Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН «»Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 14-майы № 288 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңишинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы (макулдашуу боюнча) аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 30-берененин 5-бөлүгүндө "жүз" жана "эки жүз" деген сөздөр тиешелүү түрдө "эки жүз" жана "беш жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 27-глава төмөнкү редакцияда берилсин:
"27-глава Банк мыйзамдарына шек келтирген администрациялык укук бузуулар
357-берене. Банк операцияларын лицензиясыз жүзөгө ашыруу
Чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын кошо алганда, мыйзамда белгиленген тартипте берилген лицензиясыз банк операцияларын жүзөгө ашыруу, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
358-берене. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу
Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайтарып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардан акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу, - жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
359-берене. Банк мыйзамдарын бузуу
Банктардын же башка финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка адамдардын банк мыйзамдарынын жоболорун бузуусу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбоосу - банктардын же башка финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Банк иши жөнүндө маалыматтарды бербей коюу же өз учурунда бербөө же болбосо туура эмес маалыматты, отчетту же билдирүүлөрдү берүү - банктардын же финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка адамдарга эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн эки жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн бир миңге чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
360-берене. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жалган жарнамалоо
Эгерде мындай операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) банк лицензиясында каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банк операцияларын же банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды ачык таратуу кардарлардын адашуусуна алып келүүсү мүмкүн болсо же аларга зыян келтирсе же келтириши мүмкүн болсо, - банктардын же башка финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка адамдарга эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
361-берене. Төлөм балансы боюнча маалыматтарды бербөө
Иш жүзүндөгү жана болжолдуу төлөм балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалымат бербөө же өз убагынан кечиктирип берүү - банктардын же башка финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензия алышкан, жөнгө салынган же катталган башка финансылык-кредиттик мекемелерге эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салуу чарасы көрүлгөндөн кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке жана юридикалык жактар тарабынан ачылган эсептердин жана аманаттардын каттоодон өткөртүлбөшү жана алар боюнча отчеттордун берилбеши, ошого тете эле Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында мамлекеттин кепилдигисиз чет өлкөлүк кредиторлордон алынган кредиттердин жана займдардын каттоодон өткөрүлбөшү - жарандарга эсептик көрсөткүчтүн жүздөн эки жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
362-берене. Улуттук валютаны кабыл алуудан баш тартуу
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (банкнот жана монета) төлөөгө кабыл алуудан баш тартуу - эсептик көрсөткүчтүн элүүдөн жүзгө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
363-берене. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын сүрөттөлүштөрүн пайдалануу
Өзгөчө касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөттөлүштөрү) боюнча төлөм жүгүртүлүшүндө Кыргыз Республикасынын акча белгилеринин чыныгы купюралары катары кабыл алынышы мүмкүн болгондой Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун (монеталарынын) сүрөттөлүштөрүн же алардын бир же бир нече түстөгү кандайдыр бир жарым-жартылай даярдалышын пайдалануу жана көчүрүп жасоо, - укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз объектиси болгон предметти конфискациялоо менен, эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде банкноттогу сүрөттөлүштөр өтө чоңойтулган (130% дан кем эмес) же өтө эле кичирейтилген (70% дан кем эмес) өлчөмдө, ошондой эле жарык реклама түрүндө берилсе Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунда (монеталарында) түшүрүлгөн сүрөттөлүштөрдү бир же бир нече түстө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксатысыз көчүрүп жасоого жол берилет.
363-1-берене. Улуттук валютанын "ҮЛГҮ" ("образец") деп жазылган банкнотторун жүгүртүүгө чыгаруу
Улуттук валютанын "ҮЛГҮ" деп жазылган банкнотторунун үлгүлөрүн жүгүртүүгө чыгаруу,- "ҮЛГҮ" деп жазылган банкнотторду конфискациялоо жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өткөрүп берүү менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн миң өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салууга алып келет
3. 508-берененин 1-бөлүгү "363," деген цифрадан кийин "363-1," деген цифра менен толукталсын.
4. 531-берене төмөнкү редакцияда берилсин:
"531-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары ушул Кодекстин 357-362-беренелеринде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, анын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облустук башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери укуктуу.".
5. 556-1-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жыйырма алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Улуттук банк (363, 363-1-беренелер);".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасынын "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жөнүндө" токтом долбооруна карата
МААЛЫМДАМА-НЕГИЗДЕМЕ
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору жөнүндө" токтом долбоорун макулдашуу үчүн карооңуздарга сунуштайт. Нак чет өлкө валюталарын алмашуу рыногундагы анализдөөлөр бул сектордо жүргүзүлүп жаткан операциялардын ачык-айкындуулугуна жетишүү жана мыйзам актыларын бузууга жол берүү фактыларын азайтуу үчүн ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн эки багытын аныктап берген. Биринчи багыт - бул, Улуттук банктын конверсиондук операциялар рыногуна аралашуу талаптарын белгилеген ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ал эми экинчи багыт - бул, банк мыйзамдарын бузууга жол бергендиги үчүн шайкеш айыптык чараларды белгилөө Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү болжолдойт. Ушуну менен катар эле, аталган Кодекске банк ишин жөнгө салуучу мыйзам чөйрөсүндөгү бузуулардын бардык тизмеси боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Ушундан улам, Улуттук банк тарабынан, аталган Кодекске анын 27-главасында каралган укук бузуулар, б.а. банк иши чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулар үчүн айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатуу жагында өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоору даярдалган. Мындай сунуштарды киргизүү зарылчылыгы 1998-жылы Администрациялык жоопкерчилик Кодексин кабыл алган учурда белгиленген колдонуудагы айыптардын өлчөмү өз актуалдуулугун жоготкондугуна жана укук бузууларга бөгөт коюу функцияларын аткарбай калгандыгына байланыштуу келип чыккан. Тажрыйба көрсөткөндөй, Улуттук банк тарабынан Кодекстин 27-главасынын беренелери боюнча жоопко тартылган адамдар, укукка каршы аракеттерге дале жол берилип жаткандыгы орун алууда. Мындан тышкары, банк мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айыптардын негизсиз аз өлчөмдө белгилениши, күнөөкөр адамдарды жоопко тартуу үчүн Улуттук банктын Көзөмөл блогунун кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан олуттуу иштерди актабай келет. Мындай жагдай, жол берилген укук бузууларга карата колдонулган айыптардын Улуттук банк тарабынан аткарылган иштерге шайкеш эместигин мүнөздөйт. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө учурда орун алган айкын жайгдайлардан жана Кыргыз Республикасынын экономикалык абалынан улам, банктык мыйзам бузууларга администрациялык айыптык төлөм өлчөмдөрүн көбөйтүү жана такташтырууну карайт. Айыптык төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү жеке адамдардын жана юридикалык жактардын так иштөөсүнө түрткү берип, ошол аркылуу Улуттук банктын бул чөйрөдөгү көзөмөлдөө ишинин таасирдүүлүгүн күчөтөт. Сөзсүз жаза алуу принциби банк чөйрөсүндө жоопкерчиликти күчөтүп, ошондой эле Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын/өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилиги тарабынан тиешелүү региондордо администрациялык укук бузууларга жол берген адамдарга карата администрациялык чара көрүү укугун чегерет. Ушул мыйзамдын долбоору, Кыргыз Республикасынын "Укуктук ченемдик актылары" жөнүндөгү Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын расмий сайтында, 04.11.2011ж. http://www.nbkr.kg. дареги боюнча, "Банктар жөнүндөгү мыйзамдар. Талкулоо үчүн мыйзам долбоорлору" бөлүмүнө жайгашкан.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасы
З.Асанкожоева
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору боюнча
САЛЫШТЫРУУ ТАБЛИЦАСЫ
| Колдонуудагы редакция (редакцияланган жоболор карартылган шрифт менен белгиленген, алынып салынуучулар - сызылып коюлган) | Сунуш кылынган редакция (редакцияланган жоболор карартылган шрифт менен белгиленген, алынып салынуучулар - сызылып коюлган) |
|---|---|
| 30-статья. Айып Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет. Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат. Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет. Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн [жүз] өлчөмүнөн, ал эми кызмат адамдарына - [эки жүз] өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. | 30-статья. Айып Айып администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот (судья), ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алууну билдирет. Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат. Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын укук бузуулар аныкталган күнгө карата рыноктук баасы эсептелет. Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1 өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. Жарандарга салынуучу айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн ЭКИ ЖҮЗ өлчөмүнөн, ал эми кызмат адамдарына - БЕШ ЖҮЗ өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Юридикалык жакка салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. Укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес. |
| 27-глава Банк мыйзамдарына шек келтирген укук бузуулар 357-статья. [Банк ишин жүргүзүүнү лицензиясыз ээлөө Банк ишин жүргүзүүнү мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү лицензиясыз ээлөө - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Финансылык кредиттик мекемелердин банктык айрым операцияларды мыйзамдарда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз жүзөгө ашыруусу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш, кызмат адамдарына ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.] | 27-глава Банк мыйзамдарына шек келтирген укук бузуулар 357-берене. БАНК ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫЗ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ ЧЕТ ӨЛКӨ ВАЛЮТАСЫ МЕНЕН АЛМАШУУ ОПЕРАЦИЯЛАРЫН КОШО АЛГАНДА, БЕЛГИЛЕНГЕН МЫЙЗАМДЫК ТАРТИПТЕ БЕРИЛГЕН ЛИЦЕНЗИЯСЫЗ БАНК ОПЕРАЦИЯЛАРЫН ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУ, - ЖАРАНДАРГА - ЭСЕПТЕШҮҮ КӨРСӨТКҮЧТҮН ЭКИ ЖҮЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА - ЭСЕПТЕШҮҮ КӨРСӨТКҮЧТҮН БИР МИҢ ӨЛЧӨМҮНДӨ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА АЛЫП КЕЛЕТ. |
| 358-статья. Акча каражаттарын тийиштүү лицензиясыз тартуу Мыйзамда белгиленген тартипте берилүүчү тийиштүү лицензиясыз мөөнөттүүлүк, кайрып берүү жана төлөө шарттарында жеке же юридикалык жактардын акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуш кылуу - [эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.] | 358-берене. Акча каражаттарын тиешелүү лицензиясыз тартуу Мыйзамдык тартипте берилген тиешелүү лицензиясыз, мөөнөттүүлүк, убагында кайтарып берүү жана төлөөгө жөндөмдүүлүк шарттарында жеке адамдардан же юридикалык жактардан акча каражаттарын тартуу же тартууну ачык сунуштоо, - ЖАРАНДАРГА - ЭСЕПТЕШҮҮ КӨРСӨТКҮЧТҮН ЭКИ ЖҮЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ, ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАРГА - ЭСЕПТЕШҮҮ КӨРСӨТКҮЧТҮН БИР МИҢ ӨЛЧӨМҮНДӨ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА АЛЫП КЕЛЕТ. |
| 359-статья. [Банк мыйзамдарын бузуу Банктардын же финансылык-кредиттик мекемелердин кызмат адамдарынын банк мыйзамдарынын жоболорун бузуусу, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбоосу - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Банк иши жөнүндө дайыма маалымат бербөө же анык эмес маалымат, отчет же кабарларды берүү - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.] | 359-берене. Банк мыйзамдарын бузуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган ЖЕ КАТТАЛГАН банктардын же финансы-кредит мекемелеринин жана башка жактардын кызмат адамдары тарабынан банк мыйзамдарынын жоболорун бузуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдеттүү көрсөтмөлөрүн аткарбай коюу - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан ЖАНА иши ал тарабынан жөнгө салынган ЖЕ КАТТАЛГАН банктардын же финансы-кредит мекемелеринин жана башка жактардын кызмат адамдарына жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүнө, юридикалык жактарга - беш жүздөн бир миң эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып келет. Банк иши жөнүндө маалыматтарды бербей коюу же өз учурунда бербөө же болбосо такталбаган маалыматтардын, отчеттордун же билдирүүлөрдүн берилиши - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган ЖЕ КАТТАЛГАН банктардын же финансы-кредит мекемелеринин ЖАНА БАШКА ЖАКТАРДЫН кызмат адамдарына элүүдөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүнө, юридикалык жактарга - эки жүздөн бир миң эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып келет. |
| 360-статья. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жалган жарнамалоо Эгерде мындай операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) банк лицензиясында каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банк операцияларын же банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды ачык таратуу кардарлардын адашуусуна алып келүүсү мүмкүн болсо же аларга зыян келтирсе же келтириши мүмкүн болсо, - [банктын кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.] | 360-статья. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жалган жарнамалоо Эгерде мындай операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) банк лицензиясында каралбаса, жүргүзүлүп жаткан банк операцияларын же банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды ачык таратуу кардарлардын адашуусуна алып келүүсү мүмкүн болсо же аларга зыян келтирсе же келтириши мүмкүн болсо, - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган ЖЕ КАТТАЛГАН банктардын же финансы-кредит мекемелеринин ЖАНА БАШКА жактардын кызмат адамдарына жүздөн эки жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүнө, юридикалык жактарга беш жүздөн бир миң эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып келет. |
| 361-статья. Төлөм балансы боюнча маалыматтар бербөө [Факты жүзүндөгү жана болжолдуу төлөм балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөрдүн курамы боюнча маалымат бербөө же өз убагынан кечиктирип берүү - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын чектеринен тышта ачылган эсептерди жана аманаттарды каттабоо - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон он беш, кызмат адамдарына жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.] | 361-статья. Төлөм балансы боюнча маалыматтар бербөө Айкын жана болжолдуу төлөм балансын түзүү үчүн көрсөткүчтөр курамы боюнча маалыматтардын берилбеши же өз учурунда берилбеши, - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган ЖЕ КАТТАЛГАН банктардын же БАШКА финансы-кредит мекемелеринин кызмат адамдарына элүүдөн жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып келет. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык чара колдонгондон кийинки жыл ичинде кайталанса, - жүздөн эки жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салынышына алып келет. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан ачылган эсептердин жана аманаттардын каттоодон өткөртүлбөшү жана алар боюнча отчеттордун берилбеши, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында мамлекеттик гарантияларсыз чет өлкө кредиторлорунан алынган кредиттердин жана займдардын каттоодон өткөрүлбөшү - жарандарга жүздөн эки жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүнө, юридикалык жактарга - эки жүздөн беш жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки администрациялык айыптын салынышына алып келет. |
| 362-статья. Улуттук валютаны кабыл алуудан [негизсиз] баш тартуу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын төлөөгө кабыл алуудан [негизсиз] баш тартуу - [эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.] | 362-берене. Улуттук валютаны кабыл алуудан БАШ ТАРТУУ Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын (банкнотторду жана монеталарды) төлөөгө кабыл алуудан БАШ ТАРТУУ - ЭЛҮҮДӨН ЖҮЗ эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки администрациялык айыптын салынышына алып келет. |
| 363-статья. [Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын пайдалануу менен жарнамалоо Өздөрүнүн касиеттери (өлчөмү, түсү, сүрөтү) боюнча төлөөдө колдонууда Кыргыз Республикасынын акча белгилеринин чыныгы купюралары катары кабыл алынышы мүмкүн болгондой банкноттордун сүрөттөрүн же алардын сүрөттөрүнүн кандайдыр бир жарым-жартылай даярдалышын (бир же бир нече түстөгү) пайдалануу, - укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз объектиси болгон буюмзатты конфискациялоо менен эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык айып салынгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде банкноттун сүрөтү өтө чоңойтулган (130%тен кем эмес) же өтө кичирейтилген (70%тен кем эмес) көлөмдө, ошондой эле жарык реклама түрүндө берилсе, ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын расмий уруксатысыз эле улуттук валютанын бир же бир нече түстөрдө сүрөттөлүшүн жасоого жол берилет. | 363-берене. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ВАЛЮТАСЫНЫН СҮРӨТТӨЛҮШТӨРҮН ПАЙДАЛАНУУ Өзгөчө мүнөздөмөлөрү (өлчөмү, түсү, түшүрүлгөн сүрөттөлүштөрү) боюнча төлөм жүгүртүлүшүндө Кыргыз Республикасынын акча белгилеринин анык купюралары катары кабыл алынышы мүмкүн болгондой банкноттордогу (монеталардагы) сүрөттөлүштөрдү же алардын кандайдыр бир жарым-жартылай даярдалышын пайдалануу жана көчүрүп ЖАСОО, - укук бузууну жасоонун куралы же түздөн-түз объектиси болгон буюмзатты конфискациялап, ЖҮЗДӨН БЕШ ЖҮЗ эсептик көрсөткүч өлчөмүнө чейинки администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Эгерде банкноттогу сүрөттөлүштөр өтө чоңойтулуп (100% дан кем эмес) же өтө эле кичирейтилген (70% дан кем эмес) өлчөмдө, ошондой эле жарык реклама түрүндө берилсе, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунда (монеталарында) түшүрүлгөн сүрөттөлүштөрдү бир же бир нече түстө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий уруксатысыз көчүрүп жасоого жол берилет. |
| 363-1-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫН БЕТИНДЕ "ҮЛГҮ" ("ОБРАЗЕЦ") ДЕП ЖАЗЫЛГАН БАНКНОТТОРУН ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРУУ УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫН БЕТИНДЕ "ҮЛГҮ" ("ОБРАЗЕЦ") ДЕП ЖАЗЫЛГАН БАНКНОТТОРУН ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРУУ,- МЫНДАЙ ҮЛГҮДӨГҮ БАНКНОТТОРДУ КОНФИСКАЦИЯЛАП, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНА ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ АРКЫЛУУ ЭКИ ЖҮЗДӨН МИҢ ЭСЕПТИК КӨРСӨТКҮЧ ӨЛЧӨМҮНӨ ЧЕЙИНКИ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК АЙЫП САЛУУГА АЛЫП КЕЛЕТ. | |
| 508-статья. Судьялар Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 57-64, 66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, 92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151-157-статьяларында, 228-статьянын экинчи бөлүгүндө, 230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 232-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьянын биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, 240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьянын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 250-статьяларында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3-статьяларында, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, 339-345, 346-1, 354, 363, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 400-1 400-2-статьяларында, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420,422, 422-1-422-4, 454, 464,466-468,476, 505-1-505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт. Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505, 505-17-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат. | 508-статья. Судьялар Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 57-64, 66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, 92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151-157-статьяларында, 228-статьянын экинчи бөлүгүндө, 230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 232-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө, 234-статьянын биринчи бөлүгүндө, 235-статьянын бешинчи бөлүгүндө, 238-статьяда, 240-статьянын үчүнчү бөлүгүндө, 241-статьянын биринчи, үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 250-статьяларында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3-статьяларында, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, 339-345, 346-1, 354, 363, 363-1, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 400-1 400-2-статьяларында, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420,422, 422-1-422-4, 454, 464,466-468,476, 505-1-505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт. Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505, 505-17-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат. |
| 531-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын органдары ушул Кодекстин 357-362-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. [Администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык жаза чарасын көрүүгө Улуттук Банктын төрагасы жана анын орун басары укуктуу.] | 531-берене. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын органдары ушул Кодекстин 357-362, ЖАНА 363-1-беренелеринде каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ ИШТЕРДИ КАРООГО ЖАНА АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАЗА ЧАРАСЫН КӨРҮҮГӨ УЛУТТУК БАНКТЫН ТӨРАГАСЫ, АНЫН ОРУН БАСАРЛАРЫ ЖАНА ОБЛАСТТЫК БАШКАРМАЛЫКТАРДЫН/ӨКҮЛЧҮЛҮКТӨРДҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ УКУКТУУ. |
| 556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары 1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: 1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары: прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1-статьялар, 400-статьянын экинчи бөлүгү, 404, 406, 409-1-статьялар); ... Улуттук банк (363-статья); ... 2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу; 3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу. 2. Ушул Кодекстин 509-546-3-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу. 3. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укугу бар кызмат адамдарынын тизмеги мыйзамдарда көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн милдеттер менен иш-милдеттерге ылайык мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жараша белгиленет. | 556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары 1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: 1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары: прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1-статьялар, 400-статьянын экинчи бөлүгү, 404, 406, 409-1-статьялар); ... Улуттук банк (363, 363-1-статьялар); ... 2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу; 3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу. 2. Ушул Кодекстин 509-546-3-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу. 3. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укугу бар кызмат адамдарынын тизмеги мыйзамдарда көрсөтүлгөн органдарга жүктөлгөн милдеттер менен иш-милдеттерге ылайык мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына жараша белгиленет. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 3-октябрындагы № 2335-V "2012-2013-жылдарга V чакырылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.10.2012 · № 2335-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 11-октябрындагы № 2367-V "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 11.10.2012 · № 2367-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166