# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 547
- Кабыл алынган күнү: 06.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93649>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15549/edition/1165409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93649.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 547 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93649

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 6-августу № 547 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майындагы № 330, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94, 2022-жылдын 24-февралындагы № 95, 2022-жылдын 11-мартындагы № 131, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 287-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-майы № 330 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 316 "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү тууралуу декларацияларды берүү тартиби жөнүндө жободо:

- бүткүл текст боюнча "Мамагенттик" деген сөз "МСК" кыскартуусуна алмаштырылсын;

- 2-пунктта "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Мамагенттик)" деген сөздөр "Мамлекеттик салык кызматы (мындан ары - МСК)" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94, 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомдоруна ылайык күчүн жоготту)

4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
