анын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү шарттарында соттолгондун оңолушу мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, анда күнөөкөргө карата жазаны шарттуу колдонбоо жөнүндө токтом чыгара алат. Эгерде алар тарабынан белгиленген сынак мөөнөтүнүн ичинде соттолгон адам жаңы кылмыш жасабаса жана ага сот жүктөгөн милдеттерди аткарса, мындай учурда өкүм аткарылбайт. (2) Шарттуу соттоо белгиленгенде мүлктү конфискациялоодон тышкары кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн. (3) Сынак мөөнөтү бир жылдан үч жылга чейинки убакытка белгиленет. (4) Сот шарттуу соттогондо, ага карата негиздер болгондо, соттолгон адамды белгилүү бир мөөнөттө келтирилген зыянды четтетүүгө, жумушка же окууга кирүүгө, жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугусуз жашаган жерин алмаштырбоого, иштеген же окуган жери өзгөрүлгөндүгү жөнүндө жазык-аткаруу инспекциясына маалымдоого, жазык-аткаруу инспекциясына катталуу үчүн мезгил-мезгили менен келип турууга, аларга маалымдабай туруп туруктуу жашаган жеринен кетпөөгө, белгилүү бир жерлерге барбоого, белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин жашаган жеринде болууга, алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан жана жыныстык оорудан дарылануу курсунан өтүүгө милдеттендире алат. Сот шарттуу соттолгонго анын оңолушуна көмөктөшүүчү башка милдеттерди аткарууну да жүктөй алат. (5) Шарттуу соттолгон адамдын жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү ички иштер органдарынын көмөгү алдында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу инспекциясы, ал эми аскер кызматындагыларга карата аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгы жүзөгө ашырат. (6) Сынак мөөнөтүнүн ичинде сот шарттуу соттолгондун жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу органдын сунушу боюнча, соттолгон адам үчүн мурда белгиленген милдеттерди толук же жарым-жартылай алып салышы же кошумчалашы мүмкүн. (7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк граждандарга жана граждандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт. | 63-статья. Шарттуу соттоо (1) Эгерде сот эркиндигинен ажыратуу, дисциплинардык бөлүктө кармоо түрүндө жаза белгилөөдө жасалган кылмышынын мүнөзүн жана коомдук коркунучтуулук деңгээлин, күнөөкөрдүн инсандыгын жана иштин башка жагдайларын эске алуу менен, жазаны өтөбөй эле, бирок анын жүрүм-турумуна көзөмөл жүргүзүү шарттарында соттолгондун оңолушу мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, анда күнөөкөргө карата жазаны шарттуу колдонбоо жөнүндө токтом чыгара алат. Эгерде алар тарабынан белгиленген сынак мөөнөтүнүн ичинде соттолгон адам жаңы кылмыш жасабаса жана ага сот жүктөгөн милдеттерди аткарса, мындай учурда өкүм аткарылбайт. (2) Шарттуу соттоо белгиленгенде мүлктү конфискациялоодон тышкары кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн. (3) Сынак мөөнөтү бир жылдан үч жылга чейинки убакытка белгиленет. (4) Сот шарттуу соттогондо, ага карата негиздер болгондо, соттолгон адамды белгилүү бир мөөнөттө келтирилген зыянды четтетүүгө, жумушка же окууга кирүүгө, жазык-аткаруу инспекциясынын макулдугусуз жашаган жерин алмаштырбоого, иштеген же окуган жери өзгөрүлгөндүгү жөнүндө жазык-аткаруу инспекциясына маалымдоого, жазык-аткаруу инспекциясына катталуу үчүн мезгил-мезгили менен келип турууга, аларга маалымдабай туруп туруктуу жашаган жеринен кетпөөгө, белгилүү бир жерлерге барбоого, белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин жашаган жеринде болууга, алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан жана жыныстык оорудан дарылануу курсунан өтүүгө милдеттендире алат. Сот шарттуу соттолгонго анын оңолушуна көмөктөшүүчү башка милдеттерди аткарууну да жүктөй алат. (5) Шарттуу соттолгон адамдын жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү ички иштер органдарынын көмөгү алдында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу инспекциясы, ал эми аскер кызматындагыларга карата аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгы жүзөгө ашырат. (6) Сынак мөөнөтүнүн ичинде сот шарттуу соттолгондун жүрүм-турумуна контролдук жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу органдын сунушу боюнча, соттолгон адам үчүн мурда белгиленген милдеттерди толук же жарым-жартылай алып салышы же кошумчалашы мүмкүн. [(7) Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдарга, жаш кыз-балдардын жана жашы жете электердин жыныстык кол тийгистигине каршы кылмыш жасаган, уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу шериктиктин (кылмыштуу уюмдун), куралдуу топтун (банданын) курамында кылмыш жасаган адамдарга, туруктуу жашаган жери жок адамдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасында убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт.] |
| 129-статья. Зордуктоо (1) Зордуктоо, башкача айтканда, жабырлануучуга же анын жакындарына зомбулук көрсөтүү, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу, ошого тете жабырлануучунун алсыз абалынан пайдалануу менен жыныстык катнашта болгондо, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Зордуктоо: 1) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда; 2) адамдардын тобу тарабынан жасалганда; 3) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан; 4) өлтүрөм деп же саламаттыкка оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө ырайымсыздык менен жасалганда; 5) жабырлануучуга жыныстык оорууну жуктурууга алып келгенде; 6) Зордуктоо жашы жете элек кызга карата жасалганда, - сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Зордуктоо: 1) байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө, ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келгенде; 2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда; 3) жаш кызга карата жасалганда, - он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Жаш кызды зордуктоо өтө оор кесепеттерге алып келгенде, - жыйырма жылга эркиндигинен ажыратууга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде күнөөлүүнүн аракеттеринде ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 1-5-пункттарында каралган белгилер жок болсо, жашы жете элек жабырланган кызды жашы жеткен кыз деп ойлоого негиз болгон учурларда жазык жоопкерчилиги ушул статьянын биринчи бөлүгү боюнча келип чыгат. Эгерде күнөөлүүнүн аракеттеринде ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган белгилер жок болсо, жашы жете элек жабырланган кызды жашы жеткен кыз деп ойлоого негиз болгон учурларда жазык жоопкерчилиги ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн 6-пункту боюнча келип чыгат. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган башка оор кесепеттер деп: жабырланган кыздын (жашы жеткен кыздын же жашы жете элек кыздын) өзүн-өзү өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылышын, кыздын психикасына залал келтирүүнү, күнөөлүү адам тарабынан жабырланган кыздын ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүүнү (боюнан түшүүнү, зордуктоонун натыйжасында жатындын тышына боюна бүтүп калууну), анын ичинде залал келтирүү учурундагы өмүргө коркунуч келтирген аракеттерди түшүнүү керек. Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө каралган өтө оор кесепеттерди: жабырланган жаш кыздын өзүн-өзү өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылышын, кыздын психикасына залал келтирүүнү, күнөөлүү адам тарабынан жабырланган жаш кыздын ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүүнү (зордуктоонун натыйжасында жатындын тышына боюна бүтүүнү, бала төрөө мүмкүнчүлүгүн жоготууну, жыныстык катышуу мүмкүнчүлүгүн жоготууну), анын ичинде залал келтирүү учурундагы өмүргө коркунуч келтирген аракеттерди байкабастыктан жабырланган жаш кыздын өлүмүнө, ага ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга алып келүү деп түшүнүү керек. Жаш кыз деп он төрт жашка толо элек кыз эсептелет. | 129-статья. Зордуктоо [(1) Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга психикалык жана кара күч зомбулугун көрсөтүү, жабырлануучуга же башка адамдарга зомбулук көрсөтөм деп ошого тете алардын алсыз абалынан пайдалануу менен алардын каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болгондо, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Зордуктоо: 1) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда; 2) адамдардын тобу тарабынан жасалганда; 3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда; 4) өлтүрөм деп же саламаттыгына оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө ырайымсыздык менен жасалгаяда; 5) жабырлануучуга жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде, - сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Зордуктоо: 1) жашы жете элек кызга карата жасалганда; 2) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда; 3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктештиктин) өкүлү же өкүлдөрү тарабынан жасалганда; 4) жабырлануучуга ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келгенде; 5) жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, - он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушундай эле аракеттер жаш кызга карата жасалганда, - жыйырма жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул берененин үчүнчү бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган башка оор кесепеттер деп: жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүшү же өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салуу, анын психикасынын бузулушу, күнөөлү адам тарабынан жабырлануучунун ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүү (боюна бүткөрүү, боюна жатындан тышкары бүткөрүү, боюнан алдыртуу, зордуктоонун натыйжасында бала төрөтүү), анын ичинде залал келтирген учурда өмүрүнө коркунуч келтирген аракеттерди түшүнүү керек. Жашы жете элек адамдар болуп он сегиз жашка чыга электер саналат. Ал эми жаш кыз-бала болуп он төрт жашка чыга электер эсептелет.] |
| 130-статья. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (1) Жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же болбосо жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) алсыз абалынан пайдалануу менен бачабаздык, лесбиянчылык же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер жасалганда, - үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар: 1) ушул главанын статьяларында каралган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди мурда жасаган адам тарабынан жасалганда; 2) адамдардын тобу тарабынан; 3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан; 4) өлтүрөм деп коркутуу же саламаттыгына оор залал келтирүү менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга карата өзгөчө катаалдык менен жасалганда; 5) жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде; 6) жашы жетпегендиги белгилүү болгондорго карата жасалганда, - сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар: 1) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) өлүмүнө алып келсе; 2) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) саламаттыгына оор залал келтирүүгө, ага (ал аялга) ВИЧ-жугуштуу оорусун жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келсе; 3) он төрт жашка толо электиги белгилүү болгон адамга карата жасалса; 4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, - он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. | 130-статья. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (1) Жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же болбосо жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) алсыз абалынан пайдалануу менен бачабаздык, лесбиянчылык же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер жасалганда, - [беш] жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар: 1) ушул главанын статьяларында каралган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди мурда жасаган адам тарабынан жасалганда; 2) адамдардын тобу тарабынан; 3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан; 4) өлтүрөм деп коркутуу же саламаттыгына оор залал келтирүү менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) башка адамдарга карата өзгөчө катаалдык менен жасалганда; 5) жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде; [6) пункту күчүн жоготту деп табылсын (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар: 1) жашы жете электерге карата жасалса; 2) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда; 3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктештиктин) өкүлү же өкүлдөрү тарабынан жасалганда; 4) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) саламаттыгына оор залал келтирүүгө, ага (ал аялга) ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келсе; 5) жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) өлүмүнө алып келсе, - он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда, - жыйырма жылга же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат.] |
| 131-статья. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо Шантаж, жок кылам, зыянга учуратам же мүлкүңдү алып коем деп коркутуу же болбосо жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) материалдык же башка жагынан көз карандылыгынан пайдалануу менен адамды жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого мажбурлаганда, - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. | 131-статья. Жыныстык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо [1. Шантаж, жок кылам, зыянга учуратам же мүлкүңдү алып коем деп коркутуу же жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) материалдык же башка жагынан көз карандылыгынан пайдалануу менен адамды жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же жыныстык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого мажбурлаганда, - эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар: 1) жашы жете электерге карата жасалса; 2) мыйзамдарда жашы жете элек тарбиялоо милдети жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда, - 3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Ушундай эле аракеттер жаш кыз-балдарга карата жасалганда, - 3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.] |
| 132-статья. Он алты жашка толо элек адам менен жыныстык катнашта болуу жана сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо Он алты жашка толо элек экендиги белгилүү болгон адам менен он сегиз жашка толгон адам жыныстык катнашта болгондо, бачабаздык же лесбиянчылык кылганда, - үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. | [132-статья күчүн жоготту деп табылсын.] |
| 133-статья. Ыплас аракеттер Он төрт жашка толо элеги белгилүү болгон адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. | 133-статья. Ыплас аракеттер [(1) Он сегиз жашка чыга элек адамга карата зомбулук көрсөтпөстөн, ыплас аракеттер жасалганда, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушундай эле жосундар: 1) мыйзамдарда жашы жете элек кызды тарбиялоо жүктөлгөн атасы же башка адам, ошондой эле мыйзам менен жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин ошого тете педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда; 2) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда, - 3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушундай эле жосундар жаш кыз-балдарга карата жасалганда, - 3 жылга чейин педагогикалык иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.] |
| 157-статья. Жашы жетпегенди коомчулукка каршы аракеттерди жасоого тартуу (1) Он сегиз жашка толгон адам тарабынан жашы жетпеген адамды аракечтикке, баңги же башка баш айлантуучу заттарды болбосо аны селсаяктыкта же кайырчылыкта пайдаланууга тартканда, - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ата-эне, педагог же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ошол эле жосундар, - үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган, зомбулукту колдонуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган жосундар, - беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Эгерде бул жосундар жашоонун булагынан ажыроонун же жашаган жеринин жоктугунан келип чыккан оор турмуштук жагдайларга туш болуунун айынан ата-энелер тарабынан жасалса, ушул статьянын колдонулушу жашы жетпегенди селсаяктыкка тартуунун же болбосо селсаяктыкта пайдалануунун учурларына жайылтылбайт. | 157-статья. Жашы жетпегенди коомчулукка каршы аракеттерди жасоого тартуу (1) Он сегиз жашка толгон адам тарабынан жашы жетпеген адамды аракечтикке, баңги же башка баш айлантуучу заттар врачтын дайындоосуз керектөөгө, селсаяктык же кайырчылык кылууга же болбосо аны селсаяктыкта же кайырчылыкта пайдаланууга тартканда, - жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ата-эне, педагог же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам тарабынан жасалган ошол эле жосундар, - үч жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо төрт жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган, зомбулукту колдонуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган жосундар, - беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Эгерде бул жосундар жашоонун булагынан ажыроонун же жашаган жеринин жоктугунан келип чыккан оор турмуштук жагдайларга туш болуунун айынан ата-энелер 1 тарабынан жасалса, ушул статьянын колдонулушу жашы жетпегенди селсаяктыкка тартуунун же болбосо селсаяктыкта пайдалануунун учурларына жайылтылбайт. |
| 260-статья. Сойкулук жасоого тартуу (1) Күч колдонуу же күч колдоном деп коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен сойкулук жасоого тартуу, - беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, - бир миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. | 260-статья. Сойкулук жасоого тартуу (1) Күч колдонуу же күч колдоном деп коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен сойкулук жасоого тартуу, - беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, - бир миңден он миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. [(3) Ушундай эле жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалганда, - беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушундай эле жосундар жаш кыз-баланы тартуу менен жасалганда, - он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.] |
| 261-статья. Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү (1) Башка адамдардын сойкулук жасоосун уюштурууга багытталган, ага тете эле сойкулук жасоо үчүн жайларды күтүүгө багытталган жосундар же сойкулук жасоо үчүн жайларды туруктуу берүү, - беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар: 1) өзүнүн кызмат абалын пайдаланган адам тарабынан; 2) зордук кылуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен жасалса, - эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар он төрт жашка чыга электиги мурда белгилүү болгон адамдарды сойкулук жасоосу үчүн пайдалануу менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. | 261-статья. Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү (1) Башка адамдардын сойкулук жасоосун уюштурууга багытталган, ага тете эле сойкулук жасоо үчүн жайларды күтүүгө багытталган жосундар же сойкулук жасоо үчүн жайларды туруктуу берүү, - беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар: 1) өзүнүн кызмат абалын пайдаланган адам тарабынан; 2) зордук кылуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен жасалса, - эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. [(3) Ушундай эле жосундар жашы жете электерди тартуу менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушундай эле жосундар жаш кыз-баланы тартуу менен жасалса, - мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.] |
| 262-1-статья. Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди билип туруп тартуу (1) Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди билип туруп тартуу, - эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) күч колдонуп зомбулук кылуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган ошондой эле жосун, - эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун: 1) ата-эне же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам, ошого тете ага мыйзам менен жашы жетпегендерге көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекемелердин башка кызматкерлери тарабынан; 2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан; 3) билип туруп жаш балага карата жасалганда, - беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. | 262-1-статья. Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди тартуу (1) Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегенди тартуу, - [беш жылдан сегиз] жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) күч колдонуп зомбулук кылуу же аны колдонуу коркунучу менен жасалган ошондой эле жосун, - [сегиз жылдан он] жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосун: 1) ата-эне же ага мыйзам менен жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттер жүктөлгөн башка адам, ошого тете ага мыйзам менен жашы жетпегендерге көзөмөлдү жүзөгө ашыруу милдеттери жүктөлгөн педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекемелердин башка кызматкерлери тарабынан; 2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан; 3) жаш балага карата жасалганда, - [сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.] |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 31-декабрындагы № 872 "Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө БУУнун конвенциясынын ченемдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.12.2012 · № 872
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-мартындагы №2907-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 14.03.2013 · № 2907-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 6-июнунун № 3182-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 06.06.2013 · № 3182-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 3051-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.04.2013 · № 3051-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон