Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 264 "О предельной штатной численности государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и иных государственных органов Кыргызской Республики, в том числе технического и обслуживающего персонала"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-августу № 595 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чараларын натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик мүлктү башкаруу, карамагына алуу жана менчиктештирүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 2-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Мүлктүк мамилелер башкармалыгы, Түндүк аймактык башкармалыгы жана Түштүк аймактык башкармалыгы мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго кошуу жолу менен өзгөртүп уюштурулсун.";
- 3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекитилген чыгашалар сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун каржылоосун жүзөгө ашырсын.";
- 2-тиркеме күчүн жоготту деп эсептелсин;
- жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесиндеги:
"Мүлктүк мамилелер башкармалыгы", "Аймактык органдар", "Түндүк аймактык башкармалык", "Түштүк аймактык башкармалык" позициялары күчүн жоготту деп эсептелсин; "ведомстволук бөлүмдөрүн жана аймактык органдарын" деген сөздөр "ведомстволук уюмдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жобого: бардык тексти боюнча "директор" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "төрага" деген сөзгө алмаштырылсын; 6-пункттун 3-пунктчасынын экинчи абзацындагы "ведомстволук бөлүмдөр жана аймактык органдар" деген сөздөр "ведомстволук уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;"
- 11 -пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"11. Фонддун төрагасы:
- Фонддун, анын борбордук аппаратынын жана ведомстволук уюмдарынын ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Фондго жүктөлгөн тапшырмаларды жана функцияларды аткарууга жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын ишканалары, мекемелери жана уюмдары, чет мамлекеттер менен мамилелерде Фонддун атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча өз ара иштешүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго кол коет;
- төраганын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт, Фонддун башка кызмат адамдарынын Фонддун компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруучулук, кадрлык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерин чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуусу боюнча статс-катчыга Фонддун компетенциясына кирген тармактык саясат маселелери боюнча функционалдык милдеттер жүктөлөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун ведомстволук уюмдарынын жетекчилерин дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун борбордук аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
- белгиленген чектик сандын чегинде Фонддун борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
- ведомстволук уюмдардын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашат;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Фонддун ишинин ички тартибин аныктайт;
- белгиленген тартипте өзгөчө айырмаланган мамлекеттик ишканалардын, мамлекеттик үлүштүн катышуусу бар чарбалык субъекттердин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
- Фонддун кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартип жазаларынын түрлөрүн колдонот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык Фонддун кызматкерлеринин эмгегине дем берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде буйруктарга жана тескемелерге кол коет жана чыгарат;
- Фонддун атынан ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун мүлкүн жана каражаттарын башкарат жана тескейт;
- мыйзамдарга ылайык Фонддун алдына коюлган маселелерди чечүү үчүн башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт";
12-пунктта: биринчи абзацтын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Фонддо курамына төрага (коллегиянын төрагасы), стат-катчы жана анын орун басарлары, ошондой эле кызматы боюнча Фонддун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген 7 адамдан турган Фонддун коллегиясы түзүлөт."; экинчи абзацтагы "ведомстволук бөлүмдөр жана аймактык органдар" деген сөздөр "ведомстволук уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын";
7-бөлүм күчүн жоготту деп эсептелсин;
16-пункттун тогузунчу абзацындагы "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык" деген сөздөр "мамлекеттик мүлктү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын техникалык жабдуу, түзүү, ишке киргизүү жана күтүү, мамлекеттик менчик объекттерди кайтаруу кызматына, кадрларды даярдоо жана дем берүү үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык саны жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтомдун 1-тиркемесиндеги 30-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "
| 30 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд | 93 |
└──┴────────────────────────────────────────────────────┴─────────────┘".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш…Постановление · 03.10.2017 · № 641
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 токтому менен…Положение · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк мамлекеттик ишканасынын Уставы (Кыргыз…Устав · 05.03.2004 · № 135 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун Мүлктүк мамилелер башкармалыгы жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын…Положение · 20.02.2012 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуПостановление · 01.04.2021 · № 128
Шилтеме берет (5)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-октябрындагы № 641 "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш…Постановление · 03.10.2017 · № 641
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 134 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.