# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 23-майындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 23-майындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 305
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93591>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15523/edition/1143894/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93591.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 23-майындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93591

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 23-майы № 305 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-февралындагы № 64 "Суу боюнча улуттук кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Суу боюнча улуттук кеңештин курамы бул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Тиркеме

Суу боюнча улуттук кеңештин

КУРАМЫ

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Улуттук кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.

Улуттук кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин башкы директору; Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору.
