# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 544
- Кабыл алынган күнү: 03.08.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15546/edition/685843/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (16.11.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93646

---

КР Ѳкмѳтγнγнγ 2015-жылдын 16-ноябры № 771 токтомуна ылайык кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 3-августу № 544 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Бюджеттин киреше бөлүгүн камсыздоо жана мүлккө салык төлөө боюнча жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы № 720 "4-топтогу мүлк объекттерине маалыматтык эсептөөлөрдү берүү жана салык төлөө мөөнөтүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктундагы "учурдагы жылдын 1-августунан кеч эмес, бирок техникалык кароодон өткөнгө чейинки мезгил" деген сөздөр "учурдагы жылдын 20-августунан кеч эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын,

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 4-топтогу мүлк объекттери боюнча мүлккө салыктарды төлөө мөөнөтүнүн өзгөрүлгөндүгү жөнүндө салык төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
