# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 560
- Кабыл алынган күнү: 14.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93659>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15559/edition/708343/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93659.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-августундагы № 560 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" токтому (03.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93659

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 112 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-августу № 560 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин уюштуруу боюнча айрым чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 16, 2014-жылдын 17-декабры № 711 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишин өркүндөтүү жана оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматына өзгөртүп түзүлсүн.

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасынын укук улантуучусу болуп эсептелээри;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын бөлүмдөрүндө кызмат орундарды ээлөөгө талапкерлерди алгачкы тандоо Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат жөнүндө, ички иштер органдары жөнүндө мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында катардагы жана башкаруучу курамдын кызмат өтөөсү жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы жөнүндө жобого жана Аттестациялык-конкурстук комиссия жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен түзүлүүчү аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:

- белгиленген тартипте ачык конкурстук тандоо жолу менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматына андан ары кабыл алууну жүргүзсүн;

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-октябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июлундагы № 434 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-октябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-октябрындагы № 523 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-декабры № 711 токтомунун редакциясына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрили- гинин Жол-кайгуул кыз- матынын техникалык ба- гыттагы борбору мамле- кеттик ишканасы жана анын филиалдары └───────────────────────┘ ┌───────────────────────┐ "ЖККнын Адистештирилген монтаждоо- эксплуатациялык башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы жана анын филиалдары └───────────────────────┘ бөлүмдөрү └───────┬──────┘ V ┌──────────────┐ Райондордун, шаарлардын ички иштер бөлүмдөрүнүн алдындагы ЖККнын бөлүмдөрү, топтору | ┌─┤ ЖККнын ├───┬─\> \<──┤ └──────────────┘ \<──┘ башкармалыгы, \<─┘ | Борбордук └──────────────────┘ ┌──────────────┐ Ош шаарларынын ички иштер рынын, башкармалыктар ынын алдындагы ЖККнын | жетекчилиги ┌──────────────────┐ Облустардын жана Бишкек, органдарынын башкы башкармалыкта- | \<─┼─\> └──────────────────┘ ├─\> └──────────────────┘ | кызматынын саптык бөлүмү ┌──────────────────┐ Илимий-изилдөө | аппарат Жол-кайгуул бөлүмү |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
