# КР Ɵкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 535 "Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Ɵкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 535 "Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 535
- Кабыл алынган күнү: 02.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15537/edition/406008/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Ɵкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 535 "Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (02.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93637

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 2-августу № 535 Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын аныктоо жана калктын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө жетүүсүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча типтүү календардык план 2-тиркемеге ылайык.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

О.Бабанов

2-тиркеме

Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча

ТИПТҮҮ КАЛЕНДАРДЫК ПЛАН

| № | Иш-чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар |
| --- | --- | --- | --- |
| I. Уюштуруу иши |  |  |  |
| 1 | Үймө-үй анкеталоонун зарылдыгын негиздөө, райондун башчысы, шаардын мэри менен жолугушуу, маселелерди коюу. |  |  |
| 2 | Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жөнүндө чечимдерди даярдоо. |  |  |
| 3 | Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча шаарлардын, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, райондук билим берүү башкармалыктарынын, жашы жетпегендердин иштери боюнча инспекциялардын, райондук (шаардык) социалдык өнүгүү башкармалыктарынын жетекчилери менен инструкциялык кеңешме. |  |  |
| 4 | Жергиликтүү мамлекеттик администрацияга, шаардын мэриясына төмөнкүлөр берилет: - интервьюерлердин тизмеси (100 үй-бүлөгө 1 адам); - анкеталарынын зарыл саны тууралуу табыштамалар; - айыл өкмөттөрү, тиешелүү аймактык бирдиктер боюнча үймө-үй анкеталоо жүргүзүү боюнча жооптуу. |  |  |
| II. Окуу |  |  |  |
| 1 | Үймө-үй анкеталоону уюштурууга жана маалыматтарды иштеп чыгууга жооптуу адамдар менен семинар. |  |  |
| 2 | Үймө-үй анкеталоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жеке консультациялар. |  |  |
| III. Практикалык иш-чаралар |  |  |  |
| 1 | Табыштамаларга ылайык анкеталарды берүү. |  |  |
| 2 | Үй-бүлөлөрдү үймө-үй анкеталоо, анкеталарды толтуруу. |  |  |
| 3 | Үймө-үй анкеталоо жүргүзүү мезгилинде укуктук тартипти камсыз кылуу. |  |  |
| 4 | Айыл өкмөттөрү, тиешелүү аймактык бирдиктер, район боюнча анкеталарды иштеп чыгуу, интервьюерлер тарабынан анкеталоого талдоо жүргүзүү таблицаларын түзүү. |  |  |
| 5 | Анкеталоого талдоо жүргүзүү таблицаларын жана алгачкы анкеталарды райондук (шаардык) социалдык өнүгүү башкармалыктарына берүү. |  |  |
