# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 18-майындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 18-майындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 302
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/93590>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-15522/edition/400078/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/93590.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2012-жылдын 18-майындагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (18.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/93590

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 18-майы № 302 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялык тармагына түз инвестицияларды тартуу, мамлекеттик менчиктеги активдердин инвестициялык кызыктыруучулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 247 "Мобилдүү зымсыз байланыш жаатында ачык акционердик коом түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын 75 (жетимиш беш) пайызын түзгөн 750 (жети жүз элүү) жөнөкөй энчилүү акцияларын аукционго койсун.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте "КыргызМобайлКомпани" ачык акционердик коомунун уставдык капиталынын 75 (жетимиш беш) пайызын түзгөн 750 (жети жүз элүү) жөнөкөй энчилүү акцияларынын базардык наркын баалоону камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
