Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Эл аралык аудитордук компанияларды тартуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 3-августу № 545 Эл аралык аудитордук компанияларды тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2117-V токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды сактоосун текшерүү жана изилдөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, ошондой "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун - "Кумтөр" долбоорунун иши боюнча эксперттик корутундуну өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына эл аралык аудитордук компаниялардын кызмат Көрсөтүүлөрүн бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы "Кумтөр" долбооруна экологиялык экспертизаларды жана долбоордук жана техникалык чечимдерине экспертизаларды (экологиялык жана кен-техникалык), юридикалык, экономикалык (социалдык-экономикалык) экспертизаларды жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө эл аралык аудитордук компаниялар менен келишимдерди түзсүн.
3. "Кыргызалтын" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтомунун 2-пунктунда каралган экспертизаларды жүргүзүү боюнча эл аралык аудитордук компаниялардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнү жүргүзсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-июнундагы №2117-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы №1642-V токтому менен түзүлгөн "Алтын казып алуу…Постановление · 27.06.2012 · № 2117-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу…Постановление · 03.07.2012 · № 465 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон