# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 557
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.04.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93657>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15557/edition/422816/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93657.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.04.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 8-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (19.04.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93657

---

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 209 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 8-августу № 557 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы № 148 "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тартиби жөнүндө жобонун 6-пунктунун биринчи абзацында:

- "70" цифрасы "65" цифрасына алмаштырылсын:

- төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:

"Жогорку окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча уюштуруучу (уюштуруучулар) ректордун кызматында болуу мөөнөтүн ал 70 жашка чыкканга чейин узартууга укуктуу.".

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
